Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:51

Ирак жана Сирия: кечээ, бүгүн, бүдөмүк келечек...


Суннилер мечиттин алдында учурашууда. Багдад, 8-август, 2013-жыл
Суннилер мечиттин алдында учурашууда. Багдад, 8-август, 2013-жыл

Сирия менен Ирактагы кандуу cогуштар Жакынкы Чыгыштын саясий картасын өзгөртөбү деген эксперттердин талкуусуна жем таштады.

АКШдагы эксперт Робин Райт сентябрь айында The New York Times гезитине жазган макаласында Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөр этностук жана диний ажырымы боюнча бөлүнсө, чөлкөмдүн саясий картасы кандайча өзгөрөт деген суроонун үстүндө ой жоруйт.

Райттын теориясы боюнча Жакынкы Чыгыштагы темирдей бекем башкаруучу режимдердин децентрализациясы Осмон империясы кулагандан кийин европалыктар аныктап берген чек араларды бузуп, чөлкөмдөгү этностук жана диний топтордун биригүү жараянын жандантты.

Иракта жакында башталган куралдуу кармаш америкалык эскперттин теориясын тастыктагандай таасир калтырат.

Соңку жылдары Ирактын батышындагы сунни согушкерлердин көпчүлүгү Сириядагы үч жылга аяк баскан жарандык согушка аралашып кеткен. Алардын бири "ал-Каида" менен байланышкан "Ирак менен Леванттын Ислам мамлекети" тобу Иракта куралдуу кармашка кирди. Ирактык суннилердин уруу башчылары кечээге чейин эле радикал топторго каршы күрөшүүдө бийликтин позициясын колдоп келген.

"Азаттык" Жакынкы Чыгыштын Осмон империясы маалындагы, учурдагы жана келечектеги болжолдуу сценарийинин картасын сунуштайт.

ОСМОН ИМПЕРИЯСЫ

ХХ кылымдын башында саясий картада Ирак же Сирия мамлекеттери болгон эмес. Жакынкы Чыгыштын көпчүлүк бөлүгү 450 жылдык тарыхы бар Осмон империясынын башкаруусунда турган. Азыркы Ирак менен Сириянын территориясынын көпчүлүгү өз алдынча түзүлгөн ислам мамлекеттерине таандык болгон.

АЗЫРКЫ КАРТА

Биринчи Дүйнөлүк согуш Осмон империясынын кыйрашына жана Жакынкы Чыгыштын ич ара бөлүнүүсүнө жол ачкан. Улуттар Лигасы (1945-жылы ишмердүүлүгүн токтотуп, Улуттар Уюму - БУУ түзүлгөн) Улуу Британия менен Францияга чөлкөмдө чек араларды аныктап башкаруу мандатын берген. 1940-жылдын этегинде жаңы мамлекеттер түзүлүп, бирок мурун аныкталган чек аралар сакталып калган. Көз карандысыз күчтүү борборлошкон бийлиги бар, жалпысынан светтик мүнөздөгү мамлекеттер араб улутчулардын дооруна кирген.

1960-жылдын аягынан тарта 2003-жылы АКШ башында турган куралдуу күчтөр Саддам Хусейинди тактан кулатканга чейин суннилердин Ba'ath партиясы Иракта бийликте турган. Сирияда болсо шийилерден бөлүнүп чыккан алавиттердин өкүлү Асаддын үй-бүлөсү соңку 40 жылдан бери бийликте отурат.

КЕЛЕЧЕКТИН БОЖОМОЛУ

Ирактагы куралдуу кармаштан, Сириядагы жарандык согуштан улам диний жана этностук топтордун ортосунда бөлүнүү күчөдү.

Иракта бийликте турган шийилер өлкөнүн саясий турмушуна суннилердин активдүү аралашуусун жактырбайт. Ага кошумча коррупция менен жердешчилик диний ажырымды огобетер күчөтүүдө.

Келечектин болжолдуу картасы америкалык эксперт Робин Райттын теориясына жана Колумбия университетиндеги этнографиялык карталарга, "Азаттыктын" аймактык эксперттеринин маалыматына негизделген. "Келечектин картасы" эгерде чөлкөмдө кырдаал курчуй берсе, Ирак менен Сирия төрт жаңы мамлекетке ажырап кетиши мүмкүн деген божомолду берет.

· Шийилердин мамлекети. Ирактын түштүк чыгышында суннилер жашаган чакан тилкени кошпогондо Багдаддан Ирандын түштүк чыгыш чек арасына чейин шийилердин таяна турган негизги күчү жайгашкан. Өлкөнүн батыш тарабында жыш жашаган суннилер болсо аймактагы шийилерге өтө таасирдүү Тегеранды жактырбайт.

· Суннилердин мамлекети. Иракта суннилер жашаган аймак Багдаддан батышка созулуп, Сириянын бир топ жерин камтыйт. Сириядагы үч жылдык согуш сунни көпчүлүктүн жеңишине баш алып калгандай. Эгер суннилер бийликке келсе, өлкөнүн көпчүлүк бөлүгү Ирактын суннилери менен кошулуп кетүүсү дагы ыктымал.

· Күрттөрдүн мамлекети. Автономдуу жана салыштырмалуу стабилдүү Ирактын күрттөр жашаган бөлүгү Багдаддан мүмкүн болушунча экономикалык эркиндик алууну көздөйт (Маселен: Түркия менен мунай келишимдерин түзүүнүн аракетин көрүүдө) жана Сириянын түндүк чыгышындагы күрттөр менен кызматташат.

· Алавиттердин мамлекети. Сирияда алавиттер азчылык экенине карабастан, өлкөдөгү христиандардын күчтүү колдоосу менен Сириянын көпчүлүк аймагын көзөмөлдөп турат. Башар Асаддын режимине каршы оппозиция Дамаск суннилерди өлкөнүн батышына атайын отурукташтырып, келечекте алавиттердин мамлекетин түптөөнү көздөйт деп айыптайт. Азырынча алавиттердин катуу таянычы - борбору Латакия болгон өлкөнүн түндүк батышы. Эгер Башар Асаддын режими коргонууга мажбур болсо, анда Латакиядан башпаанек табат.

Бул эки өлкөдөгү кырдаал азыркыдай эч өзгөрбөй калышы дагы толук мүмкүн.

Чөлкөмдөгү диний чыңалууга карабастан, коңшу чоң өлкөлөр жана дүйнөлүк державалар Жакынкы Чыгышта болуп кетчү масштабдуу катаклизмдерден чочушат. Андыктан алардын бардыгы Ирак менен Сириянын азыркы чек араларын сактап калууга аракеттенишет.

Арабдардын биригүүсү диний ажырымга караганда солгун болсо дагы кайсы бир деңгээлде роль ойношу мүмкүн. Ирактын шийилери Ирандагы шийилерден айырмаланып турарын белгилешет. 1980-жылдардагы Иранга каршы күрөштө жүз миңдеген ирактык суннилер менен шийилер бирдей жок болгон.

Ошондой эле Ирактын бийликтери өз территориясынын кайсы бир бөлүгүн жөн эле берип койбойт. Жаатташкан шийилер менен суннилер бийликти бөлүштүрүү боюнча бир мунасага келиши мүмкүн экендигин дагы эстен чыгарууга болбойт.

Гленн Кейтс
"Эркин Европа/Азаттык" радиосу

XS
SM
MD
LG