Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:43

"Ислам мамлекети" менен күрөштө Иракка жардам убада кылынды


Париждеги эл аралык жыйын. 15-сентябрь, 2014-жыл.
Париждеги эл аралык жыйын. 15-сентябрь, 2014-жыл.

Парижде отуздай өлкөнүн өкүлдөрү катышкан жыйында согушкерлердин “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөшүүсү үчүн Иракка “талаптагыдай аскерий жардам” убада кылынды.

Ирактын президенти Фуад Масум Париждеги жыйындын ачылышында сүйлөп жатып, “Ислам мамлекети” тобунун Ирактагы согушкерлерине каршы абадан сокку уруу өнөктүгүн “ыкчам” жана “туруктуу” жүргүзүүгө үндөдү. Анын ырастоосуна, мунсуз топ дагы жаңы аймактарды ээлеп, анын коркунучу азыркыдан да чоңойушу мүмкүн.

Фуад Масум ошондой эле “Ислам мамлекети” тобун каржы булактарынан жана катарына башка өлкөлөрдөн жаңы согушкерлерди тартуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу үчүн глобалдык кызматташтык зарылдыгын белгиледи:

- Биз террорчулардын жайларына каршы абадан жүргүзүлгөн операция такай улантылуусун суранып жатабыз. Биз алардын башкалкалооч жай түзүүсүнө жол бербей, кайсыл жерде болсо артына түшүүбүз керек. Биз алардын каржы булактарын кыркышыбыз абзел. Адамдардын алар менен кызматташуусуна бөгөт койгон мыйзамдарды чыгарышыбыз зарыл. Коңшу өлкөлөрдөгү согушкерлер алардын катарына кошулуусун токтотушубуз керек.

Ирак президенти согушкерлерди “бандиттер” деп атап, алар “этникалык, диний” тазалоо аракеттери менен “геноцид” жана адамзатка каршы кылмыш жасаганын кошумчалады.

Ал эми жыйындын конок ээси, француз президенти Франсуа Олланд өз сөзүндө буларды айтты:

- Бул террордук кыймыл Ирактын жана Сириянын аймагына жайылды. Бул террордук кыймыл чек араларды жерийт жана мамлекет куруу мүдөөсү бар. Бул - глобалдык коркунуч. Андыктан ага карата жооп да глобалдык болушу керек.

“Ислам мамлекети” тобунун буга чейин динин өзгөртүүдөн баш тарткан адамдардын өмүрүн кыйышы, америкалык эки журналисттин башы алынган видеону таратышы алардын мыкаачылыгынан кабар берген эле.

Топ Париждеги жыйындын жуп алдында топ британ жараны, гуманитардык кызматкер Дэвид Хайнестин башы алынган учур тартылган видеону жарыялады. Ага катар Британия Ирактын өкмөттүк жана күрттөрдүн пешмерга күчтөрүн колдоону токтотпосо, туткундагы дагы бир британиялык өлтүрүлөрүн эскертти.

Британия АКШга кошулуп, согушкерлердин турумдарына абаддан сокку урууга катышпаганы менен Кипрдеги базасынан Иракка чалгындоо максатындагы учууларды жасоодо. 15-сентябрдан тарта мындай учууларды Бириккен Араб Эмираттарындагы базасынан Франция да баштады жана Париж согушкерлердин Ирактагы турумдарына аба соккуларын жасоо ишине кошуларын айтууда.

Кошмо Штаттардын Париждеги жыйынга араб өлкөлөрүн кыдырган соң келген Мамлекеттик катчысы Жон Керринин сөздөрүнө караганда, “Ислам мамлекети” тобуна каршы коалицияга кошулууга Перси булуңунун он араб өлкөсү макул болду.

АКШ Ирак өкмөтүнүн жихадчы согушкерлер менен күрөшүн август айынан бери абадан колдоодо. Андан бери америкалык учактар согушкерлердин турумдарына 160тай ирет сокку урган.

Аба соккулары эми күчөтүлүү менен Сириянын аймагына да кеңейтилип, “Ислам мамлекети” тобун биротоло талкалоо үчүн эл аралык коалиция куроого аракет жасаларын АКШ президенти Барак Обама 10-сентябрда жарыялаган. АКШнын чалгын кызматтарынын эсебинде, “Ислам мамлекети” тобунда 20 000ден 31 500ге чейинки санда согушкер бар.

Батыштын чоң өлкөлөрүнөн Австралия коалицияга 600 аскерин, 10 аскерий учагын сунуш кылды.

Германия аба соккуларына катышпасын айтып, бирок Ирактын күрт автономиясына курал жөнөттү. Ирактын өкмөттүк күчтөрүнө куралды Италия да берүүдө.

Талдоочулардын баамында, коалицияга кошулган араб өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнөн “Ислам мамлекети” тобунун каржы булактарын кыркуу талап кылынат.

Ирактык талдоочу Исам Хафажи “Азаттык” менен маегинде топ каржыны кайдан алып жатканы тууралуу буларды айтты:

- Башында алар акчаны Катар, Кувейт жана башка жерлердеги бай адамдардан алган. Былтыртан бери болсо согушкерлер Сириянын мунай чыккан аймактарын көзөмөлдөшөт. “Ислам мамлекети” тобу расмий түрдө өзүн Башар Асаддын режимине каршы деп көргөзгөнү менен эки ортодо түрдүү себептерден улам кандайдыр бир макулдашуулар бардыгынын далилдери бир топ. А түгүл алар өндүрүлгөн мунайды Башар Асаддын режимине сатары да белгилүү. Демек аларда каржынын өздүк булагы бар, бирок азыр деле тышкы булактардан өзгөчө Катардан, Перси булуңундагы бай адамдардан акча алууну улантып жатышат.

Жакынкы Чыгыш боюнча эксперттер “Ислам мамлекети” тобу Ирактын алар көзөмөлдөгөн аймактарынан да күнүнө наркы 1,2 миллион доллардык мунай өндүрөт жана ал товарды Ирактын өзүндө, ошондой эле Түркияга сатат деп боолгошот.

Түркия -Сирия чек арасындагы өткөөл бекеттердин бири. 22-октябрь: 2013-жыл.
Түркия -Сирия чек арасындагы өткөөл бекеттердин бири. 22-октябрь: 2013-жыл.

Жихадчы согушкерлердин колунда 49 жараны туткунда турган Түркия “Ислам мамлекетине” каршы коалициянын чечүүчү мүчөсү катары каралууда.

Расмий Анкара аскер-аба базаларын АКШ согушкерлердин Ирактагы турумдарына сокку урууда колдонуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарды.

Бирок Түркиянын милдети - чет элдик согушкерлер Сирияга кирип-чыгышын токтотуу. Сирия президенти Башар Асаддын бийликтен кулатылышын жактагандыктан, Түркия согушкерлердин чек арадагы кыймылына буга дейре кош көңүл мамиле жасап келген эле.

Аймактагы өлкөлөрдөн Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменейи Париждеги конференцияга тушташ алар АКШнын “Ислам мамлекети” тобуна каршы кызматташуу өтүнүнчүн четке какканын айтып чыкты.

Вашингтон мурдараак “Ислам мамлекети” тобуна каршы коалицияда Сирия президенти Башар Асаддын режиминин колдоочусу катары саналган Ирандын болушу ылайыксыздыгын билдирип, ал эми Башар Асадын өкмөтү менен кызматташуу мүмкүнчүлүгүн такыр эле четке каккан.

Мамлекеттик катчы Жон Керринин айтымында, согушкерлердин Сириядагы турумдарына абадан сокку жасалса да ал расмий Дамаск менен координацияланбайт.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG