Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:16

Амман учкучтун өлүмү үчүн өч алды


Өлтүрүлгөн учкуч Муаз ал-Касасба жакындары аза күтүүдө
Өлтүрүлгөн учкуч Муаз ал-Касасба жакындары аза күтүүдө

Иорданияда ирактык эки согушчан дарга асылды. Бир күн мурда “Ислам мамлекети” тобу иорданиялык учкучтун темир капаста тирүүлөй өрттөлгөн видеосун интернетке жарыялаган эле.

Иорданиядан маалымдалгандай, ирактык согушчандар 4-февралда таңга жуук дарга асылган. Алардын бири - жанкечти аял Сажида ал-Ришави 2005-жылы Амман шаарындагы мейманканадагы удаа-удаа бомба чабуулуна тиешеси бар деп айыпталган. 10 жыл мурдагы каны булоондо 60 чакты адам өлгөн. Экинчиси - “ал-Каиданын” Ирактагы желдети Зияд Карболи иордан жаранын өлтүргөн деп 2008-жылы соттолгон болчу.

“Ислам мамлекети” радикал тобу Сажида ал-Ришавини иорданиялык учкуч Муаз ал-Касасбага алмаштырабыз деп талап коюп жаткан. Лейтенант ал-Касасбех АКШ башындагы эл аралык коалициянын “Ислам мамлекети” уюмуна каршы операциясына катышып жүрүп, декабрда Сириянын Ракка шаарына жакын жерде учагы кыйрап, колго түшкөн.

3-февралда жихадчылар интернетте жарыялаган видеого караганда, Ал-Касасба темир тордун ичинде тирүүлөй өрттөлгөн.

Сажида ар-Рашиди
Сажида ар-Рашиди

Иордания андан бир күн мурда учкуч али тирүү экенин ырастаган далилди экстремисттик уюмдан алса, Сажида ар-Ришави бошотулат деп сөз берген эле.

Ал-Касасбанын мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн көрсөткөн видео жарыяланганда Иордания падышасы Абдалла Кошмо Штаттарда сапарда жүргөн. Ал өкмөттүк телеканалдан жасаган кайрылуусунда учкуч “исламга тиешеси жок коркок кылмыштуу топ” тарабынан өлтүрүлгөнүн айтып, жихадчылардан Иордания бийлиги өч аларын эскертти:

- Коркок, террорчул “Ислам мамлекети” уюму тарабынан эр жүрөк учкуч Муаз ал-Касасба кыйнап өлтүрүлгөндөн кийин биз бүгүн чоң кайгыга, өкүнүчкө батып, кыжырдануудабыз. Алар өзүнүн исламга тиешеси жок өтө жаман, кылмышкер жана коркок жүрүм-турумун көрсөтүштү.

Иордан эли учкучту эскерип көчөгө чыкты
Иордан эли учкучту эскерип көчөгө чыкты

Падыша Абдалла Вашингтондогу сапарын кыскартып, Амманга кайтар алдында АКШ президенти Барак Обама менен кыска мөөнөткө кездешип сүйлөштү. Обама шейшемби күнү Ак үйдө журналисттер менен жолугушууда согушчандардын учкучтун коркоктук жана көркоолук менен өлтүрүлүүсүн айыптап, Иорданияга көңүл айтты:

- Эгер ошол видео чын болсо, анда бул уюмдун көркоолугунун жана жапайычылыгынын дагы бир далили болот.

Президент Обама Ирактын жана Сириянын чоң бөлүгүн көзөмөлдөп турган “Ислам мамлекети” уюмун талкалоо үчүн эл аралык коалиция мурдагыдан да чечкиндүү болуусу керек деген оюн кошумчалады:

- Менин оюмча, аларды кыйратып, биротоло жеңүү үчүн биз кыраакылыгыбызды жана глобалдык коалиция чечкиндүүлүгүн эки эсе көбөйтүүсү керек.

Барак Обамадай эле Жапониянын премьер-министри Синдзо Абе да учкучтун өлүмүнө байланыштуу Иорданияга көңүл айтты.

Туткунга түшкөн жапон жарандарын ИМ өткөн айда өлтүргөн
Туткунга түшкөн жапон жарандарын ИМ өткөн айда өлтүргөн

Жихадчылар өткөн эки аптада эки жапон туткунду, былтыр бир нече батыштык жаранды мыкаачылык менен өлтүргөн жана кандай жагдайда өлтүрүлгөнүн интернетте жарыялашкан.

“Ислам мамлекети” тобу 31-январда жапон журналисти Кэндзи Готонун башы алынганын көрсөткөн видеону жарыялаган. Ага чейин Иордания жана Жапония тараптын өкүлдөрү ал-Касасбаны жана Готону экстремисттер Сажида ар-Ришавиге алмаштырат деген үмүттө болгон.

Учкучтун атасы Сафи ал-Касасба Иордания өкмөтү жана АКШ баштаган коалицияга кайрылып, уулунун азаптуу өлүмү үчүн “Ислам мамлекети” тобуна катуу сокку уруп, таш-талкан кылууну сурады.

Каирдеги атактуу ал-Азхар университетинин башчысы Ахмед ал-Таеб 3-февралда кечинде жасаган билдирүүсүндө “Ислам мамлекети” уюмунун террорчулары Кудайга жана Мухаммед пайгамбарга каршы согушуп жатат деп, ал үчүн аларды аябастан жок кылууга үндөдү.

XS
SM
MD
LG