Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 17:58

Дүйнө

Ирактагы шайлоого миңдеген байкоочу катышат

Иракта 7-мартта парламентке шайлоо өтөт. Добуш берүүнүн жүрүшүнө миңдеген байкоочулар көз салып турушмакчы. Алардын баасы парламенттин, демек, келерки өкмөттүн мыйзамдуулугун аныктоодо өзгөчө мааниге ээ.

Иракта шайлоого 19 млн.дой жаран катышууга укуктуу
Текст көлөмү - +
Жергиликтүү болобу, эларалыкпы, 7-марттагы шайлоодо баардык эле байкоочулардын ишине өзгөчө көңүл бурулат. Анткени алардын бүтүмү келерки парламенттин мыйзамдуу же мыйзамсыз шайланганын аныктоодо негизги көрсөткүч болуп бермекчи.

Стивен Мандан - Евробиримдиктин атынан барган байкоочу. Ал Ирактагы Күрд автономиялуу регионунда шайлоонун жүрүшүнө көз салат.

"Шайлоо бекеттеринде байкоочулардын көптүгү чындап эле таң калтырат, дейт европалык байкоочу. - Биз болгон баардык шайлоо бекеттеринде негизги саясий партиялар өздөрүнүн адамдарын, өкүлдөрүн коюп коюшуптур".

Азыр коопсуздук чаралары күчөтүлгөндүктөн, бир топ чет мамлекеттер Ирактагы шайлоого өздөрүнүн байкоочуларын жиберишти.

Өткөн аптада Ирактагы Көзкарандысыз жогорку шайлоо комиссиясынын мүчөсү Карим Ал Тамими билдиргенине караганда, Евробиримдиктен, Улуттар уюмунан, АКШ, Канада, Австралиядан, ошондой эле Ислам конференциясы уюмунан байкоочулар келишти.

Бирок шайлоого көз сала тургандардын басымдуу бөлүгүн Ирактын өзүндө шайлоого катыша турган партиялардын адамдары түзүшмөкчү.

Шайлоо эрежелерине ылайык, ар бир партия өзү катыша турган региондордогу шайлоо бекеттеринде добуш берүүгө жана добуштарды саноого көз салуу үчүн өздөрүнүн кишилерин койгонго укуктуу.

Парламентти шайлоо күнү жакындаган сайын коопсуздук чаралары да күчөтүлө баштады.

Багдаттагы 6-шайлоо бекетинде иштеген Аббас Ал Хакимдин айтымында, алар иштеген жакта коопсуздук органдары өткөн айдан тарта эле иштей башташкан.

"Коопсуздук күчтөрү 10 күндөн бери катуу иштеп жатышат. Алар мыкты даярдыктан өтүшкөн, демек, шайлоо күнү абалды көзөмөлдөй алышат. Кудай буйруса, шайлоо күнү баары жакшы болот", - деп ишенет Ал Хаким.

Коопсуздук боюнча коркунуч ушул аптанын бейшембисинде Багдатта алдын ала добуш берүүдө пайда болду. Анткени ал күнү эки жерде жанкечтилер өздөрүн жардырып жиберип, 12 адам набыт болгон. Андан бир күн мурда Дияла вилоятындагы жандыруудан 33 адам мерт болгон эле.

Шайлоо күнү Багдаттын борборунда көчөлөр жабылып, кыймыл токтотулат.

АКШнын аскер командачылыгынын өкүлү билдиргенине караганда, америкалык аскерлер тез аракеттенүүчү күч катары кызмат кылышмакчы.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Пикир
     
Бул шеринеге эч пикир жарыялана элек. Башаттык ойду сиз жаза аласыз.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)