Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 17:50

Эркиндик

HRW: Июндагы зомбулукка кыргыз бийлиги да жарым-жартылай жооптуу

Human Rights Watch эларалык уюму Кыргызстандын түштүгүндө июнда болгон улуттар аралык жаңжал жөнүндө жаңы баяндамасын чыгарды. Анда уюм өкмөттүк айрым күчтөр өзбектерге каршы чабуулдарга колдоо көрсөтүшкөнүн айтат. Баяндама авторлору кыргыз өкмөтүн коогалаңдын астейдил иликтенишине анча кызыкпай жатканы үчүн да сындашты.

Оштогу тополоңдо жабыркаган аял, 24-июнь.
Текст көлөмү - +

Июнь окуяларын өз алдынча иликтеген Human Rights Watch уюму Кыргызстандын өкмөтүн өзбектерге каршы чабуулдарды колдогон деген тыянак чыгарды.

“Акыйкаттык кайда?” деген суроо менен башталган баяндамада кыргыз бийликтери июнь окуяларын өз алдынча иликтеш үчүн түзгөн комиссиясынын иши айрым катачылыктар менен коштолуп жатканы айтылат.

Эларалык бул уюм иликтөөсүн окуялардан жабыркаган 200дөн ашуун өзбек жана кыргыз улутундагы адамдар, күбөлөр, юристтер, адам укугун коргоочулар, бийлик өкүлдөрү жана милиция кызматкерлери менен болгон интервьюларына негиздеди. Андан сырткары, космостон тартылган сүрөт, видео, бир топ документалдык жана башка далилдер да анализге алынган.

“Проблеманын бир бөлүгү”

Баяндаманын авторлорунун бири, Human Rights Watch уюмунун өзгөчө кырдаалдар боюнча илиздөөчүсү Оле Солваң июндагы коогалаң өлкөнүн күч органдары үчүн чоң проблемаларды жаратканын, көп учурда алар проблеманы чечпей, тескерисинче, анын бир бөлүгү болуп калышканын айтты.

“Андыктан кыргыз өкмөтү өзүнүн иликтөөлөрүн жүргүзүүдө мына ушул баяндамада айтылгандарды эске алат го деп үмүттөнөбүз”, - деди Солваң, “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып.

“Июндагы окуяларды иликтеген улуттук да, эларалык да комиссиялар чынында ишин бейтарап жүргүзө алышат го деп үмүттөнөбүз. Эгер алар буга жетише алышса, биз аныктаган бир топ жагдайларды таба алышат деп ойлойм”, - деди укук коргоочу Оле Солваң.

Бул уюмдун баяндамасында айтылгандарга караганда, Оштогу зомбулук 10-июнь күнү кыргыз-өзбек жаштарынын казинодогу мушташынан башталган. Ошондо өзбектердин жоон тобу чогулуп, түнү менен кыргыздарга чабуул коюшат. Бир топ үйлөр өрттөнөт. Анан ага жини келген кыргыздар Оштон жана башка жактардан чогулуп, 11-июндан тарта 14-июнга чейин өзбектерге чабуул коюшканы айтылды.

Күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү

Натыйжада 400 жакын адам – айрымдар мындан да көп дешет - өлдү, материалдык чоң зыян келтирилди. Өзбектер массалык түрдө кыргыз-өзбек чекарасына качышты.

Human Rights Watch бул иликтөөсүндө окуяларга күбө болгон бир топ адамдардын көрсөтмөлөрүн келтирет. Аларда айтылгандарга ылайык, айрым райондордо күч органдарынын формасын кийгендер көчөлөрдө адамдар тургузган тосмолорду армиянын унаалары менен сүрдүрүп салышкан.
 
Андан ары жаалданган адамдардын тобун көчөлөргө өткөрүп, үйлөрдү талап-тоноого, өрттөөгө жол беришкен.

