Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:54

"Кара-Суу" базарында кайрадан чыр


"Кара-Суу" базарында 7 миңдей контейнер, 400дөй соода жайлары бар.
"Кара-Суу" базарында 7 миңдей контейнер, 400дөй соода жайлары бар.

"Кара-Суу" базарында 300дөй соода күркөсү сүрдүрүлүп жатат. Анын ээлери базар жетекчилигин тааныш-билиштик кылып жатат деп айыптап, контейнерлердин ордун дагы башкаларга сатарын айтып чыгышты.

Базардын жетекчилиги аталган соода жайлары техникалык талаптарга туура келбеген үчүн бузулуп жатканын айтууда. Бирок базарда соңку жылдары ушундай келишпестиктер көп катталууда.

Арызданган соодагерлер

"Кара-Суу" базарындагы контейнерлерди бузуу иштери үч күндөн бери уланып жатса, сатуучулар да тынбай нааразылык акцияларын өткөрүүдө.

- Мен, маселен, контейнеримди мурда 10 миң долларга сатып алгам. Сатуучулардын баары күркөлөрүн ушунун тегерегиндеги суммада сатып алышкан.
Соодагер Сахибахан Курмушиева

Алардын дээрлик баары мындан 10-15 жыл мурда мыйзамдуу сатып алган соода күркөлөрүнөн айрылганы турушат. Сатуучулардын бири Санам Муратова мындай аракетке нааразы болушунун жүйөсүн мындайча келтирет:

- Биз канча жылдан бери ушул жерден нан таап, үй-бүлөбүздү багып келатабыз. Канча жесирлер, жумушу жоктор да ушул контейнер менен тиричилик кылып, кредиттерин төлөйт. Эми ошонун баары минтип бир заматта жок болуп калганы жатат. Балдарыбыз ачка, үй-бүлөбүз кирешесиз калат.

Нааразылыкка чыккан 300дөй соодагердин айтымында, базар жетекчилиги алардын күркөлөрүн техникалык эрежелерге жооп бербейт деп жылдырууда. Бирок алар бул контейнерлердин орду кайрадан эле башка бирөөлөргө сатылат деген ойдо:​

- Мен, маселен, контейнеримди мурда 10 миң долларга сатып алгам. Сатуучулардын баары күркөлөрүн ушунун тегерегиндеги суммада сатып алышкан. Эгер бул жерлер мыйзамсыз болсо, техникалык эрежелерге туура келбесе, эмнеге башында ошентип айтышкан эмес? Контейнерди сатып алган акчабызды эми ким кайтарып берет бизге? Кайра-кайра колдон-колго өтүп, бей-бечаралар иштетип жатканда, эми минтип тоготпой, биздин контейнерлерди сүрдүрүп жатышат. Өрт өчүрүүчү унаа кире албайт дейт, кирет эле. Ортодогу жолго батат эле болчу. Булар болгону бизди көчүрүп, ордуна жаңы контейнер куруп, аны дагы башкаларга сатканы турушат. Булар ушуга көнүп калышты,- дейт башка бир соодагер Сахибахан Курмушиева.

Базаркомдордун кызыл кулактыгыбы?​

Ал эми "Кара-Суу" базарынын жетекчилиги болсо контейнерлерди бузуу аракети мыйзам чегинде жүрүп жатканын жана ал соода ишин иретке келтирүү максатын көздөөрүн билдирүүдө. Базардын директору Манас Туратаалы уулу буларга токтолду:

- Биз мыйзамсыз коюлган соода жайларын жылдырып, заманбап базар кылганы жатабыз. Сөздүн кыскасы, нан саткан жерлерди бир жерге, эт саткандарды бир жерге чогултабыз. Булар биз билбедик эле, бизге айткан эмес эле дешет. Мунун баары жалган, биз беш-алты жылдан бери буларга эскертип келгенбиз. Азыркы жасап жаткан иштерибиздин баары мыйзамдуу аракет.

Базар жетекчилиги контейнерсиз калган соодагерлерге башка жактан жаңы жай берилерин убада кылууда. Бирок ал жерлерди ишкерлер кайра дагы сатып алууга аргасыз. Айрымдар бул нерсени “базаркомдордун кызыл кулактыгы” катары эсептешет. Ири базардагы талаш тууралуу жергиликтүү серепчи Эрлан Камалов мындай дейт:

- Ошол эле жерлерди ижарага берип жатканда, контейнерлерди сатып жатканда жетекчилер бул иштин мыйзамдуулугун карашы керек болчу. Эми бир канча убакыт өткөндөн кийин ар кандай шылтоо менен ишкерлерди кысмакка алып жатканы орунсуз. Мыйзам боюнча бул соодагерлердин контейнерин бузуп жаткан базар жетекчилиги соодагерлердин кирешесине жараша аларга компенсация төлөп бериши шарт. Такыр болбосо ошол эле соода жайынын баасы менен бирдей болгон соода жайын акысыз бериши керек.

