Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:07

Бирназарова: Европада исламофобия күчөдү


Зейнура Бирназарова
Зейнура Бирназарова

Париждеги канабайрамдан кийин Европанын туш тарабында коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Ал арада Евробиримдикке кирген өлкөлөрдө, анын ичинде Германияда мусулмандарга жана качкындарга карата терс көз караштар курчууда.

Германиянын Бонн шаарында жашаган мекендешибиз Зейнура Бирназарова “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Париждеги окуялардан кийин Европанын туш тарабында коопсуздук чаралары көрүлүп жатпайбы. Силерде акыбал кандай? Мына кечээ эле Ганновердеги футболдук матч болбой калды, дагы кандай чараларды көрүп жатышат?

Зейнура Бирназарова: Негизи Париждеги окуялардан кийин Германиянын бардык шаарларында, федеративдик жерлеринде коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Франция менен Германиянын чек арасында тыкыр текшерүү жүрүп жатат. Азыр кирген-чыккандын баары паспортун көрсөтүп жатышат. Мындан тышкары Германиянын болгон аэропортторунда коопсуздук чаралары көрүлүп жатат. Келе жаткан дүйшөмбүдөн тарта бул өлкөнүн бардык шаарында Рождество базарлары башталат. Мурунку жылдары полиция кызматкерлери мындай базарларга ууруларды кармаш үчүн барышчу. Бул ирет болсо элдин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн ар бир шаар жана айылдагы Рождество майрамына арналган базарга көп сандагы тартип сакчылары чыкмай болушту.

“Азаттык”: Паспорттук текшерүүлөр болуп жатабы? Мисалы, чет элдиктерди көчөдөн кармап же үйүнө барып өздүк маалыматтарын, визасын текшерген учурларды байкадыңызбы?

Зейнура Бирназарова: Андай учурлар болгон жок. Тартип сакчылары Парижге барчу атайын поезд каттамындагы жүргүнчүлөрдү карап жатышат. Ал эми көчөдөн же үйгө келип паспорт караган жагын байкаган жокмун.

“Азаттык”: Ушул акыркы окуялардан кийин Европа өлкөлөрүндө исламофобия күчөдү деп жатышат. Кечээ Чехиянын президенти мусулмандарга каршы жүрүшкө катышты. Жакынкы Чыгыштан барган качкындарга, мусулмандарга карата мамилелер кандай болуп жатат?

Зейнура Бирназарова: Башта качкындарды жылуу кабыл алышкан. Парижде болгон окуядан кийин маанай өзгөрүп, каршылык күчөдү. Азыр Германиянын бир топ шаарларында качкындарга каршы “Пегида” аттуу кыймылдын мүчөлөрү тез-тез жүрүшкө чыгууда. Качкындар жашаган айрым лагерлерди өрттөп ийген учурлар да болду. Исламофобия же мусулмандарды жектөө аябай күчөдү. Оңчул саясатчылар да Ангела Меркелдин саясатын кескин сындашууда. Бирок Ангела Меркел баштаган качкындарды өлкөгө киргизүүнү колдогон саясатчылар “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу менен качкындардын байланышы жок экенин элге түшүндүрүү аракетин кылышууда.

“Азаттык”: Көчөдөн немис улутундагылар мусулмандарды чочулап караганын же жек көргөнүн байкай алдыңызбы? Көчөдөн эле мигрантты опузалаган учурду көрдүңүзбү?

Зейнура Бирназарова: Жок, немистердин опузалаган учурун такыр байкаган жокмун. Немистер абдан маданияттуу эл эмеспи. Бирок жакында эле улуту түрк же араб экенин билбейбиз, бир жигит “Мына Сирияда канча киши өлүп жатат. Аны карабайсыңар. Францияда 120 киши өлсө, чыр чыгарасыңар” деп бизди жаман көрдү. Арабдардын коомчулуктун реакциясына терс мамилеси Париждеги теракттардан кийин күчөдү.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG