Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:39

Роухани: Иран ядролук укугунан баш тартпайт


Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жавад Зариф(солдо) жана АКШ Мамкатчысы Жон Керри.
Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жавад Зариф(солдо) жана АКШ Мамкатчысы Жон Керри.

Ирандын ядролук программасы боюнча Женевадагы эл аралык сүйлөшүү майнапсыз бүттү. Бирок тараптар диалог аркылуу өз ара бир бүтүмгө келебиз деген үмүттө.

Сүйлөшүүнүн эмки айлампасы 20 ноябрда болоору болжолдонууда. Бирок бир жактан Иран, экинчи жактан дүйнөнүн бакубат алты өлкөсү катышкан сүйлөшүүнү ийгиликтүү бүткөрүүгө кандай суроолор мүмкүндүк бербей жатканын тараптар ачык шарданалай элек.

Женевадагы сүйлөшүүгө Иран жана Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү АКШ, Британия, Кытай, Орусия, Франция, ошондой эле Германия катышты. Бейшемби күнү башталып, ишемби күнү аяктаган сүйлөшүүнүн соңку күнү Женевага аталган мамлекеттердин тышкы иштер министрлери жана Евробиримдиктин тышкы иштер комиссары Катерин Эштон айым келип кошулганы менен эки жак орток бүтүмгө келе албады. Анткен менен эки арадагы ажырымды диалог аркылуу чечүүгө болооруна үмүт чоң.

Британиянын тышкы иштер министри Уильям Хейг 10-ноябрда Би-Би-Си корпорациясына берген интервьюда келишимге жетүү үчүн ыңгайлуу учурду колдон чыгарбоо зарыл экенине токтолду:

- Келерки бир нече аптада биз күткөн иш болот. Ал үчүн жакшы мүмкүндүк бар. Бирок сүйлөшүү абдан катаал болот деп айтат элем. Мен качан жыйынтыкка келерибизди айта албайм. Бирок 20-21-ноябрда биз жана сүйлөшүүчүлөр кайра аракет кылып көрөбүз.

Женевадагы сүйлөшүүдөн кийин Кытайдын тышкы иштер министринин орун басары Ли Баодун эки тарапта сүйлөшүүнү создуктурбай улантуу ниети бар экенине көңүл бурду:

- Бардык тараптар сүйлөшүүнүн демин жоготпой анын башка айлампасын мүмкүн болушунча эрте өткөргөнгө даяр. Диалог аркылуу бардык тараптар туруктуу байланышта болуп, орток пикирге келет жана көз караштарды жакындатат. Ошентип Ирандын ядролук маселесин чечүү үчүн керектүү тиешелүү жол табылат.

Франциянын тышкы иштер министри Лорент Фабиус жекшемби күнү таң эртең Женевада кабарчылар үчүн жасаган билдирүүсүндө чечилбеген суроолор өз ара макулдашканга мүмкүндүк бербегенин айтты:

-Женева жыйыны бизге алдыга жылганга өбөлгө берди. Бирок кээ бир чечилчү суроолор болгондуктан, бир бүтүмгө келе албадык.

Фабиус мурдараак Франциянын өкмөтү Ирандын плутонийди жана уранды байытуусун контролдоого кепилдик берилүүсүн каалаганын кулак какты кылган.

Кээ бир серепчилер Франциянын дал ушундай талабы Батыш өлкөлөрү арасындагы ажырымга шынаа болушу этимал дешет.

Бирок Иран менен бакубат державалардын жалпы бир пикирге келбей жатышына эмне тоскоол болуп жатканы беймаалым жана ал жөнүндө маалымдала элек. Талуу суроо Ирандын ядролук энергияга ээ болуу укугу болушу мүмкүн деп боолгосо болчудай. Анткени 10-ноябрда Ирандын президенти Хасан Роухани консерваторлор көпчүлүктү түзгөн улуттук парламентте сүйлөп, Тегеран ядролук укугунан, ошондой эле уранды байытуудан баш тартпасын, “бул маселеде аттап өтпөчү кызыл сызык бар” экенин белгиледи. Ирандын ядролук укугуна – эл аралык нормага ылайык, “Иран жеринде уран байытуу” да кирет деп кошумчалады Роухани.

Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зарифтин сөзүнө караганда, Женевада эки жактын позицияларын жакындатчу “өтө жакшы” сүйлөшүү болгон.

Сүйлөшүүдө көзгө басар жылыш болгонун жана эки жак жакында келишимге барышы мүмкүн экенин АКШ Мамкатчысы Жон Керри да билдирди. Ал лекин Вашингтон Ирандын ядролук куралдуу болуусуна жол бербесин, а дипломатия үчүн терезе дайыма эле ачык болбосун эскертти.

АКШ жана Иран ортосунда дипломаттык мамиле үзүлгөнүнө 30 жылдан ашты. Эки өлкө арасындагы бийик даражалуу сүйлөшүү быйыл октябрда болду.

Серепчилердин айтымында, Батыш экономикалык санкцияны жеңилдетсе, Тегеран ядролук программасы боюнча катаал позициясын жеңилдетиши ыктымал. Себеби жайында шайланган президент Хасан Роухани улуттук экономика үчүн маанилүү мунай экспортун көбөйтүп жана банк операцияларына киргизилген эл аралык чектөөлөрдү алып салып, абалды жакшыртканга кызыкдар.

Бакубат батыш мамлекеттери Иран атомдук бомбанын үстүнөн тымызын иштөөдө деп шектенишет. Ирандын ырасташынча, ядролук программа энергия өндүрүү жана медициналык изилдөөлөр менен дарылоо үчүн гана керек.

Иран менен дүйнөнүн кубаттуу өлкөлөрүнүн Тегерандын ядролук программасы боюнча тил табышуу мүмкүнчүлүгү АКШ менен анын Жакынкы Чыгыштагы ишенимдүү союздашы Израил арасында жарака пайда кылары шексиз. Израил премьер-министри Бинямин Нетяняху 8-ноябрда анын өкмөтү Иранга кысымды азайткан ар кандай келишим менен келише албасын түз айткан.

XS
SM
MD
LG