Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:38

"Ислам мамлекети" уюмунда 150 казак аял бар


Расмий Астананын соңку маалыматына ылайык, Сирия жана Ирактагы “Ислам мамлекети” радикалдык уюмунун катарында 300дөй казакстандык бар. Алардын дээрлик жарымы аялдар.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Нуртай Абыкаев Сирия жана Ирактагы "Ислам мамлекети" радикал уюмунун катарында согушуп жүргөн казак жарандарынын саны 300гө жеткенин жана алардын жарымын аялдар түзөөрүн айтты. Алтургай алардын "Казак жамааты" деген тобу да бар.

Өлкөнүн башкы чекисти мындай билдирүүнү жакында эле Казакстандын баш калаасы Астанада өткөн КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук жана атайын кызматтарынын башчыларынын кеңешинде жасады.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Нуртай Абыкаев
Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Нуртай Абыкаев

- Биринчиден, башкы маселе - элдин агымын токтотуу. Экинчиден, ал жактан кайтып келгендер менен кандай иш алып барууну чечүү керек. Биз башка өлкөлөрдүн коопсуздук күчтөрү менен иштешип, өз тажрыйбабыз менен бөлүшүп жатабыз.

Абыкаев “Ислам мамлекети” радикал уюмуна кошулууга жөнөп жаткандардын агымын токтотуу чаралары күчөтүлгөнүн билдирди.

Абыкаев Казакстан өз жарандарынын Сирия жана Иракка кетүүсүнө бөгөт коюу үчүн мыйзамга тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү каралып жатканын кошумчалады.

Атайын кызматтардын билдиргенине караганда, Казакстанга гана эмес, жалпы КМШ өлкөлөрүнө атайын адамдар келип, жаштарга радикалдык көз караштарды таңуулап, экстремисттик ишмердүүлүккө тартып, андан соң “Ислам мамлекети” сыяктуу радикал уюмдардын согуштук аракеттерине катышуу үчүн жөнөтүп жатышат. Ошол эле маалда көптөгөн жаштар интернет аркылуу радикалдашууда.

Андрей Новиков - КМШга кирген өлкөлөрдүн антитеррордук борборунун жетекчиси.

- Ирак, Сирия, Ооганстан, Пакистан аймагына жөнөп жаткан ашынган радикалдардын саны азайбай эле көбөйүп жатат. Эми алдыбыздагы башкы маселе - алардын согуш талааларына кетип жаткан жолдорун изилдөө эмес, аларды өз мекенине кайтарып келүү жана ал жактан топтогон тажрыйбасын нейтралдаштыруу.

Новиков мамлекеттер ушундай оор сыноого туруштук берүүгө даяр турушу керектигин баса белгиледи.

Досым Сатпаев - казакстандык саясат таануучу
Досым Сатпаев - казакстандык саясат таануучу

Казакстандык саясат таануучу Досым Сатпаевдин айтымында, мурда жихадга жөнөгөндөрдүн басымдуу бөлүгү билимсиз, жумушсуз же криминалдык чөйрөгө байланышы бар адамдар болсо, азыр таптакыр андай эмес.

- Азыр байкоолор көрсөткөндөй, экстремисттердин жана террористтердин катарында билимдүү адамдар көбөйдү. Шаардыктар көп. Сирия же Иракка кеткендердин арасында алматылыктар бар. Сатпаев, Жезказган шаарларынан кеткендерди угуп жатабыз.

Сирия жана Ирактагы “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун катарында сексенден ашык өлкөнүн жарандары согушуп жүргөнү айтылууда. Эксперттер согушкерлер өз мекендерине кайтып барса, глобалдык террордук коркунучтун географиясы кыйла кеңейээрин эскертишет.

Соңку маалыматтар боюнча Сирияга жихадга кеткен кыргызстандыктардын саны 175ге жетти, арасында кыз-келиндер да бар. Алардын онго жакыны согуш талааларында жок болду. Кыргызстандык адистердин баамында, Сирияга кеткендердин 90% Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунун тургундары.

Расмий Дүйшөмбү билдиргендей, ушул тапта "Ислам мамлекети" радикал уюмдун катарында согушуп жүргөн тажик жарандарынын саны 200дөн ашты. Ал эми бейрасмий маалыматтар боюнча алардын саны 600дөн 900гө чейин экени айтылат.

“Ислам мамлекети” радикал уюмунда жүргөн борбор азиялыктардын көбүн өзбекстандык жарандар түзөт. Ар кандай маалыматтар боюнча алардын саны бир нече миңге чамалап барат.

XS
SM
MD
LG