Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:09

Казакстан: тышкы саясат шайлоого таасирин тийгизет


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жана Кытайдын лидери Ху Цзинтао.
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жана Кытайдын лидери Ху Цзинтао.

23-февралда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев үч күндүк иш сапары менен Кытайга келди. Сапар маалында Назарбаев Кытайдын лидери Ху Цзинтао менен жолугушуп, экономикалык кызматташтык тууралуу сөз болоору күтүлүүдө.

Кытайдын банктары Артырауда курула турган кара май иштетчү соот менен Астанадан Алматыга дейре курулуучу темир жол долбоорунун чыгымын көтөргөнү жатканы маалым болду.

Казакстанда 3-апрелге белгиленген президенттик шайлоого даярдык күч алды. Нурсултан Назарбаевден сырткары президенттик кызмат үчүн дагы он талапкер ат салышууда.

Нурсултан Назарбаев Казакстандын жогорку бийлигинде 1989-жылдан бери отурат. Жыл башында Назарбаевдин президенттик мөөнөтүн 2020-жылга чейин узартуу демилгеси көтөрүлүп, анын тарапкерлери референдум өткөрүүнү сунуш кылышты. Бирок мындай демилгени Конституциялык Сот четке какты. Ошондон кийин Назарбаев мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү тууралуу буйрукка кол койду.

Президенттик орун үчүн ат салышкандардын бири – “Табигат” биримдигинин төрагасы Мэлс Елеусизов. Ал шайлоого жеңиш үчүн эмес, катышуу үчүн гана барып жатканын айтат:

- Өлкөдө саясий жагдайды мен жакшы түшүнөм. Административдик ресурс деген эмне экенин билем. Ошого карабай шайлоого катышууну чечтим. Себеби Казакстанда табыйгатты коргоо колго алынбаганын калкка билдирип коюуну чечтим.

Башка талапкерлер да Назарбаев кайрадан президент болуп шайланышынан күмөн санашпайт.

Ал арада Нурсултан Назарбаев 23-февралда Бээжинге иш сапары менен келди. Сапар алдында Назарбаев Казакстанда иштөөгө кызыкдар миңдеген кытайлык компанияларга кол булгай, Кытайдын “Синхуа” маалымат агенттиги аркылуу аларга ыраазылыгын билдирди. Талдоочулар бул шайлоого таасирин тийгизерин белгилешет.

Казакстандык саясий талдоочу Николай Кузьмин узак мөөнөттүү тыгыз кызматташтык, өлкөдөгү ички абалдын туруктуу болушу шайлоочуларды кызыктырат деген пикирде:

- Бийликте мурдагыдай эле Нурсултан Назарбаев калат. Саясий жана экономиканын багыты белгилүү. Бул болсо казакстандыктардын жана Казакстандын өнөктөштөрүнүн көңүлүнө жагат.

The New Үork Times Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан эгемендүүлүккө жеткени менен бул өлкөлөрдө таасирин арттыруу максатында Кытай, Орусия жана АКШ ортосунда атаандаштык күч алганын белгилейт.

XS
SM
MD
LG