Көрүнө элек “ниет”

Өкмөт буга чейин курал-жарактар менен айрым унаалар уурдалганын айткан эле. Билдирүүнү бул баяндама жокко чыгарбай турганы айтылат. Ошентсе да, аскердик унаалар чабуул жасаганга колдонулганы армиянын буга такыр катышы болбогонун толук айгинелей албайт делет. Муну далилдеген айрым күбөлөрдүн билдирүүлөрү бар экенин, армия кээ бир райондордо элди куралсыздандырып, андан аркы зордук-зобунга жол бергени жазылды. Оле Солваң кыргыз өкмөтү окуяны ачык-айкын иликтей алганга кудурети жетет деп ишенээрин, бирок азырынча расмий Бишкек андай ниетин көрсөтө электигин айтты.

“Президент Роза Отунбаева өзү жер-жерлердеги прокурор-тергөөчүлөргө, милицияга ишти толугу менен мыйзам чегинде аткарууга көрсөтмө бергенин айтканы менен, азырынча андай боло элек, - дейт Солваң. - Маселен, адамдарды туш келди эле камаган нечендеген окуялар болду. Камалгандарды болсо уруп, кыйнаган далай учурларды көрдүк. Ошон үчүн иликтөөнүн кандай өтүп жатканы боюнча бизде өтө олуттуу суроолорубуз бар”.

Уюм бул иликтөөсүндө камактагы 60 адамдын кыйноого алынганын аныктаган. Алардын бири түрмөдө көз жумганы айтылат. Абактагыларды кыйноо токтотулбаса, оор кырдаал андан бетер татаалдашышы мүмкүн экени эскертилди.

“Олуттуу суроолор”

Солваң жакында Кыргызстандын башкы прокуратурасы чыгарган билдирүүгө көңүл бурдурат. Анда камалган 243 адамдын 29у гана кыргыз, 213ү өзбек экени айтылган.

Human Rights Watch Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмун Кыргызстанга кеңешчи полисмендерин эртерээк жиберүүгө чакырды. Алар кыргыз милициясына кеңеш берүү максатында жиберилээри күтүлүүдө.

Уюм андан сырткары, Бириккен улуттар уюмун июндагы улуттар аралык жаңжалды жана андан кийинки абалды эл аралык деңгээлде иликтөөгө алууга үндөдү.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Kyrgyz каяктан: Москва
18.08.2010 14:31
Эми Кыргызстан илгертен бери эле демократия курабыз, демократиянын аралына айлантабыз деп айтуу менен ошол эле ООН соондон акча алып турууга аракет кылып келе жатпайбы. Анан эми такыр эле ЕККУнун полициясы менен адам укуктарын коргоочуларды киргизбей койсо анда демократияга айлантабыз деген созуно туура келбей калат да. Менин оюмча мейли текшеримиш эте берсин. Суйлоп суйлоп калат да алар. Болгону ошолор аййты эле деп озубуздун жарандарды каматып кестирип ийбесе болду. ии ооба, сеники чын деп эле койсо болот. Болбосо кыргыздар берилип кетчу эле, ООН айтты деп тууганын деле олтуруп ийет.

