Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:47

Ажылыкка баргандар Арафатка чыгышты


Зыяратчылар ыйык Мекке шаарынын түштүк-чыгышындагы Арафат тоосуна чыгып жатышат, 15-ноябрь, 2010
Зыяратчылар ыйык Мекке шаарынын түштүк-чыгышындагы Арафат тоосуна чыгып жатышат, 15-ноябрь, 2010

Сауд Арапстандагы Мекке шаарына дүйнөнүн чар тарабынан чогулган 2 млн.дон ашуун мусулман ажылык сапарынын алкагында бүгүн Арафат тоосуна чыкты. Исламда мусулмандар үчүн беш парздын бири “мындан 14 кылым мурда Мухаммад пайгамбар баскан” деп эсептелген Арафат тоосуна чыгуу менен коштолот.

Арафат тоосуна бул күнү кезектешип, 2 млн.дон ашуун адам чыкты. 14 кылым мурда дал ушул таштак тоодо Мухаммад пайгамбар акыркы намазын окуган, акыркы ирет зыярат кылган делет. Мусулмандар бул күнү жаннаттын эшиктери ачылып, күнөөлөр кечирилет деп ишенишет.

Арафатка көтөрүлүп жаткандардын бири, сириялык зыяратчы Мухаммад Бабаки “Рейтер” маалымат агенттигине сүйлөп жатып: “Өзүмдү аябай кызыкча сезип турам. Бул күнү Кудай бизди кечирет жана ажылык зыяратыбызды кабыл кылат деп үмүттөнөбүз”, - деди.

Аппак ихрамчан он миңдеген зыяратчы ажылык парзын 14-ноябрда Мина шаарында “Алла, мен сенин чакырыгыңа жооп иретинде келдим” деген кыйкырык менен баштаган.

Кечээ күн батканда алар Муздалифахга түшүп, шайтандын дубалына таш ыргытышты. Мунун мааниси турмуштагы ар кайсыл азгырыктарга туруштук берүү дегенге барабар.

Дүйнөдөгү эң ири диний жөрөлгөлөрдүн бири – ажылык – жалпысынан беш күнгө созулат. Шариатка ылайык, акыл-эси оордунда, алты саны аман ар бир мусулман өмүрүндө жок дегенде бир жолу ажылык зыяратка барышы парз.

Азыр жер шарындагы калктын төрттөн бирин мусулмандар түзүшөт. Сауд Арапстандын расмий бийликтери быйыл 1,7 млн.дон ашуун адамды сырттан күтүп жатышат. Дагы 200 000 орун арапстандыктардын өздөрү жана коңшу мамлекеттерден келчү зыяратчылар үчүн бөлүнгөнүн билдиришти.

Бирок уруксат берилбесе да, өздөрүнүн жолу менен он миңдеген мусулмандар Арафатка жол алышканы буга чейин кабарланган эле.

Азырынча быйылкы ажылыкта эч кандай деле олуттуу коркунуч, кырсыктар боло элек. Жергиликтүү бийликтер адамдардын жоон тобун башкаруунун жаңы жолдорун иштеп чыгышканын айтышкан.

Бирок соңку жылдары ажылык учурунда өрт да болду, мейманкана күйдү, полиция менен демонстранттар кагылыша кетишти, башаламан учурда алдыда жыгылып калгандарды тебелеп кеткен учурлар да болду. Маселен, 2006-жылы тебелендиде калгандардан 360 ашуун адам набыт болгон.

Эми быйыл мына ушундай учурлардын алдын алыш үчүн алгачкы ирет бийликтер Кытайда жасалган поездди колдонуп жатышыптыр. Ал 180 000 жүргүнчүнү тейлей алат экен.

Быйыл ажылык учурунда “Ал-Каида” террор уюму чабуул уюштурушу мүмкүн деген коркунуч да айтылган эле. Бирок азырынча баары тынч эле өтүп жатат.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG