Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:01

Назарбаев: Украинадай убайым тартып калбайлы


Кызыл-Ордо шаарындагы жер сатууга каршылардын нааразылык акциясы, 1-май, 2016
Кызыл-Ордо шаарындагы жер сатууга каршылардын нааразылык акциясы, 1-май, 2016

Казакстанда жер сатууга жана чет элдиктерге ижарага берүүгө каршы акциялар 1-май – Эл биримдиги күнүндө да уланды.

Жүздөгөн адам катышкан мындай нааразылык акциялар узаган жума ичинде өлкөнүн бир канча шаарларында өткөн эле. Президент Нурсултан Назарбаев кечээги майрамдык куттуктоосундо элди биримдикке чакырып, ынтымагы жок эл Украинадагыдай абалга туш болорун эскерте кетти.

Коңшу өлкөдө 1-май - Эл биримдиги деген аталыштагы майрам катары белгиленип, шаң-салтанат менен коштолот. Кызыл-Ордо шаарынын борбордук аянтындагы майрамдык иш-чара жер сатууга каршылардын нааразылык акциясы менен уланды. Жер сатууга жана ижарага берүүгө каршы талаптар менен чыккан ондогон адамды калканчан полиция кызматкерлери аянттан сүрүп чыгарып салды. Мындан соң жергиликтүү бийлик башчыларынын сунушу менен нааразылардын бир тобу облустук драма театрдын ичине кирип, бийлик өкүлдөрү менен жолугушту.

Алар облус акиминин орун басары Серик Кожониязов баштаган бийлик өкүлдөрүнө “жер элдин менчиги болгондуктан анын тагдырын эл менен бирге чечүү керек” деген талаптарын айтышты.

Облус башчынын орун басары жер чет элдиктерге менчикке берилбесин, эгер ижарачы жерди жакшы иштетпесе мамлекет кайра кайтарып аларын түшүндүрдү. Ушундай бир саатка жуук талаш-тартыштан соң нааразы топ тарап кетти.

Жаңы-Өзөн шаарында да бул күнү бир канча адам ушундай эле талап менен чыккан. Алардын бир тобун полиция кармап кетип, кийинчерээк митингге чыккандардын талабы менен бошоткон. Шаар акими митингчилерге мыйзамсыз жыйынга чогулганын, бул үчүн атайын жазма өтүнүч менен кайрылуу керектигин айткан. Топтолгондор 21-майда митингге чыгарын айтканда, “жазуу түрүндө кайрылгыла, карап көрөбүз” деген жооп болду.

Эл биримдиги майрамы баш калаа Астана менен Алматы шаарында коопсуздук чаралары күчөтүлгөн тартипте өттү.

Президент Нурсултан Назарбаев майрамдык куттук сөзүндө өлкө эгемендик алган 25 жыл ичиндеги жетишкендиктерди айтып, элди биримдикке чакырды:

Алматыда эл алдында сүйлөгөн президент Назарбаев биримдиги жок элден береке качарын айтып, Украинадагы абалды эске сала кетти: “Украина бир кезде Советтер Союзундагы экинчи чоң өлкө болчу. Азыр экономикасы Казакстандыкынан эки эсе кем. Анткени эл арасында ынтымак жок, уруш-талаш, жаңжал менен убара".

Казакстанда 24-апрелден бери жер сатууга каршы нааразылык акциялары өтүп келатат. Уруксат берилбеген мындай митингдер буга чейин Атырау, Актөбө, Семей жана башка шаарларда өткөн.

Мындай нааразылыктардан улам президент Назарбаев жер чет элдиктерге сатылат деген жалган маалымат таратып, элди козуткандарды мыйзамга ылайык жазалоо керектигин, чет элдиктерге жер сатуу маселеси жоктугун жана ал талкууланбасын билдирген. Бирок ага карабай нааразылык акциялар уланууда.

Бул кошуна өлкөдө 1-июлдан тарта күчүнө кирчү мыйзамдык өзгөртүүлөр айыл чарба жерлерин узак мөөнөткө сатууга жана чет элдик жарандарга 25 жылга ижарага берүүгө жол ачканы турат.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG