Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:30

Куураткан кулчулук


Азыр дүйнө жүзү боюнча 27 млн.дой адам кулчулуктан жапа чегээри айтылууда.
Азыр дүйнө жүзү боюнча 27 млн.дой адам кулчулуктан жапа чегээри айтылууда.

АКШнын мамлекетик департаменти даярдаган баяндамадагы маалымат боюнча, дүйнө жүзүндө 27 миллион эркек, аял, жана бала кулчулуктун ар кыл формасынан жабыр тартат. Соңку баяндамада адам соодасы боюнча кара тизмеге Иран жана Түркмөнстан кирди.

Обманын администрациясы адам аткезчилиги боюнча кара тизмени былтыркы жылга салыштырмалуу эки эсеге узартты. Кара тизмеге киргендер адам аткезчилигин азайтуу боюнча жетиштүү аракеттерди көрбөгөндөр жана аларга АКШ санкция жарыялайт.

Жыл ичи эки эсеге узарган кара тизме


Ал тизмеде быйыл 23 өлкө камтылды. 2010-жылы мындай мамлекеттердин саны 13 гана болчу. Жаңы жарыяланган отчетто 184 өлкөдөгү мажбурлап иштетүү, сексуалдык кулчулук териштирилет.

АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон баяндаманын жаңы санын жарыялап жатып буларга токтолду:

- Тилекке каршы, адам ташуунун жеңилдеши жана дүйнөлүк коммуникациялардын өнүгүшү менен бул кылмыш алыскы айылдарга чейин жетип атат. Адам соодасы күчөдү. 27 миллион эркек, аял жана бала дүйнө жүзү боюнча сатылууда. Көптөгөн өкмөттөр маанилүү кадамдарды жасашууда, бирок милдеттерди натыйжа берчү аракеттер менен аралаштыруу абзел.

Кара тизмеге кирген өлкөлөрдун арасында Куба, Иран, Мьянмар, Түндүк Корея жана Судан бар. Алардын арасында АКШнын каршылаштары деп эсептелген Эритрея, Ливия жана Зимбабве да камтылган.

Жакынкы Чыгыштагы Кувейт, Сауд Арабиясы жана Папуа Жаңы Гвинея тизмеде кайталанышат. Жалгыз гана Доминикан тизмеден быйыл чыккан.

Ал эми тизмени быйыл толуктагандардын арасында Түркмөнстан бар. Мурдагы Советтер Союзунун курамындагы өлкөлөрдүн ичинен Түркмөнстан эң начар абалда. Иран да кара тизменин башында.

Документтеги негизги тенденциялар төмөндөгүдөй: дүйнө жүзү боюнча көптөгөн аялдар жана кыздар пакистандык эркектерге сексуалдык кулчулукка сатылат. Ооган жигиттери жана жаш балдар болсо, түштүк Иранга же Ооганстан менен Пакистанга жашы улуураак эркектерге сексуалдык кулчулукка ташылышат.

Кыргызстан: ишке, сойкулукка мажбурлоо күч

Кошмо Штаттары адам менен соода кылууга же адам аткезчилигине каршы күрөштө Кыргызстанда айрым жылыштар бар экендигин билдирүүдө. Бирок 2011-жыл боюнча отчетто бүгүнкү замандын кулчулук маселесинде айрым кыйынчылыктар сакталып кала берип жаткандыгы айтылат.

Документке ылайык, Кыргызстандын 60 000 жараны өлкө ичинде да, сыртында да адам сатуунун курмандыктары болгон.

Кыргызстанда адам сатууга байланыштуу көйгөйлөр – балдарды мажбурлап иштетүү, аялдарды сойкулукка мажбурлоо. Кыргызстандык эркектер, аялдар жана балдар Кытайда, Чех Республикасында, Түркияда, Казакстанда, Орусияда мажбурлап иштетилишет. Көбүнчө бул айыл чарба, токойдо иштөө, курулуш иштери, жеңил өнөр жайы.

Орусияда кыргызстандык аялдар менен иш алып барган “Айгүл-Таш” уюмунун жетекчиси Урмат Байматованын баамында, Орусияда акыркы убакта адамдарды мажбурлап, айлык төлөбөй иштетүү күч алган. Мындан тышкары зордуктоо, сексуалдык кулчулук да өнүгүүдө. Бул балээнин курмандыктары – көбүнчө жашы 16дан ашып калган кыздар. Урмат Байматова мындай кыздарды күнүгө көрөт:

- Жакында эле бир кыргызстандык жетим кызга жолуктум. Ал оорукчан апасын багуу үчүн Москвага келген экен. Аны жашы 50дөн ашкан кыргыз киши иштетип, каалаганын жасаган. Мен ал кишини таап, сүйлөшкөн соң бүт айлыктарын төлөп берди.

Бирок Урмат Байматованын айтымында, кыздар өздөрү кыйнаган адамдар боюнча укук коргоо органдарына кайрылышпайт жана кылмыштуулуктун азайбай жатышынын себеби ушунда.

Кыргызстандын Москвадагы консулу Айжигит Бурановдун маалыматы боюнча, 2010-жылы консулдун кызматкерлеринин жардамы менен айлык акысын албай иштеген жумушчуларга 7 миллион рубль кайтарылып берилген.

АКШнын баяндамасында сүрөттөлгөндөй кыргызстандык аялдарды сойкулукка Бириккен Араб Эмираттарына, Казакстанга, Кытайга, Түштүк Кореяга, Түркияга, Грецияга, Кипрге, Тайландга, Германияга жана Сирияга сатышат.

Араб Эмираттарында аэропортто иштеген кыргызстандык жигит бул өлкөдө сойкулук менен алектенген кыргызстандык кыз-келиндеринин саны азайбай жатканын айтат:

- Эмиратка келген кыздардын 90 пайызы мыйзамсыз келишет, визалары жасалма же өлкөгө мыйзамдуу келип, бирок визасы бүткөн соң калып калышат. Кыргызстан аркылуу өзбекстандык кыздар да көп келишет, себеби Кыргызстандын паспортун жасап алуу оңой окшойт. Араб Эмираттарынын бийликтери текшерүүнү күчөткөн, бул адамдын карегин сканерден өткөрүү. Бирок бул жагдайга карабастан деле сойкулук үчүн Эмиратка ташылып келип жаткан кыздардын саны көп. Эмиратта көчөдө сойкулук менен алектенүү мүмкүн эмес, ошентсе да телефондор, башка жолдор аркылуу бул көйгөй тыйылбай жатат.

Адам саткандарды жазалоо аз


Кыргыз өкмөтү адам сатуу боюнча айыпталгандарга жазаны катаалдаштыруу демилгесин көтөрүүдө. 2011-жылдын 11-майында эмгек, калкты иш менен камсыз кылуу жана миграция министри Алмазбек Абытов Жогорку Кеңештин Укук тартиби, мыйзамдуулук жана коррупцияга каршы күрөш комитетинин жыйынында адам аткезчилиги менен алектенип кармалгандарды 8 жылга эркинен ажыратуу боюнча мыйзам долбоорду жарыялады. Буга депутаттардын арасынан каршы чыккандар болду. Жыйын соңунда бул мыйзам долбоор кайра иштеп чыгууга жөнөтүлдү жана тартип коргоо органдарына соңку беш жылдын ичинде адам аткезчилиги тууралуу анализ жасоо тапшырылды.

Адам аткезчилиги менен алектенген кылмышкерлерди жазалоодогу кемчиликтер тууралуу Кыргызстандагы адам укуктары боюнча комитеттин мүчөсү, укук коргоочу Шарап Абдыкадыров жакшы билет. Ал 2 жыл мурун уурадалып, бирок кайра табылган кыз Гүлжамал Саматованын иши менен алек. Аны уурдагандар аныкталганы менен, сот иши улам жыла берип, Гүлжамалды уурдагандар жазасын ала элек.

- Адам уурдоо боюнча күрөшмөк турсун, укук коргоо органдары (тергөөчүлөр, прокурорлор, соттор) кайра кылмышты бекитип атышат. Жакында 2 жарым жыл коротуп, 118 жолу арыз жазып атып, сотко ишти араң өткөрдүм.

Уурдалган кыздын апасы Махбархан Базарова адам сатуу боюнча бизнесте чоң акчалар айланганы үчүн күнөөлүүлөрдү жазалоо жок болуп жатат деген ойдо:

- Адам саткандардын акчалары көп, бул жакка жогорудан чоң адамдар аралашкан. Сузак сотуна барганыбызда дагы “жогору жактан кысым” болуп атышканын айтышкан. Укук коргоо органдарынын ар дайым жообу даяр: “Биздин көзөмөлүбүздө”. Бирок жыйынтык жок”.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG