Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:26

Казакстан: кумсаларды колдогон чечим


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Укук коргоочулар Казакстандын Конституциялык кеңешинин "кумсалыкты пропагандалоого каршы жобо мыйзамга каршы келет" деген чечимин өлкөнүн Олимпиада өткөрүү мүдөөсү үчүн оң жышаана катары баалашууда.

Эксперттер мыйзам долбоору Орусиядагы мыйзамга үндөш дешет.

Казакстандын Конституциялык кеңеши “Жашы жетелек балдарды ден соолукка жана өнүгүүгө доо кетирген маалыматтан коргоо” боюнча мыйзам долбоорун жана тиешелүү бир нече мыйзам актыларын карап, алар өлкөнүн конституциясына каршы келет деген бүтүм чыгарды.

Кеңеш “мыйзамдын айрым жоболору юридикалык жактан алганда туура эмес түзүлгөн”, башкача айтканда “алар колдонсо, адамдын конституциялык укуктары менен эркиндиктери бузулушу ыктымал” деген көз карашын билдирген.

Мыйзам долбоорун иштеп чыккан жумушчу топтун жетекчиси, Мажлистин депутаты Алдан Смайыл документ толуктоолор менен өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин кабыл алынаарын “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысына айтты.

“Жашы жетелек балдарды ден соолукка жана өнүгүүгө доо кетирген маалыматтан коргоо” боюнча мыйзам долбоорун казак парламентинин төмөнкү палатасы – Мажлис 2013-жылы жактырган. Ошондо мыйзам чыгаруучу Алдан Смайыл жумушчу топтор менен коомдук уюмдар тарабынан бир жылча талкууланган долбоор балдарга жаш курагына жараша кандай мазмундагы маалымат продукциясын сунуш кылыш керектигин аныктоону максат кылат деп түшүндүргөн.

Эксперттердин айтымында, “салтуу эмес сексуалдык багытты пропагандалоого тыюу салган” мыйзам долбоору мындан эки жыл мурун Орусияда кабыл алынган мыйзамдан айрымаланбайт. Ал жобо эл аралык коомчулуктун катуу сынына кабылган эле.

Орусия жана коңшу өлкөлөрдөгү сексуалдык азчылыктардын укуктарын коргогон Human Rights First уюму Казакстандын Конституциялык кеңешинин чечимин кубаттады. Укук коргоочулар бул кадам өлкөнүн 2022-жылкы кышкы Олимпиаданы өткөрүү укугун жеңип алууга өбөлгө түзүшү мүмкүн дешет.

Үстүбүздөгү жылдын май айында спортчулардын тобу Эл аралык Олимпиада комитетине кайрылып, "салттуу эмес сексуалдык багытты пропагандалоого тыюу салган" мыйзам долбоорун чакыртып алууга таасир этүүгө үндөгөн.

27 спортчу комитеттин төрагасы Томас Бахты дискриминацияга жол бербөө принцибинин сакталышын камсыздоого чакырышкан. Кайрылуу сексуалдык азчылыктарды спортто кемсинтүүгө каршы иш алып барган сопртчулар Союзу тарабынан даярдалган.

2022-жылкы Кышкы Олимпиаданы өткөрүү укугу үчүн Алматы жана Кытайдын эки шаары күрөшүп жатат. Жеңүүчү быйыл 31-июлда Куала-Лумпурда аныкталмакчы.

XS
SM
MD
LG