Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:38

Казакстан: баш ийбеген батыш бийлик чеңгелинде


Жаңы-Өзөндөгү абал, 18-декабрь, 2011
Жаңы-Өзөндөгү абал, 18-декабрь, 2011

Батыш Казакстанда полиция менен ишсиз калган мунайчылардын кагылышынан кеминде 15 адам өлүп, 85и жарадар болгондон кийин, бийликтегилер көзөмөлдү колго алышканын айтышууда.

Бирок азыр киргизилген өзгөчө кырдаал жана бийликтердин катуу көзөмөлү, абалдын улам курчуп баратышы кан төгүүлөрдүн жаңы толкуну башталышы канчалык мүмкүн экенин аныктоого жолтоо болуп жатат.

Казакстанда бир нече айлап өкмөткө нааразылыгын улантып келген мунайчылардын абалына байланыштуу кырдаал 16-декабрда кескин курчуп кетти. Мангыстау регионунда мунайчылар менен полициянын кагылышынан кийин тараптар дагы эле кан төгүүлөргө ким себепчи болгонун аныктай албай жатышат.

Полициянын саны артты

Бийлик болсо жагдайды көзөмөлгө алыш үчүн катуу чараларга барды. Президент Нурсултан Назарбаев нааразылык чыккан Жаңы-Өзөн шаарында өзгөчө абал киргизген жарлыгын чыгарды.

Жергиликтүү жана чет өлкөлүк журналисттер шаарга бийликтердин жандоочусу менен гана бара алышат. Алардын катарында “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысы Казис Тогузбаев да бар. Анын айтымында, азыр Жаңы-Өзөндүн көчөлөрүндө полициядан башка эл көрүнбөйт. Полиция болсо көчөдө кимди көрсө документ текшерет.

"Ар бир көчөдө, жолдун четтеринде куралданган ОМОНдун күчтөрү турушат", - дейт кабарчыбыз.

Жаңы-Өзөндө тополоң чыгаары менен сыртка телефон жана интернет байланыштары үзүлгөн. Шаарга кетчү негизги жолду коопсуздук күчтөрү бууп турушат.

Биздин кабарчыбыздын айтымында, демонстранттардын бири менен сүйлөшөм деген бир блоггерди полисмен башына тапанча такап коркуткан. Журналисттердин тобун бийликтер моргго жана борбордук ооруканага алып барышкан экен. Ал жерде жума күнкү башаламандыктарда жарадар болгондор жатышат.

Жагдайды көзөмөлгө алыш үчүн ал жакка өлкөнүн Ички иштер министри Калмухамбет Касымов жиберилген. Кабарчыбыз министр журналисттердин ооруканага киришине араң көнгөнүн, ал жерде оорукананын дарыгери менен гана маекке уруксат бергенин айтты.

Анткен менен бүгүн Москвада Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйынында сүйлөп жатып, казак тышкы иштер министри Эржан Казыханов расмий бийликтер окуя болгон жерде журналисттердин ишине толук шарт түзүп беришкенин айтты.

"Абалды чагылдырууга бүт маалымат каражаттарына уруксат берилген, эч кимге тоскоолдук болгон жок. Журналисттер баардык объектилерге киргенге мүмкүндүк алышты, - деди казак тышкы иштер министри. - Массалык адам өлтүрүүлөр жөнүндөгү маалымат чындыкка жатпайт. Башынан эле Казакстандын өкмөтү жана коопсуздук кызматтары ар бир ишинде толук ачыктыкты камсыз кылып келатышат".

Жаңы-Өзөндөгү окуянын эртеси, ишембиде, Шетпе деген айылда да кагылышта бир адам өлгөнү кабарланды. Ал эми жекшембиде нааразылык толкуну регионалдык борбор эсептелген Актауга да жайылып, жүздөгөн адам демонстрацияга чыкты.

Бүгүн Актауда “Азаттыктын” кабарчысы кайрадан эки миңдей эл көчөгө чыкканын билдирди.

Мунайга бай Маңгыстау регионунда кенчилер быйыл майдан бери эле нааразылык билдирип келишкен. Алар мунай кенинде иш шарттарын жакшыртып, айлык акыны көтөрүп берүүнү талап кылышкан.

Алардын көбүн Жаңы-Өзөндө “Казмунайгазга” караштуу ишкана жай ичи эле иштен айдаган, бирок эл нааразылык акциясын улантып келди.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG