Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:05

Сарыктан сактануу шарттары көңүл жылытпайт


Жылына дүйнө жүзүндө сарыктын С жана В формасынан 1,4 миллион киши каза табат. Эки миллиондон ашуун кишиге гепатит медициналык ийне аркылуу жана тиш дарылатуу учурунда жугат.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дүйнө өлкөлөрүн бул ооруга каршы күрөшүүнүн натыйжалуу жолун табууга чакырууда.

Гепатитти азайтуу үчүн балдарды массалык эмдөө сунушу киргизилүүдө. Себеби бул дарттан жылына 780 миң бала чарчап калууда.

Гепатиттин кайнаган очогу же эң көп катталган өлкө деп Кытай табылган. Анда 90 миллион киши бул оорунун В жана С түрү менен жашап келет. Кытайга дүйнөдөгү гепатит оорулуулардын 25% туура келет. Ага коңшу бизде деле абал көңүл жылытарлык эмес. Акыркы мезгилде адистер бул оору тиш догдур, сулуулук салондору, тырмак бойочу жайлардан да жугуп жатканын айтышууда. Кытайда миллиондогон гепатит оорулууларды дарылоо жана ооруну алдын алуу иштерине көптөгөн каражат жумшалууда.

1992-жылдан бери Кытайдын ооруларды алдын алуу жана көзөмөл борбору 15 жашка чейинки балдарды гепатиттин В формасына каршы эмдөөнү массалык жүргүзүп келет. Ошентсе да өнөкөт гепатиттен улам өтүшүп кеткен боордун рагынан улам жылына бул өлкөдө 380 миң киши каза табууда.

Кыргызстандагы сарык оорулары боюнча абалды Республикалык санитарды көзөмөл жана ооруларды алдын алуу кызматынын өкүлү Абдыкадыр Жороев мындайча айтып берди:

- Сарыктын бардык формасы менен быйылкы жылдын алгачкы алты айында 2974 учур катталган. Бул өткөн жылдын азыркы учуруна салыштырганда 40 пайызга аз дегенди билдирет. Сарык же гепатит ооруларынын беш түрү бар. А, В, С, Д жана Е. Бардык сарык ооруларынын 90 пайыздан көбүрөгү бул гепатиттин А түрү же эл арасында Боткин деп айтылган оору. Тилекке каршы бизде профилактикалык иштер тийиштүү жүрбөй жатат. Акыркы мезгилде гепатиттин кан аркылуу жугуучу оор формасы болгон В түрүн көбүнчө жаштар татуаж жасатуу, ар кайсы жерден сакалын, чачын кырдырып жуктуруп алышууда.

Бишкек шаарындагы республикалык жугуштуу оорулардын клиникалык ооруканасынын врачы Чолпон Идирисова сарык оорусунун түрлөрү жана жугуу жолдору тууралуу буларды айтты:

- Сарыктын А формасы аябай кеңири кездешип, бакча, мектеп, жогорку окуу жайда балдарга көп жугат. Негизи эл арасында бул түрүн "кир колдун оорусу" деп коёт. Кир кол, кир тамак-аш жана жуулбаган жемиштерден жугат. Гепатиттин эң жеңил формасы. Ал эми В формасы оор келип, кан куюу учурунда, хирургиялык операциялардан, же тиш догдурга барып, тишин жулдурса, ошол догдурдун аспаптары керектүү дезинфекцияланбай калса жугат. Калган оор формалары көбүнчө баңгизат колдонгон, аракечтердин арасында болот.

Гепатит оңой менен өлбөгөн вирус

Сарык же гепатит боорду жабыркатып, адамды алсыздатат. Медициналык жол менен же таза эмес ийне аркылуу жылына 2 миллионго чукул кишиге гепатит жугуп турат. Гепатиттин вирусу оңой менен өлбөйт. Айрым дезинфекциялоочу заттарга туруштук берген касиетке ээ. Ушундан улам тиш догдур же операциядан ооруну жуктуруу проценти да жогору болуп жатат. Дарылоо да узак убакытты талап кылат.

Бишкек шаарындагы №3 стоматологиялык бейтапкананын башкы дарыгери Марат Нурдинов акыркы мезгилде массалык түрдө ачылган тиш дарылоочу жайлар дезинфекциялык нормаларга туура келбейт дейт:

- Тиш дарылаганда дезинфекцияланчу аспаптар үчүн бейтапкананын атайын өзүнчө бөлмөсү болуш керек. Бир эшиктен кир аспаптар кирсе, тазалары башка эшиктен чыгып, 24 саат кварцта туруусу зарыл. Кымындай эле микроб адамда көп ооруну козгойт. Азыр сарык эмнеге көбөйүп жатат? Базарларда бир кабинетти тиш дарылайбыз деп ачып алышкан. Андагы аспаптардын дезинфекциясы ошол эле чакан бөлмөдө жасалат. Бул санитардык нормага таптакыр туура келбейт.

Кыргызстанда 2011-жылдан бери балдарды сарыкка каршы эмдөө жаатында маселе козголгону менен каражаттын тартыштыгынан улам чечилбей келет.

Ошондой эле Кыргызстанда иштеген 50 миңге чукул медициналык кызматкердин ичинен 20 миңи ар дайым кан менен тыгыз байланыштагы кызматтарда. Аларды сарыктын бардык түрүнө каршы эмдөө үчүн атайын каражат каралбагандан улам Бишкек шаарынын гана медициналык кызматкерлери эмделип, аймактарда иштеген врач жана медайымдардын саламаттыгы да коркунучта.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG