Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:42

ИМ Иракта байыркы эстеликтерди бүлүнтүүнү улантууда


Хатра сепил шаарындагы байыркы храм. Байыркы Рим дооруна таандык жана 2 миң жылдан ашуун убакыт мурда курулган бул храм Мосул шаарынан 100 чакырым түштүк батыштагы чөлдө жайгашкан. 13-октябрь 2010
Хатра сепил шаарындагы байыркы храм. Байыркы Рим дооруна таандык жана 2 миң жылдан ашуун убакыт мурда курулган бул храм Мосул шаарынан 100 чакырым түштүк батыштагы чөлдө жайгашкан. 13-октябрь 2010

“Ислам мамлекети” уюмунун согушчандары Ирактын түндүгүндө адамзаттын байыркы тарыхый дөөлөтүн кыйратууну улантууда.

Орто кылымдардагыдай шарият негизинде башкарылган халифат курууну көздөгөн жихадчылар биздин заманга чейинки VII кылымда курулган байыркы Ассириянын борбору Дур-Шаррукин шаарындагы көөнө эстеликтерди талкалап жатканын Ирак бийликтери маалымдады.

8-мартта Ирактын туризм жана байыркы мурастарды коргоо министри Фахд Шаршаб Багдаддагы маалымат жыйынында АКШ башындагы эл аралык коалициядан өлкөдөгү дүйнөлүк мурастарды халифатчылардан сактоого көмөктөшүүнү өтүндү.

- Биз эл аралык коалицияга кайрылабыз жана жоопкерчиликти аларга да жүктөйбүз. Коалициянын береги топторго каршы жетерлик аракеттенбегени жана алардын жасаган кылмыштары үчүн жазаланбай калганы, алардын чабуулду, (тарыхый жайларды) кыйратууну жана талап-тоноону улантуусуна дем берип жатат. Менимче, көпчүлүк бул пикиримди колдойт.

Дур-Шаррукин шаарынын калдыктары 19-кылымдын ортосунда француз археологдору тарабынан табылган жана ассириология илимине негиз салган. Биздин заманга чейинки VII кылымга таандык тарыхый мурас корголбосо, Нимруд шаарынын тагдыры кайталанышы мүмкүн. Биздин заманга чейинки XIII кылымда негизделген Нимруд шаарынын калдыктарын булдозер менен түртүп, тегиздеп жатканын көрсөткөн видеотасманы “Ислам мамлекети уюму”өткөн жумада жарыялаган.

Жихадчылар өткөн жумада Найнава провинциясында байыркы парфяндардын Хатра шаарынын урандыларын да кыйратышкан.

Ирактын байыркы мурастарды коргоо кеңешинин мүчөсү Каиз Рашид 8-мартта "Рейтер" агенттигине берген интервьюда халифатчыларга каршы чечкиндүү аскерий чаралар көрүлбөсө, алар дагы башка археологиялык мурастарды кыйратып, талап-тоношорун айтты.

- Өткөн аптада Ирактын түндүгүндөгү Хатра шаарын жана Нимруддагы археологиялык жайларды булдозерлер менен сүрдүрүү оңдолгус жаңылыштык болду. Эл аралык коалиция оор техниканын кыймылын көзөмөлгө алып, кыйратууларга жол бербесе болмок.

Улуттар уюмунун илим, билим жана маданият боюнча уюму-ЮНЕСКОнун башкы директору Ирина Бокова Хатра жана Нимруддагы тарыхый эстеликтерди кыйратууну “маданиятты тазалоонун, эс тутумду өчүрүү стратегиясынын бир бөлүгү” деп сыпаттап, жихадчылар байыркы эстеликтерди өздөрүн каржылоо үчүн сатып да жатканына көңүл бурган.

Хатра шаары биздин заманга чейинки III-II кылымдарда Селевкид империясы тарабынан курулган жана биздин замандын I-II кылымдарында ири соода жана диний борбор болгон.

Ирактык журналист ал-Хайдари Мояд да жихадчылар Мосулдагы жана башка жерлердеги музейлерден уурдаган эстеликтерди кара базарга аткезчилик жолдор менен сатып жатканын белгиледи.

- Алар тарыхый-архитектуралык эстеликтерди уурдашып, Ирактан сырт жактарга сатышат. Андан пайда көрүшөт.

Ал-Хайдаринин айтымында, Иракта 12 миң байыркы эстелик жай катталган жана ЮНЕСКО алардын кээ бирлерин дүйнөлүк маданий дөөлөт деп жарыялаган.

Жихадчылар Сирияда да байыркы замандан калган тарыхый жайларды жана имараттарды кыйратып, талап-тоношууда жана зер баа буюмдарды кара базарга чыгарышууда. Ушундан улам жакында эле Бириккен улуттар уюму Сирияга таандык тарыхый мурастар менен соода кылууга тыйуу салган.

Археологдор Ирактын көөнө маданий дөөлөттөрүн “Ислам мамлекети” тобу тарабынан бутпарастык объект катары кыйратууларын 2001-жылы ооган талиптеринин Бамиян провинциясындагы тоонун бооруна чегип жасалган Будданын эстеликтерин бомба коюп жардыруулары менен салыштырышууда.

Жихадчылар цивилизациянын бешиги эсептелген Месопотамиядагы адамзаттын өнүгүүсүнүн маанилүү баскычтарын көрсөткөн материалдык дөөлөттөрдү жок кылышууда дешет археологдор. Алардын айтымында, бул эстеликтер жашы боюнча Байыркы Египет заманы менен тең, ал эми байыркы Рим, байыркы Греция, атүгүл байыркы Кытай жана Индия доорунан сакталып калган эстеликтерден улуу деп эсептелет.

“Ислам мамлекети” тобунун согушчандарды февраль айынын этегинде эле Ирактын түндүгүндөгү Мосул шаарынын борбордук китепканасын күлгө айлантып, 10 миң китепти, анын ичинде өтө сейрек китептерди өрттөшкөн.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG