Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:41

Иран: “Вашингтон Посттун” кабарчысы жабык соттолууда


Жейсон Резаян.
Жейсон Резаян.

Иранда бүгүн америкалык “Вашингтон Пост” гезитинин журналистинин үстүнөн жабык сот башталды.

Бир жылга жакын убакыттан бери камакта олтурган калемгер тыңчылык кылган деп айыпталууда. АКШ бийликтери жана “Вашингтон Пост” басылмасы журналистке коюлуп жаткан айыпты “абсурд” деп аташкан.

“Вашингтон Посттун” кабарчысы Жейсон Резаяндын үстүнөн сот жараяны жабык башталганын шейшембиде Ирандын мамлекеттик “ИРНА” жаңылыктар агенттиги ырастады.

Ишти Ирандын революциялык сотунун Тегерандагы бөлүмү кароодо.

Адатта саясий же улуттук коопсуздук менен байланышкан кылмыш иштери Иранда мына ушул соттун кароосуна берилет.

“Вашингтон Пост” гезитинин Тегерандагы бюро башчысы, АКШнын да, Ирандын да жарандыгын алган Жейсон Резаян айтылуу Эвин түрмөсүндө былтыр июлдан бери отурат.

Аны бийликтер Тегерандагы үйүнөн жубайы менен бирге камакка алган. Жубайы кийинчерээк күрөөгө бошотулганы менен коюлган айып алынган эмес.

“Вашингтон Пост” буга чейин өзү билдиргендей, Тегерандагы кабарчысы тышкы жана ички саясат боюнча маалыматтарды жашыруун чогултуп, “кас өкмөттөргө” берген деп айыпталууда.

Ал “кас өкмөттөрдүн” аты ачык айтылган эмес. Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф өткөн айда "журналист Резаян балким АКШ өкмөтүнө байланышы бар тыңчы пайдаланган болушу” мүмкүн деп билдирген эле.

Президент Барак Обама болсо журналистке коюлган айыпты “анык эмес” деп атап, “Иран элинин үмүтү жана кооптонуулары” тууралуу гана жазып келген калемгер бошотулмайынча анын администрациясы тыным албай турганын убада кылган эле.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Жош Эрнест Иранда соттолуп жаткан журналисттин ишин өткөн айда мындайча комментарийлеген:

- Биз АКШ жараны Жейсон Резаянга тыңчылык кылган жана коопсуздук менен байланышкан башка да айыптар тагылганы тууралуу маалыматтарды уктук. Эгер бул маалыматтар чын болсо, журналистке коюлуп жаткан айып абсурд. Жейсон тезинен бошотулуп, үйүнө жана үй-бүлөсүнө кайтышы керек.

Жейсон Резаянга коюлган айыпты “Вашингтон Пост” гезити да “абсурд” жана эч кандай далили жок деп атоодо.

Жейсон Резаян жубайы Йегане Салехи менен Ирандын тышкы иштер иштер министрлигиндеги басма сөз жыйында. 2013-жыл
Жейсон Резаян жубайы Йегане Салехи менен Ирандын тышкы иштер иштер министрлигиндеги басма сөз жыйында. 2013-жыл

Иран камагындагы журналист эч кандай далили жок күнөөлөнүп жатканын Вашингтодон Рейтердин кабарчысы менен маегинде анын бир тууганы Али Резаян да белгилеп, төмөнкү жүйөлөрдү келтирди:

- Менимче, сотту жабык өткөрүп жатышканы - ирандыктардын далил жоктугунан чочуганы. Алар колунда далил жоктугунан улам коркуп турушат. Акыркы он айдан бери уланып жаткан жалганчылыкты эми жабык сот аркылуу жашырууга аракеттенишүүдө. Ирандын сот системасы, Ирандын өкмөтү керек учурда адамдарга каршы пропаганданы колдоно алат. Алар көптөгөн кылмыш иштеринде мына ушул чарага барышкан. Бирок Жейсондун ишинде он айдан бери тып-тынч отурушат. Бул да ага каршы далил жоктугунун белгиси.

“Вашингтон Посттун тышкы саясат боюнча редактору Дуглас Жийлдин (Douglas Jehl) айтымында, камактагы Жейсон Резаян болгону журналист иретинде маалымат чогултуп, аны текшерип, акыр-аягында жарыялоо менен гана алектенген”.

Басылма бүгүн журналисттин үстүнөн соттун жабык башталышын ага “көңүл бурдурбоо, иликтетпөө” аргасы катары сынга алып, сотко катышуу үчүн алардын редактору да Тегеранга барууга аракеттенгенин, бирок виза ала албай койгонун белгиледи.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Чек арасыз кабарчылар уюму Иран бийликтерин журналисттин сотун “ачык жана адилет өткөрүүгө” чакырды.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG