Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:41

Сноуден АКШ чалгын кызматынын сырын ачты


Эдвард Сноуден британдардын Guardian гезитине Гонконгдогу мейманканада интервью берүүдө. 8-июнь, 2013
Эдвард Сноуден британдардын Guardian гезитине Гонконгдогу мейманканада интервью берүүдө. 8-июнь, 2013

Эдвард Сноуден АКШнын жашыруун электрондук көзөмөлдөө программасы тууралуу маалыматты ачыкка чыгарып жибергенин ырастады.

Анын маалыматына таянып, Washington Post жана британдардын Gardian гезиттери Кошмо Штаттардын коопсуздук кызматтары миллиондогон телефон сүйлөшүүлөрдүн мазмуну менен таанышканга, ошондой эле чоң интернет – компаниялардын серверлерине киргенге мүмкүндүк алганын өткөн аптада жазышкан. 29 жаштагы америкалыктын “Гардиан” гезитине айтышынча, ал азыр Гонконгдо жүрөт.

Washington Post жана Gardian гезиттери Эдвард Сноудендин ысымын анын суранычы боюнча жарыялашты. Сноудендин айтышынча, ал АКШнын Улуттук коопсуздук кызматы - УКК (NSA) төрт жыл иштеген. Аталган эки басылма Сноудендин сөзүнө таянып, УКК Verizon, ошондой эле Google жана Facebook компанияларынын маалымат базасына кире аларын кабарлады. Verizon Communications Кошмо Штаттардагы жана дүйнөдөгү эң чоң телекоммуникациялык компания.

Эдвард Сноудендин түшүндүрүшүнчө, Кошмо Штаттарда коопсуздук кызматтары ар бир жарандын телефон сүйлөшүүсүн жана интернет аркылуу жазган каттарын көзөмөлдөгөндөй жашыруун механизмге ээ. Ал демократиянын принциптерине сыйбаган бул көрүнүш жөнүндө кеңири коомчулук билүүсү керек деп эсептегендиктен, аны ашкере кылганды оң көргөн:

- Менин оюмча, коомчулук демократиялык моделге ылайыксыз нерсени ашкере кылган адамдардын жүйөсүн билгенге акылуу. Өкмөттүн вазийпасына этибар бербөө демократия үчүн аябай коркунучтуу нерсе.

АКШ бийликтери интернет-компаниялардан чет элдик кардарлары тууралуу маалымат алганын УККнын башчысы Жеймс Кэппер ишемби күнү тастыктады жана жашыруун электрондук көзөмөлдөө программасы - Prism жөнүндө маалыматтын ачыкка чыгып кетүүсү өлкөнүн коопсуздугуна орчундуу зыян келтирет деди. Ал эми америкалык интернет компаниялар өз серверлериндеги маалыматты өкмөткө бербесин билдиришти.

Президент Обаманын жана башка расмий адамдардын айтканына караганда, береги программага Конгресс уруксат берген жана тыкыр контролдоп турат.

Бирок Эдвард Сноуден телефон сүйлөшүүлөрүн укчу жана интернет мейкиндигиндеги маалыматтарды көзөмөлдөп турчу программа жашыруун дегенге кошулбайт:

- Кайсы гана талдоочу болбосун, каалаган убакта, кимдин болбосун изине түшө алат. Ар кандай карым-катнаштарды көзөмөлгө алуу байланыш түйүнүнүн жана мекеменин диапазонуна жана талдоочунун укугуна жараша болот. Бардык эле талдоочулар эмне каалаганын көзөмөлдөй албайт. Эгер менде жеке электрондук почтам болсо, мен жумуш ордумда отуруп, сизди же сиздин бухгалтериңизден тартып федералдык сотко, атүгүл президентке чейин тыңшаганга укугум бар болчу.

Америка Кошмо Штаттарынын Конституциясына киргизилген төртүнчү түзөтүү америкалык жарандардын телефон сүйлөшүүлөрүн негизсиз укканга тыюу салат. Бирок бийликке байланыш компанияларынын ээлигиндеги маалыматтарды пайдаланганга уруксат берет.

Жума күнү президент Барак Обама жогорудагы сыяктуу контртеррордук иштерде колдонулчу ыкмаларды коргоду жана америкалыктарга “купуя сыр менен коопсуздукту баланстай билүү керек” деди.

Конгресстин Өкүлдөр палатасынын Ички коопсуздук комитетинин төрагасы Питер Кинг болсо Эдвард Сноуденди Гонконгдон өлкөгө тез алып келүүгө үндөдү.

Сноуден өзү видеоинтервьюда интернет эркиндиги жогору бааланган Исландиядан саясий башпаанек алам деген үмүтүн айтты. Бирок Исландиянын Бээжиндеги элчиси саясий башпаанекти ким сураса, ал Исландияда болушу керек экенин эскертти. Ошондуктан Сноуден Гонконгдо жүрүп, Исландиядан башпаанек ала албайт.
XS
SM
MD
LG