Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:07

Казакстанда митингге чыккандар камалды


Республика аянтына митингге чыккандарды полиция кармап жатат. Алматы. 21-май, 2016-жыл
Республика аянтына митингге чыккандарды полиция кармап жатат. Алматы. 21-май, 2016-жыл

21-майда Казакстанда митингге чыккандарды полиция күчкө салып кармап кетти. Кармалгандар арасында "Азаттыктын" казак кызматынын журналисттери да болгон. Кечке жуук журналисттер бошотулду.

Жалпысы болуп, 21-майда “Азаттыктын” казак кызматынын тогуз кабарчысы кармалган. Баары полиция бөлүмүнө барып, түшүнүк кат жазышкан соң, бошотулган. Алардын дээрлик баарынын кол телефондорундагы бүгүнкү тартылган сүрөт, видеолору өчүрүлгөн.

"Биз менен полиция бөлүмүнө жүрүңүз"

21-майда түшкө жуук “Азаттыктын” казак кызматынын эки кабарчысы Асылхан Мамашулы менен Вячеслав Половинко Алматы шаарында кармалды. Асылхан Мамашулыны шаардын «Сары-Арка» кинотеатрынын артынан кармап кетишкен. Аталган кинотеатрдын алдында жердин чет элдиктерге берилишине каршы митинг болмок. Аны менен кошо «Жас Алаш» басылмасынын кабарчысы да кармалган.

Ал эми Вячеслав Половинко Республика аянтына жакын жерден кармалган. Ал жерде полиция митингге келген жарандарды да кармап, шаардык 16-каттамдагы автобуска салып, райондук ички иштер башкармалыгына алып барган. Половинко түшүнүк кат жазгандан кийин бошотулган.

Түш ченде “Азаттыктын” дагы бир кабарчысы Нуртай Лаханулы кармалды. Анын алдында эле дагы бир кабарчы Касым Аманжолулын да полиция кармап, кайра кое берген.

Уральск шаарында акимчиликтин жанынан “Азаттыктын” кабарчысы Санар Урналиев кармалган. Ал кесиптештерине Абай райондук полиция бөлүмүнө алып бара жатышканын маалымдаган.

Чымкентте “Азаттыктын” кабарчысы Дилара Исаны жашаган үйүнүн жанынан кармап, полициянын унаасына күчтөп салып кетишкен. Журналист менен байланыш үзүлгөн.

Бир нече күн мурун Дилара Исага полиция кызматкерлери келген, аны прокуратурага чакырып, “каршылык митингине катышууга жол берилбестиги” тууралуу эскертүү беришкен.

Астана
Астанадагы кармоо
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:01:54 0:00

Астанада “Азаттыктын” кабарчысы Мади Бекмаганбетов менен оператор Ержан Амирхановду да полиция унаасына салып кеткени кабарланган.

Атырау шаарынын борбордук аянтында 21-майга белгиленген митингдин алдында казак полициясы “Азаттыктын” кабарчысы Сания Тойкенди кармап, документтеринин көчүрмөсүн алган соң кое беришкен.

Буга чейин Атырау, Астана, Чимкентте да “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчылары кармалган.

“Азаттыктын” сайты да 20-майдан бери Казакстанда ачылбай жатат.

“Азаттыктын” казак кызматынын сайтына кол телефондордон да кирүүгө мүмкүн эмес болууда. Сайттын ачылбай жатканы тууралуу маалыматтар 20-майдан тарта Казакстандын булуң-бурчунан түшүүдө.

Ушул тапта “Азаттыктын” казак кызматынын сайтына HTTPS коопсуздук протоколу аркылуу жана https://azatkaz.info/b/http://rus.azattyq.org. сайты аркылуу кирип, маалымат алып жатышат. Ал эми видеотасмаларды VPN сервиси аркылуу көрүүгө болору кабарланууда.

Алматы
Алматыда митинг үзгүлтүккө учурады
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:12 0:00

21-майда Казакстандын бардык аймактарында жердин чет элдиктерге сатылышына каршы митингдер болмок.

"Азаттыктын" казак кызматынын Оролдогу кабарчысы Санат Урналиев өзүн полиция кармаган учурду тартып алып, телефон аркылуу редакцияга жөнөткөнгө үлгүргөн.
Оролдо "Азаттыктын" кабарчысын полиция кармап кетти
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:58 0:00

Активисттерге куугунтук

Казакстанда 21-майда митингге камданган жана ага чакырган делип кармалгандар бир күн мурда эле 30 кишиге жеткен.

Кармалган активисттердин айрымдарына бийликти басып алууга чакырык жасаган деген негизде кылмыш иши козголгон.

