Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:29

Евробиримдик Иран кара майын сатып алууну токтотту


Ирандын революциячыл гвардиясынын кайыктары мунай тарткан кеменин маңдайында күзөттө жүрүшөт. Бендер-Аббас порту. 2-июль 2012
Ирандын революциячыл гвардиясынын кайыктары мунай тарткан кеменин маңдайында күзөттө жүрүшөт. Бендер-Аббас порту. 2-июль 2012

1-июлдан тарта Ирандан чийки мунайды сатып алууга тыйуу салган Европа Биримдигинин санкциясы күчүнө кирди.

Бул чара Ирандын талаштуу ядролук программасын жана уранды байытууну токтотуу максатын көздөйт.

АКШ жана анын өнөктөштөрү Иран атомдук бомба жасаганга аракеттенүүдө деп шектенишет. Тегеран уранды тынчтык максатында же электр энергиясын алуу үчүн гана байытканын айтып келет. Бул маселе боюнча Иран менен дүйнөнүн ири өлкөлөрүнүн сүйлөшүүсү ийгиликсиз болууда.

Эксперттердин эсебинче, соңку катаал чара Иран мунай экспорттоодон алчу кирешени тең жарымга чейин азайтышы мүмкүн.

Евробиримдиктин санкциясына ылайык, уюм мүчөлөрү Ирандын мунай жана химия өнөр жай ишканаларынын товарларын сатып алууну да токтотууга тийиш.

1-июлда Ирандан мунай продукцияларын тарткан кемелерди камсыздоо да токтотулду. Бир нече күн мурда АКШ Иран менен иш жүргүзгөн компанияларга каршы санкцияны катуулаткан болчу.

Мальтанын желеги астында жүргөн "Delvar" танкери (солдо) Сингапурга Ирандан мунай алып келип, жээкке токтоп жаткан учуру. Март, 2012
Мальтанын желеги астында жүргөн "Delvar" танкери (солдо) Сингапурга Ирандан мунай алып келип, жээкке токтоп жаткан учуру. Март, 2012
Евробиримдик мүчө 27 өлкөгө Иран экспорттогон кара майдын бештен бирине жакыны туура келет. Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭнин маалымдашынча, үстүбүздөгү жылы Ирандан тышка мунай сатуу 40 процентке чукул кыскарган.

Жейми Вебстер - мунай-газ тармагында адистешкен глобалдык PFC Energy консалтинг компаниясынын улук менеджери. Ал Евробримдиктин көпчүлүк мүчөлөрү Ирандан иштетилбеген мунай алууну токтотконун айтат:

- Бул өлкөлөрдүн көпчүлүгү кара майды алууну токтото баштады жана иш жүзүндө токтотту. Анын көлөмү бир күндө 600 000 баррел болот. Чукул санкцияга чейин Иран күнүнө орточо 2, 2 миллион баррел мунай экспортточу. Бул, албетте, алардын керектөөсүнө таасир этет.

Дубайлык эксперт Робин Миллс кемелерди камсыздоого тыйуу салуу Иран мунайынын ири керектөөчүлөрүнө, анын ичинде Евробиримдиктин өзүнө, Жапония, Түштүк Корея жана башка өлкөлөргө залака кылат дейт.

26-июнда Түштүк Корея 1-июлдан Ирандан мунай алууну токтоторун билдирген. Сеул анын жүйөсүн Биримдиктин Иран мунайын тарткан кеме-танкерлерди камсыздоого 1-июлдан тыйуу салуусу менен түшүндүргөн.

Азиянын башка өлкөлөрү, алардын катарында Кытай жана Жапония Ирандан кара май алууну 18 процентке кыскартканы мурда маалымдалган. Кытай жана Сингапур катарындагы 20дай өлкө Тегерандан мунай сатып алууну кыскарткандыктан АКШ аларга каршы санкция киргизүүнү алты айга убактылуу токтоткон.

Ирандын Азадегандагы мунай иштетүүчү ишканасы
Ирандын Азадегандагы мунай иштетүүчү ишканасы
Робин Миллстин боолгошунча, танкерлерди камсыздоого каршы санкция Ирандын мунай экспорттоосун күнүнө дагы 400 000 баррелге азайтат.

- Албетте ошол эле мезгилде март айында мунайдын баасы өтө кымбаттап барып, кайра бир кыйла ылдый түштү. Өткөн Иран жылында**** өлкө мунайдан 100-110 миллиард доллар киреше тапса, быйыл киреше 45-50 миллиард долларга тете болушу ыктымал. Ошентип экспорттун жана баанын арзандашынан мунайдан түшкөн киреше тең жарымга кыскарышы ажеп эмес.



АКШ мамкатчысы Хиллари Клинтондун айтышынча, мунай экспорту кыскаргандан улам Иран бир жылда 32 миллиард доллар жоготот.

Иран тышкы соодадан алган кирешенин 80 процентин мунай берет.

Евробиримдиктин жана АКШнын санкциясы Ирандын улуттук акчасы риалдын кудуретине таасир этүүдө. Азыр кара базарда 21 000 риал 1 доллар турат. Бир жарым жыл мурда 11 000 риал бир доллар эле.

Евробиримдик январда Иранга алгач эмбарго киргизгенден бери, Иран өкмөтүнүн маалыматына караганда, нан, сүт жана эт орточо 20 процентке, тоок эти 80 процентке өскөн.

Талдоочулар Ирандын чоң валюта кору жана мунайдан түшкөн киреше Тегерандагы азыркы режимге бийликти колдон чыгарбай кармоосун мүмкүн кылат деп боолгошот.

**** Быйыл Иранда жаңы жыл 20-апрелде келди. Өлкөдө азыр 1391-жыл. Хижра жылы Иранда Мухаммед пайгамбар Мекеден Мединага көчкөн 622-жылдан башталат.

XS
SM
MD
LG