Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:05

“Ислам мамлекети” тобунун айла-амалы


Түркияга качып бараткан Кобани шаарынын тургундары. 6-октябрь, 2014-жыл.
Түркияга качып бараткан Кобани шаарынын тургундары. 6-октябрь, 2014-жыл.

Талдоочулардын айтымында, “Ислам мамлекети” тобун эңгезердей коркунучтуу кылган беш фактор бар.

Ирак жана Сириядагы окуялар көрсөткөндөй, аталган топ жоосуна каршы жанкечтилерди пайдаланат, душманын мыкаачылык менен өлтүрүп, эч аябайт жана жаңы желдеттер менен катарын толуктоодо.

Биринчи фактор - жанкечтилер. “Ислам мамлекети”, кыскача "ИМ" тобу “жаным жаннатка чыгат” деп, өлүмгө барган жанкечтилерди “Ал-Каида”, Талибан жана башка согушчул топторго караганда душманга көп салат.

"Себеби, бул уюмда өлүмгө башын саюуга даяр эргулдар көп жана аларды ракета сымал пайдаланат", - дейт Бейруттагы Жакынкы Чыгыш менен Перс булуңундагы согушту изилдөө институтунун талдоочусу Рияд Кавайжи:

- Бул эл аралык коалициянын учактары акылдуу ракеталарды атканга окшош, бирок айырмасы жанкечтилер бутага алда канча таамай тиет жана шок кылуу элементи чоң, жоонун жүрөгүндө коркунуч жаратат.

"ИМ" шаардагы уруштарда жанкечтилери автомобилди душман тарапта жардыргандан кийин селдей каптап, чабуулга өткөндү адат кылып алган.

Рияд Кавайжинин айтышынча, жанкечти болчу жихадчылар идеологиялык жана психологиялык абалына жараша кылдат тандалып алынат да, сааты келгенде өлүмгө айдалат.

“Ислам мамлекети” тобун кубаттуу кылган экинчи фактор - коркутуу тактикасы. "ИМдин" желдеттери бир нече ирет чабуул коер алдында туткундарды душмандын бет маңдайында мыкаачылык менен өлтүрүп, каршы тараптын жүрөгүнүн үшүн алганын айтат Рияд Кавайжи.

"ИМ" Сириянын өкмөттүк күчтөрүнүн, бийликке оппозициядагы Эркин Сирия армиясын жана дүниябий козголоңчу группалардын туткундарын малдай мууздап өлтүргөн. Июнда Тикритте Ирак армиясынын жүздөгөн аскерлерин, августта болсо Раккада сириялык 120 солдатты мыкаачылык менен өлтүрүшүп, анын видеосу интернетте жарыяланган.

Жихадчылар коркутуу тактикасын карапайым элге каршы да кеңири пайдаланат. Сунни эмес езиддер жашаган жерлерди басып алганда аскер курактагы эркектерди ошо замат атышкан. Бойго жеткен езид кыздарды алып кетип, сексуалдык кулдукка сатышкан.

“Ислам мамлекети” тобунун үчүнчү тактикасы – бул мобилдүүлүгү. Алар согушчандарды майда топторго бөлүп, бир жайдан экинчи жайга ыкчам которуп турушат. Ошон үчүн Батыш расмийлери айткандай, аларга абадан сокку уруу кыйын жана аларды аба чабуулу менен жеңүү мүмкүн эмес. Мындай пикирин Түркиянын президенти Эрдоган да билдирген.

Француз талдоочусу Фабрис Баланчтын айтымында, жихадчылар Сирияда Ракка шаарын басып алгандан кийин эл жыш жашаган маалелерди бекем турук кылып алышкан.

- Эгер сиз үйдү бомбаласаңыз, ошо замат элди элдешкис душманга айланасыз. Крестүүлөр исламга каршы жаңы жортуул баштады, америкалыктар Газадагы израилдиктер сыяктуу адамдарды өлтүрүүдө деп айта башташат. Биз “Ислам мамлекети” тобуна каршы психологиялык согушту тез уттуруп коюшубуз ыктымал,- дейт Лион шаарындагы Греммо изилдөө борборунун Сирия боюнча эксперти Фабрис Баланч.

Төртүнчү фактор - бул “Ислам мамлекети” группасынын ар кайсы өлкөлөрдөгү мусулмандарга кайрылуусу. Лондондук эксперт Шашанк Жошинин баамында, экстремисттик топко кошулууну көксөгөндөр жүздөп, балким миңдеп саналат. Европалыктар үчүн Түркия аркылуу Сирияга жетүү жеңил. Радикалчыл топ өз катарын толуктоодо Дамаск менен Багдадды сунни арабдарынын эзелки душманы Иран колдоодо деп да маалымат таратышууда.

"Бул Европанын сунни мусулмандарын өзүнө тартат", - деп түшүндүрөт Ш. Жоши.

- Алар буга ынанбаса да Сирияда элдин үч жылдан бери жапа чеккени, кыргындар, аба чабуулдарын көрсөткөн картиналар да түрткү болууда. Бул алардын өз катарын толуктоосунун чоң куралы. Андай механизм “Ал-Каидада” эч качан болбогон.

Жихадчылар Сириянын чыгышында жана Иракта суннилерди өз тарабына тартууда күрттөр араб жеринде өз мамлекетин курмак болушууда деп азгырууда.

Бешинчи фактор - алар ислам согушчандарынын буга чейинки каталарын кайталабаганга аракеттенүүдө. 2006-жылы АКШ күчтөрү сунни урууларын курал менен камсыздап, исламчыл согушчандарга каршы коё алган болчу. Ал эми козголоңчу топтор уруулар менен каршылашып, алар менен согушкан. Халифатчылардын башчысы Абу Бакр Багдади, тескерисинче, уруу аксакалдары менен кудалашып, мамилени бекемдемек болууда:

- Ал уруу аксакалынын кызын эмирлердин бирине берүүсүн сурайт. Минтип “Ислам мамлекети” тобу менен уруу кудалашат. Ал ошондой эле, уруу аксакалынын уулун согушка жөнөтүүнү сурайт. Мындай жол менен “Ислам мамлекети” тобу аймактагы бардык уруулар арасында туугандык байланыш орнотулат. Эгер уруу каршы чыкса, бири калбай өлтүрүлөт, - дейт француз талдоочусу Фабрис Баланч.

Ушундай айла-амалдар менен халифатчылардын саны июндан бери эки-үч эсеге чейин көбөйгөн. Түрдүү маалыматтар боюнча, быйыл июнда согушчандардын саны 10 миң делсе, ушу тапта 20 -30 миң чамалуу экени айтылууда.

XS
SM
MD
LG