Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:36

Назарбаев: Казакстанда мындай кризис болгон эмес


Нурсултан Назарбаев Алмазбек Атамбаев менен жолуккан учур. Ысык-Көл, 12-август, 2015 -жыл.
Нурсултан Назарбаев Алмазбек Атамбаев менен жолуккан учур. Ысык-Көл, 12-август, 2015 -жыл.

Казак өкмөтү теңгенин алмашуу курсун эркин койо берди. Бүгүнкү соодада ал отуз пайызга жакын арзандап кетти. Кечээ президент Нурсултан Назарбаев министрлер кабинети менен өткөргөн жыйында кризис казак экономикасынын бардык секторлорун каптаганын моюнга алып, өкмөттү ыкчам чараларды көрүүгө чакырды. Казакстандагы кризистин таасири Кыргызстанга да тиет.

Казак теңгесинин америкалык долларга карата катнашы бүгүн 26%га арзандап, бир доллардын сатыктагы курсу 255 теңгеге чейин чыкты. Мунун алдында валюта базарындагы бүгүнкү соода 188 теңге менен башталган эле. Кечээ болсо теңге наркын беш пайызга жакын жоготуп, бир доллардын сатыктагы курсу 198 теңге менен аяктаган.

Теңгенин бүгүнкү чукул девальвациясы премьер-министр Карим Масимовдун өкмөт жана Улуттук банк эми жаңы монетардык саясат киргизери жөнүндөгү жарыясынан кийин болду. Башкача айтканда Казакстан бүгүнтөн тарта теңгенин алмашуу курсун эркин койо берди.

Буга чейин казак Улуттук банкы алмашуу курсу үчүн белгилүү бир коридорду кармап келчи.

Маселен быйыл 15-июлдан тарта теңгенин америкалык долларга карата курсу өйдө-ылдый болуп туруучу ортолук 170-198 теңгеге чейин деп белгилеген эле.

Теңгенин бир күндө азыркыдай нарксыздануусу акыркы ирет 2014-жылдын февралындагы расмий девальвацияда болгон. Анда Казакстандын Улуттук банкы теңгени 20%га атайлап арзандаткан.

Эксперттер теңгенин девальвациясы күтүлгөн нерсе экенине көңүл бурушууда.

Алматылык илимпоз, экономика илимдеринин доктору Магбат Спанов “Азаттык” менен маегинде буларга токтолду:

- Акыркы жарым жылда Казакстанда девальвация боюнча чоң талкуулар жүрүп келет. Биздин ишкерлерибиздин көбү Орусияны көргөзүшүп, продукциябыз атаандаштыкка жарамсыз экенин айтып, Орусия менен өзгөчө тамак-аш, чийки зат өндүрүшүндө атаандаштыкка туруштук берүү үчүн тенгени нарксыздандырууну сунуш кылып келишкен. Адамдардын бир бөлүгү биз орус девальвациясынын артынан кете албайбыз, анда өз улуттук экономикабызды башкаруу аспабын жоготобуз дешсе, экинчилери тескерисинче Орусиядагы акча-кредит саясатына таянып, иш кылуубуз керек деп санашат. Азыркы баскычта биз Орусиянын экономикалык саясатын туурашыбыз керек дегендердин көз карашы жеңгендей.

Эгер, казак Улуттук банкы теңгенин курсун жасалма кармоодон баш тартып жатса, бул эки себептен болушу мүмкүн.

Теңгенин 19-августагы курсу. Алматы шаарындагы акча алмаштыруучу жай.
Теңгенин 19-августагы курсу. Алматы шаарындагы акча алмаштыруучу жай.

Атайылап жасалган саясат же теңгенин нарксызданышы социалдык чыңалуу жаратарына карабай өлкөнүн валюта корун коротпоо аргасы.

Расмий маалыматтарга караганда, Казакстандын Улуттук банкынын валюта кору 29 миллиард долларга барабар, мындан сырткары өлкөнүн Улуттук корунда 70 миллиард доллардай акча бар.

Казак теңгесинин азыркы нарксыздануусу өлкөнүн негизги экспорттук товары - мунайдын дүйнөлүк баасы 50 доллардан төмөндөп, рублдин куну кетиши уланып, ага катар Астананын башкы соода өнөктөштөрүнүн бири Кытай да юанды девальвациялаган учурга келди.

Азыр каржылык эмес, секторалдык кризис. Казакстандын өнөр-жай ишканаларынын баарына, дээрлик баарына тийди. Бизде мындай болгон эмес.

Президент Нурсултан Назарбаев өзү 19-августта өкмөт мүчөлөрү менен өткөргөн жыйында экспорттук киреше азайып, казак экономикасынын мунайдан башка секторлору да кризиске кептелгенин моюнга алды:

- Мунай менен металлдын арзан баасы эксперттердин айтымында, кеминде беш жылга чейин сакталат. Экинчиден, биз сыяктуу өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн инвестицияга жана капитал базарына жетүү кыйла чектелет. Үчүнчүдөн, Казакстандын продукциясына биздин негизги өнөктөштөрүбүз, биринчи кезекте Орусия менен Кытайдан суроо-талаптын азайышы базарыбызды кыскартууда жана бул да узакка созулчудай. Азыр каржылык эмес, секторалдык кризис. Казакстандын өнөр-жай ишканаларынын баарына, дээрлик баарына тийди. Бизде мындай болгон эмес. Азыр такыр башкача мамиле зарыл. Мурда чыгып кеткендей эле биз бул кырдаалдан да чыга алабыз деп ишенем.

Президент Назарбаев казак өкмөтүн кризиске каршы ыкчам чараларды көрүүгө чакырды. Быйылкы жети айдын жыйынтыгы менен Казакстанда улуттук дүң өндүрүштүн өсүшү 1,5% төмөндөдү. Эксперттердин болжолунда, эгер мунайдын жылдык орточо баасы 50 доллардын тегерегинде калса, казак экономикасы быйыл өспөй, былтыркы эле деңгээлде калат.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG