Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 17:49

Дүйнө

Гаитиге жардам бериле баштады

Гаитиликтер шейшембидеги катуу зилзаладан кийин дүйнөдөн жардам күтүп жатышат. Жер титирөөдөн 10 миңдеген адам өлгөнү кабарланууда. Гаитиде акыркы 200 жылдан бери жер мынчалык катуу силкий элек болчу.

Урандылар астында калган миңдеген адамдардын ичинен тирүүлөрдү куткаруу уланууда
Текст көлөмү - +
Шейшембидеги зилзала кайталанышы мүмкүн деп чочулан гаитиликтер экинчи түндү да ачык асман астында өткөрүштү.

Жер титирөөнүн күчү 7 баллга жеткен. Набыт болгондордун саны10 миңдеп саналаары айтылды. Урандылар астында калгандардын арасында тирүү адамдар болушу мүмкүн дешет.

Зилзала баш калаадагы имараттарды ойрон кылды
Гаитинин борбору Порт-о-Пренс дээрлик толугу менен эле кыйрап калган. Негизги аба майданында көзөмөл жүргүзчү мунара кыйраганына карабай, аэропорт учактарды кабыл алууда. Алгачкы жардам Кытайдан, Франциядан келди.

Бирок өлкө азыр дүйнөдөн мындан да көп жардамга муктаж. Кабарчылардын айтымында, адамдарды куткаруу иши дурус уюштурулбаганы байкалууда.

Борбор калаадагы тургундардын бири азыр аларга жардам аябай керек болуп атканын айтты: “Канчалаган адамдар өлүп жатат. Бизге эларалык колдоо керек. Жардам тезинен керек болуп жатат, - деди ал. - Азыр электр энергиясы өчүп калган, ооруканалар иштебейт, эч нерсе жок. Тамак-аш, телефон, суу - эч нерсебиз калбады. Канчалаган адамдар көз жумууда”.

Башкы максат - тирүү калгандардын өмүрүн сактап калуу
Шейшембидеги зилзаланын очогу өлкөнүн борбор калаасына жакын жерде болду. Эларалык Кызыл Крест уюму өлгөндөрдүн саны 45 миңден 50 миңге чейин болсо керек деп жатат. Премьер-министр Жан Макс Белрив болсо набыт болгондордун саны 100 миңден ашышы мүмкүн экенин билдирген.

Өлкөнүн парламенти, башка мамлекеттик ишканалардын имараттары, мектептер, ооруканалар, - баары жер менен жексен болду. Телефон байланышы үзүлдү, жолдор тосулуп калды.

Гаитиде жалпысынан 9 миллион калк бар. Кызыл Крест уюму алардын 3 миллиону тез жардамга муктаж экенин билдирди.

Дүйнөдө өкмөттөр, ири уюмдар өздөрүнүн куткаруучуларынан тарта догдур, кийим-кечек, тамак-аш, дары-дармек, чатырларын, издөөчү иттерге чейин жибере башташты.

БУУнун баш-катчысы Пан Ги Мун гаитиликтерге жардам иретинде уюмдун атынан 10 млн.доллар бөлүнөөрүн айтты
Бириккен улуттар уюмунун баш-катчысы Пан Ги Мун уюмдун атынан Гаитиге тезинен 10 млн.доллар бөлө турганын айтты.

Орусия врачтар менен дары-дармектер жүктөлгөн учагын жөнөттү.

АКШнын президенти Барак Обама кечээ теле билдирүүсүндө “Гаитинин эли унутта калбайт”, - деп, АКШ бул өлкөгө жардам иретинде 100 млн.доллар бөлөөрүн айтты. 

"Азыр бүтүн дүйнө Гаитиге жардам бергенге аракет кылып жатканын Гаитидеги ар бир адам түшүнүшү өзгөчө маанилүү. Адамдардын өмүрүн сактап калыш үчүн Америкадан көбүрөөк сандагы куткаруучулар, догдурдар, техника, тамак-аш, суу баратат," - деп айтты Обама.

АКШдан 5 жарым миңден ашуун аскер ал жакта урандылар астында калгандарды куткарууга, коопсуздукту камсыз кылганга, тартипти коргогонго жиберилип жатканын кошумчалады Обама. Эларалык Валюта Кору да 100 млн.доллар жибере турган болду.

“Балдарды коргоо” деп аталган эларалык кайрымдуулук уюму жер титирөөдөн 2 млн.дой жаш бала жабыр тарткан болушу мүмкүн деп билдирди.

Улуттар уюмунун Гаитидеги стабилдештирүү миссиясынын 150 мүчөсүнүн дайыны жок. Уюм кеминде 22 кызматкери зилзалада мерт болгонун тастыктады.

“Чекарасыз дарыгерлер” гуманитардык уюму алардын убактылуу бекеттерине жаракат алгандар массалык түрдө агылып жатканын билдирди.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Askar каяктан: kair
15.01.2010 03:52
bul da bolso jaratkandin kirsigi otup ketkenderdin tuugandarina aza aytu menen birgelikte jaratkandan baribizga amandik kalaybiz kaygilarin ten bolushobuz

кимден: Baiyshbek каяктан: Batysh
15.01.2010 02:39
Kyrgyzstan biyligi da Haiti (Gaiti) eline jardam beruusu kerek dep oiloym. Belarus, armyandar jardam jiberibatat.

кимден: Исмаилов Ажыбек каяктан: Жалал Абад
15.01.2010 01:17
Ассолому-алейкум. Жараткандын буйругу экен Гаити элине сабырдуу болгула деп конул айткым келет эле. Бизди сейсмологдор 2010-2012 ж. болот деп жатышкан бирок эми алардын созун, качан, кай жерде болорун анытап эл журтка тез-тез кабар таратып турса болобу?! Эгер мумкунчулук болсо ТВ РАДИОдон айтып турса жакшы болмок. "КУДАЙ САКТАНГАНДЫ САКТАЙМ" - деген экен.

кимден: Акылбек каяктан: Египет
15.01.2010 00:43
Ассаламу алейкум КЫРГЫЗ ЭЛИМ! Албетте Гатидеги болуп откон зилзала дуйно элин ойлонтурбай койгон жок. Жараткан алардын кайгысын женил кылсын. Ал эми биз бул балеелердин алдын алууга даярдансак болот ал Жараткандан коркуп куноодон тыйылуу Алланын 99 ысымы бар алардын ичинен бири да Заалым делген эмес, демек мындай балеелерге эн биринчи озубуз себепчи болобуз ал себеп Жараткандан коркпой калгандыгыбыз. Ал эми Сейсмологдорду да угушубуз керек алардын илиминде да чон тажрыйбалар бар. Жараткан улуу Ала Тоомду асмандан жерден келуучу кырсык балеелерден сактасын.

кимден: Кыргыз каяктан: Бишкек - Ош
14.01.2010 21:37
Туугандар. Кудай бетин салбасын бирок БИЗДЕ ДА былтыры сейсмология борборунан катуу эскертуу болбодубу. 2010-2013 же 2014 жылдар аралыгында катуу жер титирөө болушу күтүлөт деп. Телевизордон Гаитиде жашаган эл "Бул зилзала болот деп эскертилген, бирок эч кандай чара көрүлгөн эмес" деп жатышат. А бизге да бир жыл мурда эле эскертилди, бирок эч ким эчтеке билбегенсип жүрүшөт. Айрыкча чоңдорубуз. Эми азыр алардын көзүн май басып калбадыбы. Ал эми кээ бир "кыргызбайлардын" "элди куру дүрбөтпөгүлө" деп жазганы да бар "Азаттыкка". Угуп алгыла, Кудай да "сактанганды сактаймын" дептир. Карапайым эл, ансыз да араң жүргөнүбүздө бул шорго кокусунан кабылсак жеңил чыгып кетүүгө камданалы. Биз өзүбүздү өзүбүз сактоого аракет кылуубуз зарыл. Албетте "Азаттыктын" жардамы аркылуу. Урматтуу "Азаттыктын" кызматкерлери, силер азыр элдин бирден бир таянычысыңар. Сейсмологдорду көбүрөөк кепке тартып, эмне кылуубуз керек, кантип жаныбызды, үйлөрүбүздү, мал-алыбызды аман алып кала алабыз, көп кабаттуу үйлөрдөгү квартиралардын, жеке долбоор менен көп өзгөртүлгөн үйлөрдүн жашоочулары кандай аракет кыла алышат. Ошол өзгөртүлгөн үйлөрдү кайра калыбына келтирүү зарылбы, ылайдан курулган жер тамдын жашоочулары эмне кыла алышат коргонуу үчүн, ушул жана башка толгон токой элдин суроолоруна жооп табуубуз зарыл. Бул маселенин эң бир олуттуу экендигин ар бирибиз аң сезимибиз менен кабыл алып даярданалы!

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)