Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5617
KGS / 
EUR
61,275
KGS / 
USD
46,574

VIP маек

Сөз таануу

Дүйнө

Пакистанда авиакырсыктан 152 адам өлдү

Куткаруучулар тирүү калган эч кимди таба алышпады, 28-июль, 2010

Куткаруучулар тирүү калган эч кимди таба алышпады, 28-июль, 2010

28.07.2010

Бүгүн таң эртелеп Пакистандын борбору Исламабадга жакын жерде Карачи шаарынан келаткан учак кулап түштү. Андагы 152 адамдын баары кырсыктан набыт болушту. Кырсыкка аба-ырайынын бузулганы себеп болушу мүмкүндүгү айтылууда.

Буга чейин куткаруучулар беш адамды тирүүлөй табышканын айтышкан. Бирок Пакистандын өкмөтүнүн расмий өкүлү Имтияз Элахи ал маалымат ырасталбаганын, учактагылардын баары мерт болушканын билдирди.

Учак Пакистандагы AirBlue авиа компаниясына караштуу экенин, бүгүн таң эртелеп түштүктөгү Карачи шаарынан Исламабадды көздөй учканын айтышты.

Пакистанда улуттук аза күтүү күнү жарыяланды. Премьер-министр Юсуф Реза Гилани кырсыкта жакындарынан айрылгандарга көңүл айтып, өлгөндөрдүн арбагы үчүн сыйынып, дуба кылууга чакырды.

Учак кулаганда аймакта токой өрттөнүп кеткендиктен, куткаруучулардын иши кыйындады
“Рейтер” маалымат агенттигине сүйлөгөн Амир Мехмуд ушул учакка отурган бир тууганы тууралуу эч жерден кабар таппай жатканын айтты. “Менин агам Карачиден ушул учак менен келмек, - деди ал. - Бизде эч кандай маалымат жок. Анын ысмы жүргүнчүлөрүнүн тизмесинде турат”.

Азырынча кырсыкка эмне себеп болгону аныктала элек. Бирок ал кантип жерге кулап түшкөнүн көргөн адамдар ошол учурда аба-ырайы кескин бузулуп, асманды калың булут каптап, нөшөрлөп жамгыр жааганын айтышты.

Окуяга күбө болгон Саклайн Алтаф деген киши учак жерге коноордо тең салмактуулукту жоготуп койгонун билдирди.

Полициянын расмий өкүлү Бин Ямин окуя болгон тоолуу, бак-дарактуу жерде кырсык болгондо токой күйүп кеткендиктен, куткаруучулар үчүн азыр иштөө оор болуп жатканы кабарлады.

Исламабаддагы эларалык аба майданында жүргүнчүлөрдүн ондогон жакындары топтолуп турушат. Аларда тууган-туушкандарынын тагдыры жөнүндө эч кандай маалыматы жок экенин билдиришүүдө.

AirBlue – баш кеңсеси Карачиде жайгашкан кичинекей эле менчик компания. Анын өкүлү Рахил Ахметтин айтымында, бул окуя компаниянын ишиндеги адамдардын өлүмүнө алып келген алгачкы кырсык болуп калды.

Сиздин JavaScript программаңыз өчүп турат, же болбосо Сизде Adobe программасынын Flash Player усулунун эски варианты гана бар. Жаңыртып алыңыз: Эң соңку Flash player версиясын көчүрүү.

Бул шерине жабылды
     
Пикир
Бул шеринеге эч пикир жарыялана элек. Башаттык ойду сиз жаза аласыз.
     
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

Сөздүн күчү бүткөн жерде музыка башталат Видео тасма

Бишкекте “Толеранттуулук – тынчтыкка карай жол” аттуу концерт өттү. Анын негизги катышуучусу Москвадагы эл аралык пианисттер сынагынын лауреаты, Москва консерваториясынын аспиранты, белгилүү пианист Азамат Сыдыков болду.

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)