Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:10

Ирактын батышында кырдаал курчуду


Ирак армиясы Анбар провинциясында баштаган операцияга жооп кылып, сунни согушчандары кан жолдо дөңгөлөктөрдү өрттөөдө. 30-декабрь 2013-жыл.
Ирак армиясы Анбар провинциясында баштаган операцияга жооп кылып, сунни согушчандары кан жолдо дөңгөлөктөрдү өрттөөдө. 30-декабрь 2013-жыл.

Ирактын батышындагы Анбар провинциясында абал кайра оорлоду. 1-январда ислам согушчандары Фалужа жана Рамади шаарларындагы полицияканаларга кол салды.

Жергиликтүү бийликтердин маалымдашынча, козголоңчулар бир нече полициякананы өрттөп, ондогон туткундарды бошотуп, курал-жаракты тоноп кеткен. Кооптуу жагдайдан улам премьер-министр Нури Малики провинциянын шаарларынан аскерлерди чыгаруу жөнүндөгү 31-декабрдагы чечимин токтотту.

Ирак армиясы чөлдүү Анбар жана ортолуктагы Багдад провинцияларынын чек арасына чукул жерде жүрүп жаткан операция кезде 30 чакты согушчанды жок кылды. Бул жөнүндө бейөкмөттүк IraqiNews.com агенттиги армиянын өкүлү, бригадир Саад Манга шилтеп кабарлады. Премьер-министр Нури Малики жаңы жыл алдында армияга Анбар провинциясынан чыгып кетүүнү буйруп, коопсуздукту камсыздоону полицияга жүктөгөн. 1-январда үч күн мурда киргизилген коменданттык саат да токтотулган.

Согушчандардын чабуулдарына байланыштуу Малики 2-январда негизинен суннилер жашаган провинциядан аскерлерди чыгарып кетүү жөнүндөгү чечимин бузду жана аймакка кошумча күчтөрдү жөнөтүүнү буйруганын өкмөттүк "Иракия" телеканалы кабарлады.

Рамади шаарындагы согуштан бир көрүнүш. 1-январь 2014-жыл
Рамади шаарындагы согуштан бир көрүнүш. 1-январь 2014-жыл
31-декабрда эле аскерлер Анбар провинциясынын борбору Рамади шаарында жана анын чет жакаларында өздөрүн “уруулардын эрегишчилери” деп атаган согушчандар менен салгылашып жатканын “Азаттыктын” кабарчысы Абдулкалык Мухаммад билдирген. Анын кабарлашынча, Рамадини суу менен камсыздоо борборунун директорун белгисиз бирөөлөр атып кеткенден кийин, калаага суу берилбей калган. Азык-түлүк да кымбаттап кеткен.

“Наабайканаларга кезек күткөндөрдүн аягы көрүнбөйт, - деп билдирген “Азаттыктын” кабарчысы.- Үйлөрдө ун жетишпейт. Бүгүн базарга барсам, баа асмандап кетиптир. Бир килограмм помидор 5 000 динар (4 доллар 30 центке чукул акча) чыгып кетиптир. Мурда 500 динардан (43 цент) кымбат болчу эмес”.

Рамадидеги куралдуу калаба 30-декабрда сунни козголоңчулардын лагери коопсуздук күчтөрү тарабынан жыйналып алынгандан кийин күчөдү. Бул, батыш маалымат булактарынын билдиришинче, өлкөдөгү сунни азчылыгы менен Нури башындагы шииттер жетектеген өкмөт арасындагы узактан бери дымып күйбөй турган чатакка “от жаккандай” эле болду.

2013-жылдын башында бир нече провинцияда суннилер Нури Маликинин өкмөтүнө баш ийбесин айтып, массалык демонстрация өткөрө баштаган. Рамадидеги лагерь ошондо пайда болгон. Суннилер өлкөдөгү мыйзамдар суннилердин укуктарын чектейт, Саддам Хусейн тушунда чоң кызмат ээлеген суннилерди өкмөттүк кызматка отургузбайт деп санашат. Британдардын Gardian гезитинин жана башка булактар жазгандай, суннилер менен өкмөт арасындагы араздашуу апрелде армияны Рамадидеги нааразылык лагерин таркатканы жатып, 49 адамды атып койгондон соң ого бетер курчуган.

Лагерь бузулгандан кийин парламенттин 44 депутаты мандаттарын тапшырып беришти. Өкмөттүн сунни мүчөлөрү да отставкага кетерин жар салышты. Алар, ошондой эле, армияны Анбар провинциясынан чыгарып кетүүнү жана 28-декабрда камалган депутат Ахмад ал-Алванини абактан чыгарууну талап кылышты. Алванинин бир тууганы жана беш жансакчысы камакка алуу маалында атып өлтүрүлгөн.

Сунни диниятчылары Анбар провинциясындагы жагдайга байланыштуу маалымат жыйынын өткөрүшүүдө. Багдад, 30-декабрь 2013-жыл
Сунни диниятчылары Анбар провинциясындагы жагдайга байланыштуу маалымат жыйынын өткөрүшүүдө. Багдад, 30-декабрь 2013-жыл
Премьер-министр Малики 1-январда депутаттарды парламентте калууга чакырды.

Улуттар Уюму жаңы гана жарыялаган маалыматтар боюнча, өткөн 2013-жыл Иракта 2008-жылдан берки эң кандуу жыл болду. Куралдуу зобун-зордуктарда 7818 жаран жана 1050 аскер менен полициячы апаат болгон. Декабрь айында гана 759 адам өлсө, алардын 661и жөнөкөй жарандар жана 98и коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлери.

Баш кеңсеси Британияда жайгашкан Ирактагы адам чыгымдарын эсептөөчү бейөкмөттүк уюм да өз маалыматын жарыялады. Ага караганда, 2013-жылы Ирактагы калабаларда 9474 жаран өлтүрүлгөн. 2008-жылы уруштун кесепетинен 10130 адам набыт болгон.

XS
SM
MD
LG