Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:24

Бүбү-бакшылар менен динчилдер касташууда


Иллюстрация
Иллюстрация

Ала-Бука районундагы мечиттердин биринде жума намаздан соң чыккан чууну жергиликтүү тартип кызматтары териштирүүгө киришти.

Буга жергиликтүү мусулмандардын басымдуу бөлүгү секта катары тааныган “Ордо” уюмунун ишмердүүлүгүн колдобоо тууралуу имамдын чакырыгы себеп болгонун жергиликтүү активисттер айтып жатышат.

Ала-Бука районунун Көк-Серек айылынын мечитинде 17-майда катталган кайым айтышка күбө болгондордун бири, жергиликтүү тургун, жаш активист Нурбек Абдраимов окуяны мындайча сүрөттөп берди:

- Ушундай окуя болду, жума намаз учурунда имам башка диний агымдар боюнча баян жасаган жана "Ордо", "Ата жолу" секталары боюнча өз көз карашын билдирген. Намазга катышкан калктын жарымы "Ордодо" болгондуктан ортодо мушташ чыкканга чейин барган. Бул сыяктуу көрүнүштөр эртең Кыргызстандын дин коопсуздугуна зыянын тийгизип, өлкөдө жарандык эмес, динчилердин ортосунда чыр-чатак чыгып кетиши мүмкүн.

Жергиликтүү дин кызматкерлери, дин аалымдары жана алардын пикирлерин кубаттаган жергиликтүү мусулмандар “Ордо” деп аталган уюмду исламды жаманатты кылган секта деп санашат. Буга негиз катары алардын саламаттыгы начар адамдарга психологиялык басым жасоо, алдоо аркылуу мүчөлүккө мажбурлоо, мазарга сыйынуу, аял кишини башчы кылуу сыяктуу иш-аракеттерин келтирүүдө.

Район имамы Шумкар Чыналиев төмөнкүлөрдү айтты:

- Шариятта аял кишиге жүгүнүү деген жок, ал эми буларда ошондой салт бар экен. Мындан сырткары мазарларга чейин барып сыйынышат. Биз райондо мечит имамдарына "булар мал сойсо арам деп тааныгыла жана мүрзөлөргө киргизбегиле деп айткыла" деп тапшырма бердик. Эгер бул нерсени алдын албасак, чоң жаңжалга айланып кетиши мүмкүн. Ансыз да азыр эл арасында кууп чыгабыз деген сөздөр айтылып жатат. Биз бул уюмга киргендерге кооптонуулар боюнча эскертүү берип жатабыз.

Жергиликтүүлөр жашыруун секталардын катарына кошуп жаткан "Ордо" диний топтун Ала-Букадагы аял лидерлеринин бири саналган Курманжан үнүн обого чыгарууну каалаган жок. Ошол эле учурда ал дин кызматкерлери коюп жаткан кинени төгүндөдү. Анын ишендиргенине караганда, бул уюм мыйзамга каршы иш кылган жери жок жана уюмга киргендер оорусуна шыпаа таап, тазарууга бет алып жатат.

Дин тармагы боюнча эксперт Икбол Мирсаитовдун пикирине караганда, секта деп аталган бул уюмга доомат артуу менен бирге анын ишмердигин токтотуучу негиздүү жүйөлөр келтирилген жери жок, тескерисинче ишеним эркиндигине басым жасалып жатат:

- Булар кайсы бир мыйзам ченемдерин бузса же ага коркунуч келтирсе анда чек койсо болот. Азыр эмненин негизинде, кантип тыюу салабыз? Бул жерде жүйө көрсөтүлбөй жатат. Дин эркиндиги, адам укуктары сакталышы керек. Бардык жагдай соттун чечими менен гана аныкталат. Эгер мындай кадамга барсак бир адамдын гана кызыкчылыгы болуп калат.

Ала-Бука райондук ички иштер кызматынын 10-бөлүмүнүн башчысы Таалай Байтиковдун билдиргенине караганда, жергиликтүү мечиттеги жаңжал жана ага себеп болгон “Ордо” уюмунун ишмердиги азыр териштирилүүдө.

- Бул багытта казыят жана дин башкармалыгы иш алып барып, иликтеп чыгып, анан сот аркылуу гана тыюу салса болот. Азыркы учурда биз болгону тургундар арасында түшүндүрүү иштерин гана жүргүзүп жатабыз. Ошондой эле тийиштүү материалдарды чогултуп, экспертизага жөнөткөнү калдык. Азыр аймакта абал туруктуу.

Байтиковдун айтканына караганда, жергиликтүүлөр секта деп атаган “Ордо” Кыргызстандагы тыюу салынган 15 уюмдун тизмесинде жок. Ошондуктан аны териштирбестен ишмердигин токтотуу мүмкүн эмес.

Маалыматтарга караганда ,“Ордо” диний уюмунун өкүлдөрү адамдарга ар кандай илдеттерден сыйынуу жолу аркылуу арылууну сунуштайт. Бул үчүн от жагуу, жаратканга жалбаруу сыяктуу ыкмаларды колдонушат.

“Ордонун” ишмердигине Казакстанда жана Орусиянын айрым аймактарында тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG