Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:44

Иранда эки маанилүү шайлоо өтүп жатат


Улук лидер Аятолла Али Хаменеи добуш берүүдө. Тегеран, 26-февраль, 2016-жыл
Улук лидер Аятолла Али Хаменеи добуш берүүдө. Тегеран, 26-февраль, 2016-жыл

Добуш берүүнүн жүрүшүндө өлкө парламенти - Межлистин депутаттары жана жалаң диниятчылардан турган Эксперттер ассамблеясынын мүчөлөрү тандалууда.

Улук лидер аятолла Али Хаменеи ирандыктарды шайлоого жигердүү катышууга үндөдү. “Мен ирандыктарды добушун эртерээк берүүгө чакырам. Алар өз талапкерлерин кыраакылык менен тандашы керек. Шайлоого элдин көп келиши Ирандын душмандарын капалантат”,- деди Улук лидер бүгүнкү добуш берүү учурунда.

Президент Хасан Роухани өзү добуш бергенден кийин андагы маалыматтар боюнча эл шайлоого активдүү катышып жатканын белгиледи.

Президент Роухани добуш берүүдө. Тегеран, 26-февраль, 2016-жыл.
Президент Роухани добуш берүүдө. Тегеран, 26-февраль, 2016-жыл.

Иранда азыр добуш берүүгө укуктуулардын саны 55 миллион, алар үчүн 53 миңден ашуун шайлоо бекети ачылды.

Бул шайлоо бир тараптан эскичилдер менен катаал турумду кармангандар, экинчи жактан байистүүлөр менен реформачылар ортосундагы эле күрөш эмес, өлкөнүн болочок багытын аныктай алуучу окуя катары да сыпатталууда.

1979-жылкы Ислам ыңкылабынан бери Ирандын теократиялык системасында Эксперттер ассамблеясы деп аталган мамлекеттик институттун мүчөлөрүн шайлоого азыркыдай көңүл бурулган эмес.

88 орундуу жана жалаң диниятчылардан турган бул органга Иранда саясий жана диний иштер боюнча эң акыркы сөздү айта турган Улук лидерди кызматтан бошотуу жана тандоо укугу берилген.

Курамы жаңы шайланып жаткан ассамблея учурдагы Улук лидер, аятолла Али Хаменеинин жаш курагы 84кө келгенче иштөөсү керек. Бирок соңку кездери азыр жашы 76га караган аятолла Хаменеинин саламаттыгы жакшы эмес деген кеп-сөздөр айтылып жүрөт.

Эксперттер ассамблеясынын мүчөлөрү ар сегиз жылда бир ирет шайланат. Андыктан, азыркы шайлоонун мааниси Ирандын жаңы жогорку лидерин тандоо вазийпасы ассамблеянын ушул курамына туш келип калышы ыктымалдуулугунан улам да көтөрүлүүдө.

- Ушундан улам жогорку лидер өзү жана анын союздаштары алардын көз карашын бөлүшкөндөр келишин көздөөдө,- дейт “Эркин Европа/Азаттык” радиосу менен маегинде Британиядагы Бирмингем университетинин Иран боюнча талдоочусу Скотт Лукас.

26-февралдагы добуш берүүнү утурлай мурдагы реформачыл президент Мохаммед Хатами менен ага чейинки президент Али Акбар Хашеми Рафсанжани ирандыктарды Эксперттер ассамблеясына реформачыл күчтөр колдогон талапкерлерди тандоого чакырышкан.

Реформачылардын үмүтү

Реформачылар демекчи, саясий лагердин бул бөлүгү ушул шайлоодо парламентке кайтып келүү мүмкүнчүлүгүн толук пайдалануу аракетинде жүрүшөт.​

2009-жылкы талаштуу президенттик шайлоонун артынан ал кездеги оппозициянын Жашыл кыймылы бийликтин аёосуз куугунтугуна кабылган соң реформачылар 2012 - жылкы парламенттик шайлоого негизинен каршы чыгышкан.

Реформачылардын шайлоо жыйынына келгендер. Тегеран, 18-февраль, 2016-жыл.
Реформачылардын шайлоо жыйынына келгендер. Тегеран, 18-февраль, 2016-жыл.

290 орундуу Иран парламентинде соңку жылдары эскичилдер менен катаал турумду кармангандар үстөмдүк кылып келди.

Азыркы шайлоону утурлай реформачылар менен байистүүлөр “Реформачылардын жана өкмөттү колдогондордун альянсы” деген бир блокко биригишти:

- Бул жолку идея биз каалаган реформачылардын баарын киргизе (парламентке) албайбыз, каалаган байистүүлөрдүн баарын киргизе албайбыз, бирок биз бир блокко кошулсак, 2012-жылдагыга караганда таасирибиз күчтүүрөөк болот, катаал турумду кармангандарды артка сүрө алабыз дегендик, - деди Иран боюнча британиялык талдоочу Скотт Лукас “Эркин Европа/Азаттык” радиосу менен маегинде.

Өзү башында шайлоого 12 миңдей адам аттанган. Бирок Сакчылар кеңеши иргеп олтуруп, талапкерлер тизмесинде 6229ун калтырды.

Роуханинин сыноосу

Реформачылардын шайлоо жыйынына келгендер. Тегеран, 20-февраль, 2016-жыл.
Реформачылардын шайлоо жыйынына келгендер. Тегеран, 20-февраль, 2016-жыл.

Шайлоо байистүү саясатчы саналган азыркы президент Хасан Роуханинин калк ичиндеги кадыр-баркы үчүн сыноо катары да да каралууда.

Анткени, шайлоо Роуханинин өкмөтү дүйнөнүн ири державалары менен талаштуу өзөктүк программа боюнча тарыхый деп аталган макулдашууга жана эл аралык санкциялардын жоюлушуна жетишип, Иран дүйнөлүк соодага кайра кошулгандан кийин өтүп жатат.

Баяндамачылардын баамында, парламентте кайсыл тайпа үстөмдүк кылса, алардын 2017-жылдагы президенттик шайлоого таасири чоң болот.

Эгер реформачыл маанайдагы парламент куралса, президент Роуханинин келерки жылы кайра шайлануу мүмкүнчүлүгү артат.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG