Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:24

Өзбек жараны орус өкмөтүн доого жыкты


Рашид Раззаков
Рашид Раззаков

Өзбекстандык Рашид Раззаковду 2009-жылы Воронеждин милициясы жасабаган кылмышын моюнуна алдыруу үчүн кыйнаганын эл аралык сот экинчи жолу тастыктады.

Адам укуктарын тескеген Европа соту бул иш боюнча 5-февралда өз бүтүмүн жарыялады жана Орусия өкмөтүн Раззаковго 20 миң евро төлөп берүүнү буйруду. Компенсация доогерге үч айдын ичинде төлөнүүгө тийиш.

Москвадагы “Жарандык көмөк” (Гражданское содействие) комитетинин кызматкери Анастасия Денисова бул тууралуу мындай деп ой бөлүштү: ​

- Биз муну өтө зор жеңиш деп эсептейбиз, себеби, жеңишке жетүү абдан кыйын.

Дал ушул комитет акыркы беш жылда өзбекстандык Рашид Раззаковго юридикалык жактан жардам берген.

Эл аралык сотко жеткен бул чуулгандуу иштин башаты 2009-жылга барып такалат.

Воронежде эмгектенип жүргөн Раззаковду милиция апрель айында "уят сөздөр менен сөгүндүң" деп көчөдөн кармап кеткен. Железнодорожный райондук милициясында (ал кезде Орусияда полиция милиция деп аталчу) мигрантты адам өлтүргөнүңдү моюнуңа ал дешип, үч күн бою кыйноого алышкан.

Колун скотч менен таңып, ток менен кыйнап, бөтөлкө менен уруп, башын жарышкан. 31 жаштагы Рашидге ошол кезде бирөө "моюнуңа албасаң, өлтүрүп коюшат" деп кеңеш берген. Мындан кийин ал жасабаган ишин жасадым деп таяктан кутулган.

Милициядан чыккандан кийин ал адам укугун коргоочуларга кайрылган. Эксперттер анын денеси 13 жеринен жаракат алганын медициналык жактан аныктаган.

2011-жылы Воронеждин соту казынадан 840 миң рублди мыйзамсыз кармалганы жана кыйноого кабылганы үчүн Раззаковго төлөттүрүп берген.

Бирок кыйноо фактысы боюнча иш аягына чыккан эмес. Ушундан кийин Раззаков Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрылган. Страсбургдагы сот ушундай схема менен азапка кабылган алты орусиялык жарандын жана Раззаковдун ишин орус өкмөтүнүн өкүлү менен чогуу карап, өзбекстандык жарандын кыйноого алынганын жана тергөө чала бүткөнүн тастыктады. Орусия бийликтерин Раззаковго дагы 20 миң евро компенсация төлөп берүүнү милдеттендирди.

Бул ишти аягына жеткирген Раззаковдун адвокаты Ольга Гнездиловага өкмөт 3270 евро төлөйт. "Азаттык" Гнездилованын телефонуна чыгып, эми сүйлөшөлү дегенде байланыш үзүлүп, автоматтан орус жана англис тилдеринде “Сиз чалган номер убактылуу жабылды” деген жооп келип жатты.

Москвадагы “Жарандык көмөк” комитетинин адиси Анастасия Денисова “Азаттык” радиосуна берген маегинде Раззаковдун беш жыл талбай жүрүп, адилеттикке жетүүсүндө адвокаты Гнездилованын эмгеги зор экенин баса белгиледи:

- Биринчиден, Ольга Гнездилова мыкты адвокат.
Экинчиден, Рашид тың, акылдуу, сөзүндө бекем турган адам. Демейде бир нерседен корккон же тез жеңишке жетем деген адам узакка созулган иштин натыйжасын күткөнгө чыдабай, кол шилтеп коёт. Адвокат менен байланышты үзөт. Андай учурда адвокаттын күрөштү улантайын деген мүдөөсү өчөт.

Денисова ошондой эле сотто күбө катары адилет сөзүн айткан карапайым аялдын эрдигин баалай кетти:

- Рашид ижарага алып жашаган батирдин эгеси аны толук колдогон. Ал аял Рашидди укук коргоо уюмунун Воронеждеги кеңесине алып барган. Сотто да Рашид милициядан чыккандан кийин абалы кандай болгонун айтып берген. Мунун баары документтештирилген. Орусияда жарандын өз сөзүндө акыр-аягына чейин турганы чанда бир кездешчү окуя.

“Жарандык көмөк” комитетине Москвада полициянын чеңгелине түшүп, кыйноо көргөн адамдар көп кайрылат. Биз байланышка чыккан күнү 6-февралда да көчө шыпырган тажикстандык жарандын тааныштары коңгуроо чалып, милиция аны кайсы бир аялга кол салгансың, моюнуңа ал деп, бир нече күндөн бери кыйнап жатканын билдирген:

- Башынан баштап даттанган адамдын ур-токмокко алынганын, денесиндеги кыйноонун изин каттоо жана далилдөө кыйын. Бизге бүгүн эртең менен Тажикстандын өзбек улутундагы жараны кайрылды. Ал жаран полициянын кыйноосуна чыдабай, жасабаган ишин моюнуна алган. Биз анын кыйноого алынганын каттоо үчүн адвокаттарды тергөө абагына - СИЗОго шашылыш жибердик.

“Жарандык көмөк” комитетинин билдиришинче, ушу тапта Страсбургдагы сотто Воронежден эле милициянын зомбулугуна даттанган он жарандын арызы жатат.

XS
SM
MD
LG