Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:34

Жази: элиме миң мертебе ыраазымын


Кыйынчылыкта жылуу мамиле, жакшы сөз дем берет. Аны Жапониянын мен жашаган Кумамото шаарындагы жер титирөөдөн кийин билдим. Кырсык мен үчүн күтүүсүз, үч уктасам түшүмө кирбеген опуртал окуя болду. Адеп жер титирөө болгондо ушул жакта жашоо-күнүм бүтөт экен деп коркконумду айтпа. Ал күнү көргөнүм, абалым өмүр бою эсимде калат го.

Кырсык болгондун эртеси таңында жумушка жөнөп жатсам Кыргызстан элчилигинен Эльвира деген эже телефон чалып, ал-акыбалымды сурады. "Жабыркаган жокмун, жакшымын", деп жооп бердим. "Өзүңөрдү карагыла, бир нерсе болсо айткыла", - деди. Ыраазы болуп университетке жөнөдүм. Жумушка келип, бир аз отургандан кийин Кыргызстандан журналисттер чалышты. Алар менен бир аз сүйлөшкөндөн кийин, бизди да эстеп, сурагандар бар экен ээ, Кудайга шүгүр деп өзүмчө чыйрала түштүм.

Биз ойлогондой жер титирөө ошону менен токтоп калбай, кийинки күнү түндө кайра кайталанды. Бул ирет мурунку түндөгүдөн да катуураак болду. Мурдагы күнкү коркунучка кошул-ташыл болуп, кийинки жер титирөө жүрөгүмдүн үшүн алды. Титиребесе деле, мага жер силкинип аткандай сезилип, же уктай, же отура албай койдум. Айланамдагы айрым дос кыздарым элчиликтеринен, же уюмдардан (JICA) чакыртылып, шаардан чыгып кете башташты. Мен бул жактагы Жыпаргүл аттуу кыргыз эжеге байланышып, коркуп атканымды айтсам, "чогуу бололу" деп үйгө чакырды. Ошентип анын үйүнө бардым, улам-улам жер силкинип, балдар ыйлап, үйдөн суу да чыкпай, кыйла эле кооптуу болду.

Башка жакка убактылуу чыга турсак жакшы болмок деп, эже экөөбүз элчиликке байланыштык. Дем алыш болгондуктан телефон алышпайт, анан Жапониядагы кыргыздардын Фейсбуктагы тайпасына билдирүү жөнөттүм. Мирбек деген байке элчиликтегилерге телефон чалып, бизге байланышуусун сураныптыр. Ошентип, элчиликтен Эльвира эже кайра телефон чалып, биздин акыбалыбызды түшүнгөндөн кийин дароо эле билет алып, эртеси Токиого учуп кеттик.

Жолдо келатканда "Азаттыктан" телефон чалышып, Айзада эже дагы биздин абалыбыздан кабар алды. Ошентип Токиого жеткенде, бизди Эльвира эже, Суванбек байке экөө аэропорттон тосуп алышып, жолдо тамактандырып анан элчиликке алып келишти. Төшөнчү, ашкана, буюмдар менен тааныштырып, бизди жайгаштырып коюп анан Эльвира эже үйүнө кетти. Абдан ыраазы болдук, Кыргызстанга баргандай эле боло түштүм, алкыш айтып бүтө албайм. Айрым чет өлкөлүк досторум чалышып, акыбалымды сурашканда элчиликте экендигимди, кыргыздар бизге кам көрүп аткандыктарын айтсам суктанышып, элчилигиңер абдан жакшы экен деген сөздөрүн айтышты, айрымдары өздөрүнүн өлкөлөрүнүн элчиликтерине нааразылыктарын билдиргенге да үлгүрүштү.

Сөзүмдүн аягында айтайын дегеним, кыргызга кыргыз гана күйөт, чет элде, чет жерде бири-бирибизге колдоо көрсөтүп, алдыга сүрөп, колубуздан келишинче жылуу сөз менен болсо да колдоп турсак ошол эле чоң дем, күч экен. Жер титирөө болгон күндөн тарта Жапониядагы, Кыргызстандагы гана эмес дүйнөнүн булуң-бурчтарынан мен тааныган-тааныбаган кыргыздардан интернет аркылуу жакшы сөздөр, тилектер келип атты. Абдан ыраазы болдум. Ата-энем, бир туугандарыма да айтсам абдан ыраазы болушту. Атам элчиликтегилерге жакшылап рахмат айт, Кудай тилектерин берсин деп жакшы сөздөрүн айтып, ыраазычылыгын билдирди.

Кыргызстаным, кыргыз элим менен ар дайым сыймыктанам! Кичи пейил, жөнөкөй, эр жүрөк, ак көңүл, боорукер жана кайраттуу, мүнөзү жакшы кыргыз элим бар. Ушуну ар дайым башкаларга айткым келет. Ыраазылыгымды кайра-кайра кайталагым келет. Кайда жүрбөсүн кыргызымды Жаратканым колдоп, баарыбызга ынтымак, иштерибизге береке берсин. Бар болуңуздар!

Терең урматым менен Жази Келгенбаева

XS
SM
MD
LG