Атырау шаарында мыйзамсыз митинг уюштурууга айыпталып, 15 суткага камалган жарандык активист Ерлан Башаковдун үйү, анын аялынын иш кеңсеси тинтилди. Анын соңунда компьютер жана башка техникалык жабдуулар алынды. Ушул эле айып менен 15 күнгө камалган активисттер Макс Бокаев, Талгат Аяндын да үйлөрү тинтилген.

Полиция Талгат Аяндын ата-энесинин үйүн тинтүүгө алууда, 20-май, 2016
Полиция Талгат Аяндын ата-энесинин үйүн тинтүүгө алууда, 20-май, 2016

Ошондон кийин бул үч активистке “бийликти басып алууга жана Конституцияны күчтөп өзгөртүүгө чакырык” жасаган деген негизде айып тагылып, тергөө башталды. Ушундай эле айып менен башка дагы бир топ активисттер тергелүүдө. Алардын да үйлөрү тинтилгени жакындарынан жана соцтармактардагы маалыматтардан белгилүү болду.

Кармалгандар арасында укук коргоочулар, жарандык активисттер жана социалдык тармактардын колдонуучулары бар.

Дагы отуздан ашуун кишиге уруксатсыз митингге катышканы үчүн ири айыппул салынды. Мындан тышкары ондогон карапайым адамдар нааразылык акцияларына катышпоо тууралуу тилкат жазууга мажбурланып жатканы айтылат.

“Азаттыктын” казак кызматы сот көбүнесе түнкүсүн, адвокаттардын катышуусуз өткөрүлүп жатканын кабарлады. Кармоо учурунда полиция күч колдонгону тууралуу да сөз жүрүүдө.

Жарандык активист Мөлдир Адилова 18-майда 15 суткага камалган. Апасы Науат Оспанова кызы кайда экенин 20-майда гана тааптыр:

- Ал жалгыз өзүнүн камын ойлогон жок. Казак калкынын, жеринин камын ойлоду. Биз ага бүгүн келдик. Кечээ аны издеп, бирок эч кандай жооп ала алган жокпуз. Сотко чейин бардык. Кайда экенин эми интернеттен гана билдик.

Энеси камалган кызын тапты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:20 0:00

Оспанованы кызына жолуктурушмак тургай, алып келген тамак-ашын да бердиришкен жок.

Полиция 20-майда Алматынын борборунун көмүскө жерлеринен “Молотов коктейли” куюлган бөтөлкөлөр, темир кесиндилер жана бензин куюлган желим идиштер табылганын билдирген. Ошондой эле полиция шаардагы эки батирден бир нече ок атуучу куралдар, төрт граната жана беш миллион теңге тапканын маалымдады.

Полициянын мындай кыраакылыгына эл ишенбей жатканын "Азаттыктын" казак кызматынын журналисти Ержан Карабек мындайча айтып берди:

- Расмий органдар бул 21-майда болот делген митингге катышы бар деп так кесе айткан жок. Бирок бул да митингге жалпы мамлекеттик пропагандага кирип атат. Азыр каруу-жарак таптык дегени менен полиция качантан бери мындайды тез таап калчу эле деген ишенбөөчүлүк бар.

Муну менен катар эле митингге чыккандарды мамлекеттик телеканалдар менен социалдык тармактардан жаман көрсөтүү аракеттери токтогон жок.

Ошол эле учурда активисттер кармалганы менен 21-майга белгиленген митингдин мизи кайтар-кайтпасы чоң күмөн экенин казак журналист кошумчалады:

- 22-майдан ары карай эмне болорун ошол толкундоонун башында тургандар айтпай жатышат. Балким алар деле кандай күн болуп кетээрин болжой албай турушат. Ошондуктан кээ бир саясат талдоочулар бул стихиялуу, өз агымы менен болуп жаткан революциялык акыбал, бул эл өзү көтөрүлгөн, уюмдашпаган, так планы жок окуя деп айтып атышат.

Жер сатууга каршы болгон активист. Орол, Казакстан
Жер сатууга каршы болгон активист. Орол, Казакстан

Карабек Казакстанда оппозиция саналган саясатчылар кескин үн ката албай турушканын, системага каршы чыккандарды баштоого даабай турганын кошумчалады.

Буга чейин эле БУУ баштаган эл аралык укук коргоочу Freedom House жана Human Rights Watch жана башка уюмдар казак бийлигин өз оюн эркин билдиргендерди куугунтуктап, камоону токтотууга чакырган.

Казакстандын бир катар шаарларында өткөн айдын соңунда жер сатууга жана чет элдиктерге узакка ижарага берүүгө каршы митингдер өткөн.

Андан соң президент Нурсултан Назарбаев Жер кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө 2017-жылга чейин мораторий жарыялап, өкмөткө жер реформасы боюнча комиссия түзүүнү тапшырган.

XS
SM
MD
LG