Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:25

Казакстанда атомдук станция курулат


Атомдук станция Курчатов шаарына курулат. (Архивдик сүрөт)
Атомдук станция Курчатов шаарына курулат. (Архивдик сүрөт)

Астана менен Москва Казакстанда атомдук станция куруу боюнча меморандумга кол койду. Казакстандыктардын айрымдары бул планды колдошсо, кээ бирлери каршы пикирде.

29-майда Орусиянын «Росатом» жана Казакстандын «Казатомпром» компаниялары Казакстан аймагында атомдук станция куруу боюнча кызматташуу жөнүндөгү меморандумга кол коюшту. Интерфакстын маалыматына ылайык, станция күнүнө 300дөн 1 миң 200 мегаваттка чейин энергия өндүрмөкчү.

Орусиянын технологиясы боюнча салына турган станция Курчатов шаарына жайгаштырылат. СССР убагында ал шаар Семипалатинсктеги атомдук комплекстин борбору болуп келген. Ишкананын качан бүткөрүлөөрү маалымдалган жок. Өлкө дүйнөдөгү урандын 25 процентинен көбүн өндүрөт.
АЭС куруу боюнча көчө сурамжылоо
АЭС салууга кандай карайсыз?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:15 0:00


Эколог Мелс Елеусизов өлкө атомдук станциясыз эле оокат кыла алат деп эсептегендердин бири. «Азаттыктын» Алматыдагы кабарчысы Макпал Мукандын суроолоруна жооп берип жатып, ал андай ишкананын зыяны тууралуу ойлору менен бөлүштү.

please wait

No media source currently available

0:00 0:01:25 0:00
Түз линк



Ал эми «Энергетика» журналынын редактору Николай Кулопаев эртели кечтир АЭС курууга туура келээрин белгилейт:

- Энергиянын алтернативалуу булактары энергияга болгон муктаждыктын көп болсо бир, жарым процентин жабат. Бизге көп электр энергия керек. Баары бир масштабдуу бир ишкана курулууга тийиш. Суу ресурстары болсо Казакстанда аз. Кичи дарыялар абалды оңдой албайт. Албетте, жылуулук станцияларын салса болот. Бирок мен бир нече жолу жазгандай, Алматыдагы Экинчи ТЭЦке эле күнүнө канчалаган эшалон көмүр тартып келишет. Анан андан канчалаган күл, көмүр кычкылы өңдүү уулу заттар бөлүнүп чыгат.

XS
SM
MD
LG