кимден: altinay каяктан: kitai,kizilsu
17.08.2010 13:14
aylanayin, kirgiz,elim ,intimak, bololu,intimak, bolboy,biribizdi, biribiz,jaktirbay, biyliktin,gebin, ukbay,bilgenibizdi, jasay,bersek. kirgiz,elin, eqkim,jaktirbayit, akiri, kirgiz, mamleketin, jogotuwalawiz,(human,rights,watch)atindake, duynoluk. ukuk.korgo, tobunun, kirgizdardi,negizsiz, karalay,berixine,biz, kirgizdar,ozubuz ,jooptuubuz, kirgizdardin, arasinan,qikkan, qet,eldin, akqasin,alip, kirgiz,turup, oz,elinin,ar, namizin,satkan, ukuk,korgoqular, jalgan,malimat,berip, bul,ixti,ulkaytiwatat, azirki,jangi, okumet,emnege, bul,ukuk,korgoqulardi, baxkarbayt,qet,olkodon, kelgen,ukuk,korgoqu, toptordun,kirgiz,istandaki, okulderinin,bardigi,ozbekter, ekeknin,bilip,turup, emnege,akbarat,jariyalawayt, siler,kirgiz,istandaki, sayasatti,eele, sindap,biribizdi,biribizge, kayrap,jamandagandan, baxkane,bilesingerbi?kiyin, eken,singer, emnege,ortogo, qigip,turalikti, suyloboysungor,emnege, tuura,malimat, berbeysinger,?kirgizdi, uxul, abalga, quxurup, koygondun,baari, uuxul,pok, kursak,el,buzar, jer,buzar, sayasatqilar?kirgiz, elim,akiling, barda,esingdi, tap,intimak, bololu,intimak, bolsok,ele,bizdi, arkanday,kuqter,eqtengke, kilalbayt,ar,namiz,menen, jaxayle,mamleketti ,onuktureli,,bolboso, jogolip,ketebiz, kirgizim!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
17.08.2010 10:50
Роза Отунбаева баш болгон эки баштуу окмотубуз эмне эле ушул эл аралык уюмдардын оозун тиктейт. Бул эл аралык уюмдардын макалаларын, иликтоолорун коруп жатабыз. Эми анысы аз келгенсип ЕККУнун полициячыларын киргизгени жатат. Мен бул эл аралык уюмдардын бирине да ишенбейм. Биз озубуздун ички саясатыбызды озубуз чечишибиз керек. Бийликтерибиз июнь окуясы боюнча эч кандай иш-чараларды корушподу. Эмне учун? Эме учун ушу эл аралык уюмдардын макалаларына эч кандай жооп беришпейт. Жалган жазса сотко беришсин. Акыйкатын жетишпейби. 90-жылы да ушундай болгон. Жыйынтыгы мына 20 жылда эле момосун берди.

кимден: айылдык каяктан: Кыргыздан
17.08.2010 09:59
Ушул кундордо Франция Окмоту Н.Саркозинин жеке буйругу м-н жергиликтуу цыгандардын уйлорун буздуруп цыгандарды куч м-н самолетторго салып департ кылууда, байкасанар цыгандарга башка райондордон жер берип уй куруп берейин деген ою да жок, ошол цыгандардын 90-95 пайызы Франциянын мыйзамдуу, паспорттору бар гражданиндери экен (Euronews жанылыктары), ОБСЕ м-н ООНдун окулдору эч кандай чара коруунун аракетин да кылышкан жок, эми суроо ошол чет элдик уюмдар эмне эле бизге мынча жабышып алышты??? Адам укуктары Кыргызстанда эле бузулуп жатат окшойт???

кимден: Бактыгул
17.08.2010 02:40
Июнь айындагы окуяларда озбектер да,кыргыздар да учунчу кучтун оюнчугу болуп калгандыгын баарыбыз эле билебиз го. Кылымдардан бери чогуу жашап келе жатып,эмне себептен азыр чыкты бул чатак. Эки элдин чыр чатагы бул Бакиевди маска кылып алган учунчу кучтордун оюну.Бакиев болгону алардын кукласы.Кимдир бироолордун Орто Азиядагы саясаты.Орто Азияда хаос жаратмак жана жайылтмак.Булар бу тополонду уюштургандан мурда канчалаган факторлорду,варианттарды эсептеп чыгышып,албетте,алар да Кыргызстанды тандап алышты. Анткени элдеги жакырчылык,саясий кырдаалдын туруксуздугу,мамлекет жетекчилеринин паракорлугу,санай берсе айтып буткус бир канча факторлор.Коктон издегендери жерде,ал да Кыргызстандын туштугу. Эмнеси болсо да озбектерди да,кыргыздарды да болушунча колдондулар. HRW да келип иликтоо жургузуп коет,алар беш колдой билишет ким бул окуялардын артында экендигин. Бакиев,балдары оюунчуктар,тур десе турат,отур десе отурушат.

кимден: Нургазы каяктан: Москва
17.08.2010 02:05
Мен РУСтун айткандарына кошулам. Куч бирдикте демекчи, баарыбыз бир болойлу, ошондо душман бизден коркот. Патриоттук сезимибизди которолу мекендештер! Буйурса мен жакында Ошко кетемин, ошол жерде калып, жашоону улантканга аракет кылам. Кыргыздар кайткыла Ошко, азыр шаарды которуу максатында жаны жумуш орундары пайда болду, оз жерибизде иштеп, оз жерибизге пайда келтирээр убакыт келди.

кимден: renat каяктан: bishkek
16.08.2010 23:41
Булар: камалган 243 адамдын 29у гана кыргыз, 213ү өзбек экени айтып жатат. Өзүлөрү (Human Rights Watch) провакация кылып жатат, улуттар аралык жаңжал чыккан жерде канча улуттан канчасы жабыркаганын айтууга болбойт! Себеби кайра нааразычылык пайда болгонго түрткү бериши мүмкүн. Ушундай нерселерден кийин, булар эмнени кыйратып жардам бермек эле?

кимден: Патриот каяктан: Бишкек
16.08.2010 20:51
Отунбаева Р. И. - эмнеле ЕККУ офицерлери келиш керек деп жатат, келгенден коро бизге техника менен жардам беришбейби.

кимден: avatar каяктан: russia
16.08.2010 20:49
бул кыргызстан мамлекетинин ички иши эч ким аралаша албайт,аралаштырбаш керек,олгондор да ,кырылгандар да оз жеринде кыргыздар,ата мекен,ар намыс деп жанын берген да кыргызым!Биз кыргызстанды сактап калгыбыз келсе эч кимди киргизбеш керек...

кимден: aibek
16.08.2010 20:23
Бизге ЕККУ полиция кенешчилеринин кереги жок.Булар эмне, Кыргыз милициясында суракта отургандарды ур-токмокко албагыла же мындай, тигиндей кылып сурасанар алар эмне кылганын айтып берет деп кенеш беришеби? Же, эмнеге жалан эле озбек улутундагыларды кармадынар кыргыздарды кармабадынар дейби? Тушунуксуз. Кыргыз милициясы оз ишин жакшы эле аткарып жатат. Тополон болгон куну даярдыгы жок болгон учун гана колундагы курал-жарактарды алдырып жиберишти жана жетишээрлик курал-жарактары дагы болгон эмес. Андан коро милициябызга жетишээрлик курал-жарак алып бериш керек. Ал эми элди алып карасак сабатсыздыктын натыйжасы жана жакырчылыктын буга комок болушу деп эсептейм. Бир жагынан Кыргыз-озбек далай кылым чогуу жашап келген бирок барыбир кандайдыр бир кайчылаш пикир келип чыкканда озбек тарап биримдикте иш алып барышат, бул улутчулдук маселе эмес ботон элде жургон бардык улут аз санда болгон учун биримдикте боло калышат. Мына ушуну билген амалкой адамдарды ( К.Батыров, К.Бакиев, А.Акаев, АКШ, Россия, ж.б.у.с. булар менин жеке пикирим, эгер ЕККУ полициясы келсе аларды дагы кошсо болот ) гана жок кылыш керек. Эл кезеги келгенде озу эле тушунот деп ойлойм эч кандай кенешчиге куну тушпой эле. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмун полисмен кенешчилери же адам укутарын коргоо учунбу келишет? же болбосо Кимде Куноо? жана Ким Баштады? деген суроолорго жооп табыш учунбу? Бул суроого Кыргыз мамлекети озу деле жооп табат деп ойлойм. Биринчиден туура эмес маалымат тараткан бардык тармактарды жок кылуу керек.
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)