Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:52

Орусия Иранга сокку уруунун опурталдуулугун эскертти


Ирандын Натанз уран байытуучу жайы. Сүрөт 2005-жылы тартылган.
Ирандын Натанз уран байытуучу жайы. Сүрөт 2005-жылы тартылган.

Тегеран АКШ менен Израилди Ирандын өзөктүк жайларына аскерий сокку уруу максатында дүйнөндөн колдоо издеп жатканы үчүн айыптады. Бул аралыкта Орусия жогорудагыдай кадам “өтө олуттуу ката” болорун эскертти. Мындай сөздөр МАГАТЭ уюму Иран өзөктүк куралга жетүүнү көздөп жатканын ишара кылган жаңы далилдерди бүгүн-эртең жарыялайт деген жоромолдорго тушташ айтылууда.

Тегеран АКШ менен Израилди Ирандын өзөктүк жайларына аскерий сокку уруу максатында дүйнөдөн колдоо издеп жатат деген айыптоосун кечээ, 7-ноябрда айтып чыкты. Ал тараптан мындай билдирүү Израилдин президенти Шимон Перес Иранга аскерий сокку уруу ыктымалдуулугу күчөп жаткандыгын белгилеген соң жасалды.

Иран менен өзөктүк энергия жаатында кызматташкан жана Батыштын Тегеранга каршы санкцияларын адатта дароо колдобогон Орусия ыктымал аскерий сокку орду толгус кесепеттерге алып келерин эскертүүдө.

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров кечээ Москвадагы басма сөз жыйында мындай деди:


- Бул алдын ала айтуу мүмкүн эмес кесепеттерди алып келүүчү олуттуу ката болот. Дүйнөнүн бүткүл проблемалары сыяктуу эле Ирандын өзөктүк программасы боюнча проблеманы да аскерий жол менен чечүү мүмкүн эмес.

Орус тышкы иштер министринин жогорудагы сөздөрүнө тушташ иран президенти Махмуд Ахмадинежад АКШны анын өлкөсүнүн аскерий кубаты өсүп, Израил жана Батыш менен атаандаша алгыдай болуп калгандыгы кооптондуруп жатканын айтып чыкты.

Египеттин мамлекеттик “ал-Ахбар” гезитинде жарыяланган маегинде Ахмадинеджад Иран өзүнө каршы кандайдыр бир чарага “жол бербесин” белгилеп, “Ирандын мүмкүнчүлүгү өсүүдө, биз дүйнөдөгү атаандаштыкка жөндөмдүү болуп жатабыз. Азыр Израиль жана Батыш, айрыкча АКШ Ирандын ролу жогорулоосунан чоочулоодо”, - деп ырастады.

Мунун алдында Израилдин президенти Шимон Перес Иранга сокку уруу ыктымалдуулугу улам жакындап бара жаткандыгын өткөн ишембидеги телеинтервьюсунда айткан эле. Иран өзөктүк курал жасоого аз калганынан анын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөргө тартылган өлкөлөрдүн атайын кызматтары кабардар экендигин белгилеп, “алар саат желеси чыкылдап келе жатканын көрүүдө жана лидерлерге убакыт аз калганын эскертишүүдө”, - деп белгилеген.

Ошол эле күнү жергиликтүү “Hayom” гезитинде жарыяланган маегинде Перес “дипломатиялык карым-катнашка караганда, Иранга аскерий сокку уруу ыктымалдуулугу абдан жогору. Биз ар бир мүмкүнчүлүктү карай алыш үчүн сабырдуу болуп, кысымга алдырбашыбыз абзел”, - деп кошумчалган.

Иран менен анын шектүү өзөктүк программасына камтама болгон тараптар ортосундагы бул жолку чыңалуу басма сөзгө чыгып кеткен маалыматтар МАГАТЭ бүгүн же эртең жарыялоочу баяндамасында Иран өзөктүк курал программасын жашыруун өнүктүрүп жатканы боюнча жаңы далилдерди берерин ишара кылган учурга туш келүүдө.

Улуттук коопсуздук маселелерин изилдөө боюнча Тель-Авивдеги институттун эксперти Эмили Ландау мындай дейт:

- Шейшемби күнү жарыялануучу баяндама балким Ирандын өзөктүк программасынын абалы боюнча жаңы деле маалымат бербейт. Бирок биз Иран аскерий өзөктүк программасынын үстүнөн чындап иштеп жатабы же жокпу, балким ушул боюнча ишеним жагы бекемирээк айтылган баяндамага күбө болобуз.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү: АКШ, Британия, Кытай, Орусия, Франция Иранды шектүү өзөктүк программасынан баш тартыруу боюнча бир нече жылдан бери сүйлөшүү өткөрүп, бирок майнап чыгара албай келишет. Орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымында, көйгөйдү чечүүнүн жалгыз жолу былтыр декабрда үзгүлтүккө учураган сүйлөшүүлөрдү калыбына келтирүү үчүн мүмкүн болгон шартты түзүү:

- Аскерий кийлигишүү өлүм-житимдин, адамдар кабылган азап-тозоктун бир нече эсеге көбөйүшүнө гана алып барат. Кайсыл жаңжаал болбосун БУУнун уставында дүйнөлүк коомчулук жактырган принциптердин негизинде чечиле алат.

Бул аралыкта кечээ Берлинден немец тышкы иштер министрлигинин өкүлү эгер МАГАТЭнин жаңы баяндамасы Иран эл аралык коомчулуктун талабына баш ийбегенин ырастаса, Германия ага эл аралык милдеттемелерин аткаруусу үчүн саясий жана экономикалык кысымды күчөтүүгө чакырарын билдирди. Германия БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү эмес, бирок Иран боюнча сүйлөшүүлөрдүн туруктуу катышуучусу.

Коопсуздук кеңештин туруктуу мүчөсү - Франциянын тышкы иштер министри Ален Жюппе “Европа 1” радиосуна берген интервьюсунда Иранга аскерий сокку уруу аймакты дестабилдештирерин эскертти:

- Биз Иранга кысым көргөзүү үчүн али санкцияларды күчөтө алабыз жана биз ушул нукта уланта беребиз. Анткени аскерий жактан кийлигишүү аймакты толугу менен дестабилдештирген кырдаалды жаратат.

БУУнун Коопсуздук кеңеши Иран өзөктүк бомба жасоодо колдонулуучу зат - уранды байытууну токтотуу жөнүндөгү талаптарды орундабаганы үчүн ага каршы буга чейин төрт ирет санкция киргизген.

Израиль жана Батыш Иран өзөктүк куралга жашыруун жетүүнү көздөп жатат деп эсептешсе, Тегеран программасы тынчтык максатта энергия өндүрүүгө гана батытталганын ырастап, беттегенин бербей келүүдө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG