Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 17:56

Дүйнө

Иран: Ыңкылаптагы жарака

Иран бүгүн 1979-жылкы Ислам революциясынын 31 жылдыгын белгилеп жатат. Ыңкылаптын натыйжасында өлкөдөгү шахтын режими кулап, өлкө ислам республикасына айланган. Бирок былтыркы президенттик шайлоодон кийинки оор кырдаалдан улам азыр байкоочулар Иранды “исламий-аскердик диктатурага” айланып кетти дешет.

"Ислам ыңкылабынын" мурасы Иранда көп суроолорду жаратууда
Текст көлөмү - +
Бүгүн Иран эң маанилүү майрамды белгилейт. Бирок былтыркы президенттик шайлоодон кийин кайрадан мамлекет башчылыгына келген Махмуд Ахмединежадга нааразылык да басыла элек.

Алгачкы жолу бул майрам быйыл чоң кооптонуулар менен белгиленүүдө. Анткени өкмөт оппозицияны массалык демонстрация уюштурушу мүмкүн деп, башаламандыктан алыс болууга чакырды.

Ага карабай оппозиция элди бүгүнкү майрамда массалык нааразылык билдирүүгө чакырды.

Мындан 31 жыл мурдагы окуяларга кайтсак, анда көптөр ыңкылап өлкөнүн элине эркиндик алып келет деп ишенишкен. Ыңкылапты уюштуруп, кийин Иран ислам республикасын түзгөн Аятолла Хомейни ал учурда “Эми коомдо зулумчулук болбойт” деген эле.

“Ислам башкаруусунда диктатура болбойт, - деген ал. - Мында Мухаммад пайгамбардын жакын тууганы Али Ибн Абу Талибдин тушундагы башкаруудагыдай бүт нерсе мыйзамдын чегинде гана жүргүзүлөт”.

Бирок ал революциядан 31 жыл өткөндөн кийин, азыр Иранда көптөр ислам ыңкылабы максатына жеткен жок дешет. Азыркы өлкө жетекчилиги репрессивдүү башкаруучулукка айланып баратканын айтышууда.

Өткөн аптада оппозициялык лидер Мир Хусейн Мусави да 1979-жылкы революция өзүн актабаганын, азыр да “зулумдук менен диктатуранын” тамыры калып жатканын айткан.

Ислам революциясы учурунда шахтын бийлигине каршы чыгып, бирок азыр өлкөдөн куулган журналист Нушабе Амири азыркы саясий репрессия, шахтын тушундагыга караганда, алда канча оор экенин билдирди.

“Азыр эми өткөнгө назар салсаңыз, ал учурда революцияны жасаганга аракет кылгандарга кысым бүгүнкүдөй оор болгон эмес. Ошондо биз шахтын армиясы аны жасады, тиги жасады дечүбүз. Бирок бүгүнкү камоолор, кыйноолорго, катуу репрессияга келгенде, тилекке каршы, ал учурдагы абал менен азыркыны такыр салыштырып болбой турганын түшүнөбүз”, - дейт журналист Амири.

Азыр эми Ислам ыңкылабынын 31 жылдыгында Ирандын жетекчилигинин келечеги бүдөмүк болуп турат. Бир жагынан, реформачыл маанайдагы оппозиция басылып кала тургандай түрү жок. Дагы бир четинен, өзүнүн аскерий, коопсуздук күчтөрүнүн жардамы астында азыркы режим да мунасага бара тургандай эмес.

Айрым байкоочулар 11-февралды диний башкаруудагы мамлекеттин келечеги үчүн маанилүү күн болуп калат дешет. Башкалары алдыдагы жумаларда абал дагы курчуй турганын айтышууда.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Ырыс каяктан: Бишкек
11.02.2010 11:59
Иран менен Кыргызстандагы абал бипбирдей экен. Алар да шахты кетиргенде зомбулук жоюлат деп үмүттөнүшкөн экен. Азыр Ахмадинежаттын диктатордук режими шахтыкынан көп эсе катуу деп атышат. Биз да 2005-жылы Акаевди кетирип атып, анын ордуна андан билимсиз, андан ашып түшкөн үй-бүлө бийлиги келээрин сезбеппиз. Толстой жазган: "Бактылуулардын бактысы окшош болот, а бактысыздар ар башкача бактысыз болушат" - дегени Иран менен бизге тиешелүү тура.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)