Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Орус-түрк мамилеси кыргыз ишкерлерин жолдо калтырды


Орусия менен Грузиянын чек арасында топтолгон Борбор Азияга кетчү жүк ташуучу унаалар.
Орусия менен Грузиянын чек арасында топтолгон Борбор Азияга кетчү жүк ташуучу унаалар.

Түркиядан Борбор Азияга жүк ташыган 15тей унаа учурда Орусия менен Грузиянын чек арасында кармалып турат. Ушул тапта курчуган орус-түрк мамилеси кыргызстандык ишкерлерге да кедергисин тийгизүүдө.

Бул тууралуу Стамбулдагы "UBS-Стамбул" эл аралык жүк ташуучу компаниянын башчысы Каныбек Осмонов "Азаттыка" курган маегинде айтып берди.

"Азаттык": Түркиядан Борбор Азия өлкөлөрүнө жүк ташып бараткан фуралардын жолун Орусиянын чек арачылары тосуп койгону маалым, азыр кырдаал кандай?

Каныбек Осмонов: Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенден тарта эле биздин иш бир аз аксай баштаган. Түркиядан жиберилген товардын саны азайганына байланыштуу бизде да кыйынчылыктар башталган. 24-ноябрдан тарта Орусия менен Түркиянын ортосунда алака начарлап кеткенден бери аябай жабыркап жатабыз. Себеп дегенде биз Орусия аркылуу Казакстанга, Түркмөнстанга, Тажикстанга жүк жеткирчүбүз. “Эки дөө урушса ортосунда чымын өлөт” деген биз болдук. Мен бул жактан 17-ноябрда бир фура жөнөткөм, ал ушул күнгө чейин чек арада турат. Айдоочунун айтканына караганда, азыр чек арада эки миңден ашуун жүк ташуучу машине Орусияга кире албай турат.

"Азаттык": Ошондо алар кайсы өлкөлөрдүн чек арасында турушат? Кыргызстанга кетчү канча жүк ташуучу унаа бар?

Каныбек Осмонов: Менин унаам Орусия менен Грузиянын чек арасындагы "Жогорку Ларс-Казбек" өткөрмө пунктунда турганына төрт күн болду. Азыр ал жерде бир кыргыз, бир казак жана орустардын он беш фурасы тургандыгын айдоочум айтты. Биздин жүктүн баарын түшүрүп, бирден санап, толук текшерүүдөн өткөрүптүр. Ошол жүктү түшүрүп кайра жүктөгөнүнө да акча алып атышат. Ар кандай маалыматтар боюнча күнүнө бештен фура өткөрүшөт экен деген сөздөр бар, бирок азырынча так эмес. Айдоочулар да "мына, бүгүн-эртең өтүп калабыз" деп эле ошол жерде күтүп турушат. Учурда Орусия тарап бир эле биздин унааларды эмес түрк товарлары жүктөлгөн өздөрүнүн да фураларын киргизбей жатышат. Анын себебин эч ким айткан жок, бирок баарына эле белгилүү да. Жалпысынан фуралардын Орусиянын чек арасына кире албай турганына 15 күн болду. Ал жерде тамактанганга да шарттар жок.

"Азаттык": Буга чейин Кыргызстанга, Борбор Азияга жумасына болжол менен канча жүк ташуучу унаа кетчү эле?

Каныбек Осмонов: Албетте, бул жерде биз эле эмес көп жүк ташуучу фирмалар иш алып барат. Казактардыкы, биздики, түрктөрдүкү - баары биригип, күнүнө “Жогорку Ларс-Казбек” өткөрмө пунктунан орто эсеп менен 50-60тай фура аркы тарапка, ушундай эле сандагы фура берки тарапка өтөт. Анткени бул биз үчүн эң ыңгайлуу жакын жол. Жайында Стамбулдан чыккан машине Бишкекке сегиз күндө кирип барат, ал эми кышында жолдор тайгак болуп, чек араларда бир аз кезек күтүп, 12-15 күндө жетчү.

"Азаттык": Азырынча Түркия-Орусия алакасы кандай жөнгө салынары белгисиз. Жолдордун качан ачылаары да бүдөмүк. Сиздер башка альтернативдүү жолдорду караштырып жатасыздарбы?

Каныбек Осмонов: Азербайжан жолунан өткүлө деп сунуштап атышат. Ал жак менен кетүүгө болот, бирок каржы жагынан эки эсе кымбат болуп калат. Кемеге акча көп сарпталат. Негизи дагы үч жол бар. Биринчиси - Стамбулдан Украинага кеме менен барып, Украинадан Беларуска жетип, ал жактан Орусияга кирсе болот. Биз ошол жол менен бир автоунаабызды жөнөттүк. Бирок машине азыр Беларуска кире элек. Кардарларыбыз шаштырып жаткандыктан ушундай жол менен жөнөтүүгө аргасыз болдук. Экинчи жол - Стамбулдан Грузияга барып, андан ары Азербайжанга өтүп, ал жактан Казакстанга кеме менен жеткирүү. Бул жолдун кемчилиги -Азербайжандан Казакстанга күнүнө бир эле кеме жүрөт экен, ал да тар болгондуктан, 10-15 эле фура батат. Үчүнчүсү - Иран аркылуу кетчү жол. Ал болсо өтө узак болуп кетет. Түркиядан чыккан фура Бишкекке бир айда араң жетет экен. Анын үстүнө ал жол Өзбекстан жана Түркмөнстан аркылуу өткөндүктөн, айдоочулар Ирандын, Өзбекстандын визасын алышы керек болот. Эми жол маселеси чечилип кетет деген үмүт бар, бирок качан кантип чечилет, азырынча белгисиз.

"Азаттык": Силер бул кырдаал боюнча кыргыз өкмөтүнө же башка бир тиешелүү мекемелерге кайрылдыңарбы?

Каныбек Осмонов: Биз машинелер орто жолдо калып калганда эле Бишкектеги бөлүмдөрүбүзгө кабар бердик. Жалпы жүк ташуу менен алектенген фирмалардын өкүлдөрү топтолуп Тышкы иштер министрлигине, Транспорт министрлигине расмий кайрылуу жолдошту. Биз бул жактан чогулуп Орусиянын Транспорт министрлигине факс, электрондук почта аркылуу кат жаздык. Эми ачылса керек деп эле күтүп жатабыз. Азыр эми убакыттан эле кыйналып атабыз, болбосо бир ай күт десе деле күтөт элек. Анткени машинелерде тез бузулуп кетүүчү азыктар бар. Кардарларыбыз да шаштырып жатышат. Жаңы жылдын алдында элдин баары эле акча таап алайын деп аракеттенишет эмеспи.

XS
SM
MD
LG