Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:57

Исламдын маңызы жана кан күсөгөн жоочулар


ИМ тобунун согушкери. Ракка, Ирак. 2014-жыл.
ИМ тобунун согушкери. Ракка, Ирак. 2014-жыл.

“Ислам мамлекети” тобунун 26 жаштагы Муаз ал-Касасбаны темир капастын ичинде тирүүлөй өрттөп жиберүүсү бул уюмга дүйнө өлкөлөрүнүн көңүлүн кайрадан бурду.

Иорданиянын Ф-16 согуштук учагы былтыр декабрда АКШ баштаган коалициялык күчтөрдүн жихадчыларга каршы операциясы маалында Сирияда кыйроого учурап, лейтенант ал-Касасба туткунга түшкөн болчу.

Сирия менен Ирактагы басып алган аймактарын "шарияттын негизинде башкарылчу халифат" деп жарыялаган “Ислам мамлекети” тобуна уруш майданында колго түшкөн душманын кыйнап өлтүрүүгө ислам дини жол береби?

Бишкектеги Ислам университетинин ректору Абдышүкүр Нарматовдун айтымында, ислам жараткан адамды же башка тирүү жанды өрттөмөк тургай, куштун уясына да от койгонго тыюу салат.

- Жердеги эң ыйык жандык адам баласы. Кереметтүү Куранда Алла таала кимде ким бир инсанды, бир жан-жаныбарды себепсиз же бузукулук менен өлтүрө турган болсо, бардык адамзатты өлтүргөндөй күнөөгө дуушар болот дейт. Кимде ким кимдир бирөөнүн жашоосуна себепчи болуп, ага өмүр тартууласа, бардык адамзатка өмүр бергендей соопко татыйт дейт. Пайгамбарыбыз өз Хадисинде "Оттун ээси болгон Алла таалада гана от менен азаптоого укугу бар, от менен эч бир айбанатты, эч бир канаттуунун уясын күйгүзбөгүлө" деп андай нерселерге тыюу салган. Ошон үчүн биздин жаныбызды Алла Тааладан башка эч кимдин алууга укугу жок.

Туткунга түшкөн жапон жарандары.
Туткунга түшкөн жапон жарандары.

Согушчандар акыркы эки жумада туткундагы эки жапон жаранды да мыкаачылык менен өлтүрүштү. Алар буга чейин Батыштан келген бир нече ​журналисттин да башын алган. Былтыр өз желдеттери чабуулду баштаар алдында Сирия армиясынын жана өздөрүнө атаандаш дүниябий оппозициялык топтун туткун жоокерлерин курмандыкка чалышкан. Бул иштер демейде согушчандардын алдында жасалып, видеотасмасы жарыяланат.

Жихадчылар сөөгү каткан эр-азаматтардан да шейит кетип, жаннатка түз кирип кетчү жанкечтилерди даярдашат. Дубайдагы Жакынкы Чыгыш жана Перс булуңундагы Аскерий талдоо институтунун аналитиги Рияд Кааважи “Ислам мамлекети” тобунда жайкын элди канга бөлөп, жанкечти болууга дилгир маңкурттарды даярдоо системасы бар деп боолгойт:

- Согушчандар текшерүүдөн өткөрүлүп, кимиси экстремалдуу кадамга барып, жанкечтилик жасай алары аныкталат сыяктуу. Ошондойлорду жанкечтиликке даярдашып, керек болгондо жумшашат.

Халифатчылар диний жана улуттук азчылыктардын балдарын кармап алып, мал катары базарда кулчулукка сатышканын БУУнун Балдар укуктары боюнча комитетинин эксперти Ренате Уинтер 4-февралда Женевада маалымдады.

please wait

No media source currently available

0:00 0:11:38 0:00

Батыштын чалгындоо кызматтарынын эсебинде, “Ислам мамлекети” тобуна акыркы эки жылда Ирак жана Сириянын бир кыйла бөлүгүн көзөмөлдөп турган согушчандардын катарына 20 миңге чукул чет элдик жаран кошулган. Алардын ичинде Тунис, Сауд Арабия, Марокко, Орусия жана Франциядан келгендер чоң топторду түзөт. Кан күсөгөндөрдүн көбү Сирияга Түркия аркылуу барышат.

Жихадчылар Сирияны өзгөрттү

Жихадчылардын арасындагы чет элдик жалданма желдеттердин көбөйүүсү Сириядагы согуштун түпкү максатын да өзгөрттү. 2011-жылы Сирияда ич ара куралдуу жаңжал башталганда, согушчандардын көбү сунни мусулмандарды президент Башар Асаддын режиминен коргойбуз деген ыклас менен келген.

Былтыр июнда алардын анабашы Абу Бакр ал-Багдади халиф аталып, Сирия менен Иракта "халифат курулары" жарыялангандан кийин ар кайсы өлкөлөрдөн келген ынтызарлардын мотивациясы өзгөрүп, сириялыктардын кызыкчылыгы экинчи орунга жылган.

please wait

No media source currently available

0:00 0:08:46 0:00
Түз линк

Норвегиялык эксперт Томас Хеггхаммер жазгандай, алардын көбү жаңы адилеттүү ислам коомун куруу боюнча тарыхый долбоорго катышып, мусулмандардын жадында Мухаммед пайгамбардын үмөттөрү сыңары калабыз деп ойлошкон. Себеби “Ислам мамлекетинин” идеологиясы чет элдиктердин Раккага келүүсүн Мухаммед пайгамбардын 14 кылым илгери Мединага сапарга баруусу менен салыштырышкан. Бул сапардан мусулмандардын хижра жыл санагы башталат.

"Ислам мамлети" тобундагы аялдар
"Ислам мамлети" тобундагы аялдар

Ушу тапта халифаттын борбору саналган Ракка шаарында жергиликтүүлөргө караганда чет элдиктер көптүк кылат. “Нью-Йорк таймс” жана башка Батыш булактары кабарлагандай, келгин чет элдиктер халифатчылар арасында сириялыктардан саны жагынан гана артыкчылык кылбастан маянаны да жергиликтүү желдеттерге караганда көп алышат. Чет элдик согушчандарга бир айда 800 доллар төлөнсө, жихадчылардын катарына кошулчу сириялыктарга 400 доллардан гана сунуш кылынат. Ал эми АКШ колдогон байистүү Сирия эркиндик армиясынын жоокерлери 100 долларга чейин айлык алат.

Европада мусулман үй-бүлөлөрдө чоңойгон же кийин ислам жолуна оогон жаштарды Сириядагы жихадчыларга барып кошулууга эмне азгырат? Бул жөнүндө Австрияда имам болуп жүргөн теги сириялык Тарфа Бахаятинин пикири мындай:

- Бул жерде бир нече фактор бар: биринчиси жана эң орчундуусу береги топко барып кошулган жаштар мурда ислам жана мусулманчылык жөнүндө жакшы билишкен эмес. Алар эч качан мечитке барбаган, кээ бирөөлөрү атүгүл кантип намаз окуганды да билбейт. Ошондуктан алар диний багытты кармангандан мурда эмоциясына ылайык жолду тандашкан. Алар: “Абсолюттук чындык биздин колдо, силерге чындыктын жана азаптын жана бейишке жолду көрсөтөбүз” деп айтышат.

Ал акыркы жыйырма жылда радикалдуу мындай уюмдар исламдын каада-салттарынан кабары жок же эл турмушун билбеген жарандардын башын Курандын аяттарын түзмө-түз бирден бир талашсыз чындык катары тафсир (комментарий) кылып айлантканын да айтууда:

- Бул жараян ондогон жылдар бою, өзгөчө акыркы 20 жылда биздин мээбизге уя курду. Бул биздин жаштардын мээсине таасир этип, аларды өз коомун чанууга алып барды... Бул аларды Ирактагы, Сириядагы жана башка ачык коомдордогу салттуу исламдан четтетип, Курандын аяттарын терең талдап түшүнбөй туруп сокур жолго барууга түрттү. Бардык маанилүү аяттар кол кескенге, же баш алганга, же башкаларды сабап, балак урганга эмес, Жер шарына адилеттик алып келгенгенге багытталган.

Шейит кетүүдөн баш тарткан жихадчылар

The Wall Street Journal гезитинин жазышынча, радикал ислам тобу "халифат куруу" жөнүндөгү идеясын баштапкы кездегидей даңазалабай калды. Алар башында басып алган жерлерде калкты тириликке керектүү товарлар менен камсыздоого, тартип сактоого чоң маани берип, административдик башкарууга жарамдуу экенин көргөзүүгө далалат кылса, акыркы кезде согуш жана түрдүү жаңжалдуу иштер менен алек. Буга кошумча туткундарды мыкаачылык менен өлтүрүүлөрү жихадчылар "Ислам мамлекетин" кура алат деген ишенимди бара-бара өчүрүүдө.

Сирияда жүргөн казак жихадчылары
Сирияда жүргөн казак жихадчылары

Мындан улам соңку убактарда “Ислам мамлекети” тобу өз катарын таштап качмак болгондорду "чыккынчы" деп өлтүргөнү тууралуу маалыматтар арбыды. Алсак, 5-февралда Кытайдын өкмөттүк “Чайна глобус” басылмасы сентябрда жихаддан баш тартып, Түркиядагы университеттен окуусун улантмак болгон кытай жараны кыйноого алынып, кийин атып өлтүрүлгөнүн жазып чыкты.

Декабрда кытайлык эки согушкер алты өлкөдөн барган алты жихадчы менен чогуу качмак болгондо кармалып, "саткын" деп атылган. Учурда Кытайдын Шинжаң аймагынан 300дөй жаран Сирияда жихадда жүргөнү айтылат.

Учкучтун азаптуу өлүмүнөн кийин Иордания 4-февралда таң азанда ирактык эки согушчанды дарга асып, өч алды. Алардын бири - Сажида ал-Ришави 2005-жылы Амманда 60тай адамды жайран кылган жардырууга катыштыгы бар деп айыпталган. Ошондо жанкечти аялдын белиндеги бомба жарылса, дагы канчалаган адамдар бейажал өлмөк.

Адамды өч алуу үчүн өлтүрүү демейде гумандуулукка сыйбаган каада катары бааланат. Абдышүкүр Нарматовдун айтымында, пайгамбардын хадиси жана Курандын принциптери менен жашаган мамлекеттерде пенде өч алуу үчүн өлтүрсүн деген мыйзам жок. Шарият боюнча да кылмышкерди кармап алып өлтүрүүгө болбойт. Египеттеги атактуу ал-Асхар университетин бүткөн диниятчы "Маалымат каражаттары мусулмандардын жакшы жактарын көмүскөдө калтырып, терс жактарын көп айтат" деген пикирде.

Иорданиялык учкучту “Ислам мамлекети” тобунун согушчандарынын темир тордун ичинде тирүүлөй өрттөп өлтүрүүсүн ал-Асхар университетинин башчысы Ахмед ал-Таяб сындап, аларды “Шайтан террорчу топ" деп сыпаттады жана уюмдун желдеттерин өлтүрүүгө, аларды кармаган кезде колу-бутун эл алдында кесүүгө чакырды.

Ал-Касасбаны мыкаачылык менен өлтүрүүнү дүйнө лидерлери жана БУУнун баш катчысы катуу сынга алып, айтыптап чыгышты. Иордания халифатчыларга аёосуз согуш жарыялады.

Иорданиялыктар ИМ өлтүргөн учкучка аза күтүүдө
Иорданиялыктар ИМ өлтүргөн учкучка аза күтүүдө

Байкоочулардан баамында, Муаз ал-Касасбаны өлтүрүү “Ислам мамлекети” тобуна каршы коалициянын катарын ого бетер бекемдеди жана арабча "Даиш" деп аталган бул уюмду жок кылуу үчүн кошумча күчтөрдү тартууга мүмкүнчүлүк түздү.

Экстремисттерге Сирияда абадан сокку урууга, Вашингтондун маалымдашынча, АКШ менен кошо Сауд Арабия, Катар, Иордания жана Бахрейн катышууда. Ирактагы жихадчыларга каршы операцияга АКШ менен кошо Австралия, Британия, Канада, Франциянын аба күчтөрү тартылган.

Соңку маалыматтарга караганда, АКШ жана союздаштар 8-августтан бери Сирияда согушчандарга 700дөн ашык сокку урган. Авиасоккунун жүрүшүндө жихадчылардын 280ден ашуун өңүтү, 100дөн ашуун имараты, 60тан көп автоунаасы жана ар кандай техникасы талкаланган. CNN телеканалынын билдиришинче, бул аралыкта согушчандар 6 миңден көп желдетин жоготкон.

4-февралда жихадчылардан Ирактын маанилүү Дияла провинциясы бошотулганын Ирак өкмөтү жар салды. Андан бир апта мурда үч айлык согуштан кийин күрт аскерлери Кобани шаарын ээлешти. Ага карабай, Лондондогу Коопсуздук жана коргонуу маселелерин изилдөө боюнча биргелешкен падышалык институттун аналитиги Синер Барак “Ислам мамлекети” уюмуна каршы согуш жеңил болбойт деп боолгойт:

- Себеби көпчүлүк Араб өлкөлөрүнүн маданияты "Ислам мамлекети" азыр карманган радикалдуу жихад философиясы менен өнүккөн. Ошон үчүн согушчандар менен күрөшүү жеңил болбойт. Анткен менен алардын террордук чабуулдарына, адамдардын башын алуу жана өрттөө сыяктуу зулумдуктарына каршылык бул өлкөлөрдө өсө берет. Бул иш жүзүндө жихадчыл философиянын адамдарды өлтүрүүсүнө каршы көтөрүлүүгө жагдайды даярдайт.

Эксперттердин айтымында, 2015-жылы Ирак менен Сириядагы жихадчылар бат эле алсырап калышы күтүлбөйт, азырынча бул кандуу эрегиш дагы бир топ убакытка созулчудай. Ирактагы саясий биримдиктин жоктугу, элдин бийликке болгон ишеничинин азайганы, Сириядагы башаламандык "Ислам мамлекетинин" чырагына мындан ары да май тамызчу башкы факторлор.​ Ал тургай бул топ Борбор Азияга келүүнү көздөп жатканы айтылууда.

XS
SM
MD
LG