Базардын бүтпөгөн чыры

Маалым болгондой, бул "Кара-Суу" базарындагы жалгыз чыр эмес. Былтыр Кара-Суудагы «Кенже» базарынын ээлери соода жайларын сатып алган 40 ишкердин контейнерин сүйрөтүп салып, өздөрүн сыртка чыгарып коюшкан. Көчөдө калган ишкерлер базардын кожоюндарын тартипке чакырууга эч кимдин күчү жетпей жатканына нааразы болуп чыгышкан.

Кийинчерээк базардагы "Оомат" соода жайынын 500дөй сатуучулары иш орунсуз калабыз деп облустук бийликке кайрылган. Алардын контейнерлери турган жерди 2012-жылы үч ишкер беш жылга ижарага алып, сатуучуларга бөлүштүруп берген. Бирок ижара мөөнөтү бүтө электе эле райондук бийлик жерди контейнерлерден бошотуу талабын коюп жатат.

Жашылча-жемиш саткан "Уркуя" кичи базарынынын 200-300дөй сатуучусу пикет уюштуруп, соода орду үчүн жер акынын көбөйүшүнө нааразылык билдирген жайы бар.

Биз муну менен бир эле Кара-Суу базарындагы соодагерлерге эле эмес, Кара-Суу районунун тургундарына, Ош шаарынын жашоочуларына, анан жалпы эле кыргызстандыктарга зыян келтирип жатканыбызды түшүнүшүбүз керек.
Эрлан Камалов

Базардагы «Кыргыз соода биримдиги» кичи базарынын соодагерлери болсо алар контейнерлерин сатып алганына карабай, базардын ээси алардан коркутуу менен акча алып турарын айтып чыгышкан. Алардын айтуусунда, базар ээси ар бир контейнерден 1000 АКШ долларын чогултчу экен.

Кара-Суу базарынын соодагерлери мындан башка да иштер боюнча базаркомдор менен соттошуп келүүдө. Бул келишпестиктер байма-бай орун алып жатканы базардын ишине кедергисин тийгизүүдө дейт экономикалык серепчи Эрлан Камалов:

- Бул иштердин баары базарды курууда жана соода жайларын жайгаштырууда укуктук жана мыйзамдык иш-кагаздар жолго коюлбагандыгы себеп болуп жатат. Тиешелүү адамдар кезинде буга кайдыгер мамиле жасап койгон, натыйжада ишкерлер эле азап тартууда. Негизи эле ушул "Кара-Суу" базарындагы тартипке келтирүү иштери азыр ишкерлерге аябай оор тийип жатат. Анткени соңку мезгилдери алардын соодалары болбой, товар айлантуу дээрлик жүрбөй калган. Ал тургай ондогон сатуучулар банкрот болуп калышкан. Аларга колдоо кылгандын ордуна бийликтер жана базардын жетекчиликтери кайра-кайра ишкерлерди кыйнап келе жатат. Биз муну менен бир эле "Кара-Суу" базарындагы соодагерлерге эле эмес, Кара-Суу районунун тургундарына, Ош шаарынын жашоочуларына, анан жалпы эле кыргызстандыктарга зыян келтирип жатканыбызды түшүнүшүбүз керек. Анткени бул базар Борбор Азиядагы ири базарлардын бири болуп саналат.

"Кара-Суу" базары деп жалпы айтылган менен азыр бул жай 32ге бөлүнүп кеткен. Анын ар биринин өз-өзүнчө базаркому бар. Базарда жалпы жонунан 7 миңдей контейнер, 400дөй соода жайлары бар.

Оштун "Кара-Суу" базарында буга чейин 15-20 миндей адам түздөн-түз иштеп, тирилик кылчу. Өзбекстан жана Тажикстан менен чек ара чатактарынан кийин, алардын саны эки эсеге кыскарган. Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кошулгандан кийин базардын соодасы дээрлик токтогон. Азыр сатып алуучулар негизинен райондун ичинен жана Ош шаарынан гана келет.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG