Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:20

Эки ирет зордукталганын айткан келин акыйкаттык издейт


Сүрөттүн макаладагы каарманга тиешеси жок
Сүрөттүн макаладагы каарманга тиешеси жок

Таласта буга чейин сот аткаруучулар тарабынан зордукталды делген келин ошол эле адамдар аны экинчи ирет кордогонун айтып чыкты. Бирок айыпталуучулардын туугандары муну каралоо деп баалашууда.

Экинчи окуя 2015-жылдын 22-июлуна караган түнү болгон. Талас облусунун тургуну Калия Арабекованын айтымында, анын үйүнө бет капчан эки адам кирип келип, сабап, аны менен гана тим болушпай зордуктап, алардын үстүнөн жазылган арыздан баш тартуусун талап кылышкан:

- Эшикти ачсам эле жипти мойнума илип, сүйрөй башташты. Башыма болгон катуу соккулардан улам жыгылып кетсем, ичиме тээп жатышты. Эч нерсе сүйлөгөнгө алым болгон жок. Болгону "балдарыма тийбегиле, аларды тирүү калтыргыла” деп, кыйкырып жаттым. Караңгыдан беттери көрүнгөн жок, бирок, бирөөсүнүн үнүнөн Илгиз Карымбаев экенин билдим. Мен эки жылдан бери аны менен урушуп жүрсөм, кантип үнүн тааныбай калайын?! Бир убакта ич кийимимди чечип, зордуктай башташты. Алар мени муунтуп, же өлтүрүп коюшмак. Мени уруп жатып, “өзүң өлүп калгандай кылабыз, анан биз соттолбойбуз" деп айтып жатышты. Аябай кыйналып кеттим. Азыр чыдаткыс оорулардан сүйлөй албай жатам. Эч кимдин башына меникиндей жашоо түшпөсүн...

Калия Арабекова ал күнү күн​д​үз​ Илгиз Карымбаевди үйүнө жакын жерден да көргөнүн айтууда. Карымбаевдин жубайы Айгерим Акматова жолдошу ошол күнү Таласта болгонун танган жок. Анын айтымында, 21-июль күнү алар үй-бүлөсү менен буга чейинки болгон окуянын чоо-жайын коомчулукка жеткирүү үчүн журналисттер менен Таласка барган. Бирок Акматова окуя болгон учурда жолдошу үйүндө болгонун айтып, муну каралоо катары баалоодо:

- Окуя таптакыр андай болгон эмес. Ал күнү жолдошум айыл четинде балдар менен футбол ойноп, түнү үйгө келген. Андан кийин үйдө эле болгон. Калияны ким ур-токмокко алганын билбейм, бирок бул окуяга менин жолдошумдун эч кандай тиешеси жок. Менимче, бул атайын жасалган иш. Менин жолдошумдун буга чейинки окуяга да тиешеси жок болчу.

Ал арада Арабекова окуя боюнча Талас шаардык ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылып, медициналык экспертизадан өткөн. Талас шаардык милициясынын басма сөз кызматы экспертиза келиндин зордукталганын тастыктагандан кийин гана, башкача айтканда, он күн ичинде кылмыш иши козголорун билдирди.

31 жаштагы Калия Арабекова зордукталганын биринчи гана жолу айтып жаткан жок. Ал мындан эки жыл мурун аны күйөөсүнөн алимент алып келдик деген шылтоо менен чакырган Талас облустук сотунун Илгиз Карымбаев, Алтынбек Алыбаев жана Мукаш Кененсариев аттуу сот аткаруучулары күч колдонуп зордукташканын айтып, сотко кайрылган. Арабекова Талас облустук сотуна ишеним көрсөтпөй, бул ишти Сокулук райондук соту караган эле.

Ушул жылдын 21-майында сот Калия Арабекованы зордуктады деп айыпталып жаткан сот аткаруучулар боюнча өкүм чыгарган. Алар Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту боюнча (тобу менен зордуктоо) жазага тартылып, ар бири сегиз жылдан эркинен ажыратылганы менен, негедир сот залынан камакка алынган эмес. Мындан кийин жабырлануучу Калия Арабекова айыпкерлер тарабынан коркутууларга туш болгонун айтып чыккан.

Сокулук райондук сотунун төрагасы Күмүшбек Жоомартов муну тараптардын биринен доо арыз түшкөндүгү менен түшүндүрдү:

- Биздин райондук сот караган бул ишти. Бирок өкүм чыккандан кийин сотолгон тарап, аны менен макул болбой, доо арыз жазышкан. Мындан улам иш Чүй облустук сотко өткөрүлгөн. Азырынча ал кайсы баскычка жеткенин айта албайбыз.

Чүй облустук соту өкүм күчүнө кирип, доо арыздар каралып чыкмайынча түшүндүрмө берүүдөн баш тартты. Ал арада “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылы айыпталуучуларга карата катуу чара көрүүнү жана камакка алууну өтүнүп, Жогорку Сотко, Башкы прокуратурага, Ички иштер министрлигине кайрылды.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG