Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:42

Пакистандын сунушун Индия "сыясын кургатпай" четке какты


Пакистанда тыюу салынган "Жамаат-уд-Дава" соопкерчилик уюмунун колдогон бала Кашмирдин Индия бөлүгүндө жашаган кашмирликтерди колдогон митингде оюнчук автомат кармап турат. Пешавар, 5-февраль 2015
Пакистанда тыюу салынган "Жамаат-уд-Дава" соопкерчилик уюмунун колдогон бала Кашмирдин Индия бөлүгүндө жашаган кашмирликтерди колдогон митингде оюнчук автомат кармап турат. Пешавар, 5-февраль 2015

Пакистан коңшулаш Индияны өз ара каршылашууну токтотуп, кызматташууга чакырды. Мындай кайрылууну премьер-министр Наваз Шариф шаршемби күнү БУУнун Башкы ассамблеясында жасады.

Ал талаштуу Кашмирден аскерлерди чыгарып кетүүгө жана ар кандай жагдайда күч колдонбоого да үндөдү. Эки мамлекет 1947-жылдан бери үч ирет согушса, анын экөө Кашмир аймагы үчүн болгон.

Наваз Шариф 30-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын минбарынан туруп Индияны элдешүүгө чакырды. Коңшулаш эки мамлекет 1947-жылы британ оторчулугунан бошогондон бери үч жолу согушса, анын экөө Кашмир аймагы үчүн болгон.

Пакистан премьер-министри Гималай тоолорунун этегиндеги талаштуу аймактагы аткылашуулар жөн-жай жарандардын өлүмү менен коштолуп жатканын айтып, абалды жөнгө салуу үчүн Исламабад менен Делини бардык зарыл кадамдарды жасоого чакырды жана төрт пункттан турган жарашуу планын сунуш кылды.

- Биз Пакистан жана Индия Кашмирдеги көзөмөл линияда ок атууларды токтотуу боюнча 2003-жылкы макулдашууну мыйзамдаштырууну жана урматтоону сунуш кылабыз.

Бул пунктту аткаруу үчүн Наваз Шариф талаштуу аймактагы БУУнун Аскерий байкоочуларынын миссиясын дагы кеңейтүү зарыл деп эсептейт. Кашмирдеги көзөмөл сызыгы 1971-жылкы Индия-Пакистан согушунан кийин Симл келишимине ылайык түзүлгөн. Бирок эки жак Аскердик миссиянын вазийпасы боюнча эки башка пикирде. Индия Симл келишимине кол коюлгандан кийин 1951-жылкы Карачи келишими күчүн жоготту, аны менен кошо байкоочулардын мандаты бүттү деп санайт.

Экинчи сунуш Кашмирде эч кандай жагдайда курал колдонбоо жөнүндө болду.

- Биз Пакистан жана Индия ар кандай кырдаалда күч колдонууга же күч колдоном деп коркутууга барбайбыз деп убада беришсин деп сунуш кылабыз. Бул БУУнун хартиясынын башкы элементи. Бул кадам Кашмирди демилитризациялоо үчүн жасалыш керек.

Үчүнчү сунушка ылайык, Пакистан жана Индия өз аскерлерин Сиачен мөңгүсүнөн чыгарып кетиши зарурат. Бул мөңгү үчүн 1984-87-жылдары эки жак үч жолу салгылашкан жана азыр аны Индия көзөмөлдөйт. Ошондон бери, кээ бир маалыматтарга караганда, ал аймакта эки жактан 10 миңден 20 миңге чейин аскер турат.

- Коркунучту бул тейдеги тынч жол менен жеңилдетүү Пакистан жана Индияга чабуул жасачу куралдар менен эң алдыңкы курал системалары жараткан коопсуздукту азайтууну кеңири камтыган чараларды макулдашып алуусун мүмкүн кылат.

Ошентип, Наваз Шариф жасаган сунуштар эки өлкөнүн атомдук куралдарын апыл-тапыл жагдайда колдонуусуна бөгөт коюшу керек.

Бирок сунушту Индия колдогон жок. “Кашмирди демилитаризациялоо бул жооп эмес. Пакистан террорчулукту токтотуш керек”,- деп жазды Твиттерде Индиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Викас Сваруп.

Индия 2008-жылкы Мумбайдагы кандуу булоон үчүн Исламабад жооптуу, себеби чабуулду Пакистандан келген "Лашкар-э-Тайба" уюмунун согушчандары уюштурган деп айтып келет. Ал коогалаңда 166 адам өлгөн жана ондогон адамдар жабыркаган.

Быйыл августта эки өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилеринин кездешүүсү башталбай жатып болбой калган. Себеби Индия сүйлөшүүдө терроризм маселеси талкуулануусун кааласа, Пакистан түрдүү талаштуу суроолор, анын ичинде Кашмирдин макамы талкуулансын деп чыккан.

XS
SM
MD
LG