Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:00

Леннонду эскерип...


Жон Леннон, Париж, 18-сентябрь, 1966-жыл.
Жон Леннон, Париж, 18-сентябрь, 1966-жыл.

XX-кылымдын атактуу музыканттарынын бири, “The Beatles” тобунун солисти Жон Леннон киши колдуу болуп өлгөнүнө бүгүн туура 30 жыл толду. Аны Rolling Stone музыкалык журналы дүйнөдөгү бардык замандын эң атактуу 50 музыкантынын катарына кошкон.

1980-жылдын 8-декабры. Саат 23:15. АКШдагы ABC каналынын алып баруучусу Тед Коппел ошол учурда музыкалык дүйнөнү шок кылган кабарды окуду.

“Бүгүн түнү дүйнөдөгү улуу музыканттардын бири, “Битлз” тобунун ырчысы Жон Леннонду Нью-Йорктогу үйүнө кире бериште атып кетишти, - деген эле ал кабарда. - Леннонду саат 23:00 тегерегинде атышкан. Аны заматта шаардагы Рузвельт ооруканасына жеткиришти, бирок көп өтпөй, ырчы көз жумду. Полиция шектүү деп эсептеген адамды кармады, аны “жергиликтүү эле жиндилердин бири” деп жатышат”.

"The Beatles", 1964
Ошентип, тарыхта ырчы катары эле эмес, теңдик, элдер ортосундагы ынтымак, тынчтык идеяларын таркатууга аракет кылган коомдук-саясий активист Жон Леннон көз жумган. Анын саясий көз-караштары, дүйнө кандай нукта жашаш керектиги туралуу ойлору бир топ ырларында, анын ичинде “Imagine” ырында, берилген эле.

Леннондун өмүр баяны, жетим өсүп, кийин кантип Ливерпулдагы жаш ырчы досторунун башын бириктирип, “The Quarrymen” деген музыкалык топ түзгөнү кийинчерээк кинодо жана адабиятта көптөгөн чыгармалардын сюжетине негиз болуп берди.

Музыканттын оор тагдыры, алгач муштайында атасынан тирүүлөй айрылганы, кийин апасынын жолдогу кырсыктагы өлүмү анын чыгармачылыгына да, өзүнүн жеке турмушуна да таасир бергени айтылып жүрөт.

Кийинчерээк “The Beatles” тобун түзүп, рок дүйнөсүн дүңгүрөткөн чыгармаларды жарата алышты.

Жон Леннон жубайы Йоко Оно менен Парижде, 22-март, 1969
Леннонго жеке турмушунда бир чети дем берип, экинчи жагынан, ансамблдин өзүндөгү чырдын чыгышына аялы Йоко Оно себепчи болгонун да айта жүрүшөт. “Битлздагы” Пол Маккартни менен тил табыша албай, акырында 1969-жылдын этеги, 1970-жылдын башында ансамбль таркап кетет. Кийинчерээк Леннон жубайы менен биргелешип бир топ ырларды, альбомдорду чыгарганга аракет кылышат. Алардын көбүндө ырчынын музыкалык табити өзгөргөнү байкалгансыды.

Бүгүн эми Нью-Йорктун борбордук паркында Лоннондун урматына деп, анын ырларынын биринин аталышында “Кулпунай талаасы” (“Strawberry Fields”) деген мемориалда туруп, музыкантты британиялык турист Норма мындайча эскерди: “1960-1970-жылдары өскөн адамдар үчүн, балким, мындай кишилер өлбөс-өчпөстөй туюлса керек. Бирок чыгармачылыгы ташкындап, гүлдөп турган учурунда аны өлтүрүштү. Улуу талант, улуу келечек жоголгондой болду”.

Ал эми Бразилиядан келген Карлос: “Мен ал жашаган учурда төрөлө элек болчумун. Бирок Леннон кылымдарды багындыра алчу музыка жарата алгандыктан, ондогон жылдар бою анын ырлары жүрөктү эзип келет. Эң эле башкысы – ушул”, - дейт.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG