Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:24

Кытай-Жапония: арал талаштан араз


Кытайдагы демонстрациядан бир көрүнүш, 16-сентябрь, 2012
Кытайдагы демонстрациядан бир көрүнүш, 16-сентябрь, 2012

Бүгүн расмий Бээжин Кытайда иштеген жапон компанияларын демонстранттардан коргоого убада берди. Талаштуу аралдардын айынан чыккан акыркы араздашуудан кийин Кытайдагы жапон фирмалары чабуулга кабылган.

Кытай менен Жапониянын ортосунда талаштуу деп эсептелген аралдар бар. Жапонияда аларды Сенкаку, ал эми Кытайда Дяоюйтай деп аташат. Аларда адам жашабайт, бирок жаратылыш ресурстары, өзгөчө, мунайдын запастары көп экени аныкталган.

Өткөн аптада жапон өкмөтү ал аралдарды азыркы жапониялык жеке менчик ээсинен 26 млн. долларга сатып ала турганын жарыялады. Мына ушул жаңылык Кытайдын 85 шаарында элди дүрбөтүп, массалык демонстрацияларды жаратты. Айрым жерлерде жаалданган адамдар Кытайда иштеген жапон ишканаларынын имараттарына да чабуул коюп, жапон ресторандарын, жапон машинелерин өрттөп жатышты.

Инвесторлордун реакциясы

Дүйшөмбүдө Жапониянын Panasonic, Toyota, алардан кичинерээк ишканалар да, кафе-ресторандар да жабык болду. Алар азырынча окуя кандай өнүгөөрүнө көз салып турушат.

Кытай өкмөтү болсо демонстранттарды жыйындарын “тынч, тартип менен, мыйзам чегинде” өткөрүүгө чакырды. Өкмөт Кытайдагы жапон жарандарын жана мүлкүн коргоого сөз берди. Жапониянын элчилиги жана башка дипломатиялык бөлүмдөрүндө, ошондой эле жапон ишканаларынын имараттары алдында полисмендердин саны көбөйтүлдү. Маселен, дүйшөмбүдө Жапониянын Бээжиндеги элчилигин коргоого миңдей полисмен жайгаштырылды.

Ошентсе да Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Хоң Лей “мындан аркы абал Жапониянын аракеттерине жараша болот” деди. Анын айтымында, расмий Токио талашка түшкөн аралдар боюнча саясатын өзгөртүшү керек.

Дүйшөмбүдө Жапонияга барган АКШнын Коргоо министри Леон Панетта эки тарапты тең “этият болууга, маселени сүйлөшүү менен чечүүгө” үндөдү.

"Кесепети коркутат"

"Биз азыр Сенкаку аралдарынын айынан чыккан жаңжалга тынчсызданып жатабыз, - деди ал. - Ошондуктан бардык тараптарды азыр тынчтанууга, ашыкча аракеттерден карманууга чакырат элек".

Панеттанын айтымында, азыр Азия Тынч океан регионунда Токио менен Бейжиндин каяма айтышууларынан эч ким утпайт.

"Азыр Жапония менен Кытай жакшы мамилени сакташы керек. Абал курчуп кетпеши үчүн жол табыш азыр бардык тараптын кызыкчылыгына төп келет", - деди АКШнын коргоо министри Панетта.

Конфликт азыркыдан да курчуса, согуш чыгып кетиши мүмкүндүгүнөн сырткары, Азиядагы эң ири эки экономиканын ортосундагы соода алакаларына да катуу сокку болоору айтылууда.

Бир четинен, Кытайда жапон инвестициясынын өлчөмү жогору, алардын өлкөдөн кетиши Бээжиндин экономикасы үчүн чоң жоготуу болот. Экинчи жагынан, кытайлык туристтер Жапонияга каттабай койсо, былтыркы жер титирөөдөн жана Фукушима атомдук электростанциясындагы кырсыктан катуу жабыркаган жапон экономикасы да бекем тирөөчтөн куру калат.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG