Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:15

Греция ЕБдан жеңилдик алууну көздөөдө


Афиныдагы акча алмаштыруу жайы
Афиныдагы акча алмаштыруу жайы

Грецияда жаңы түзүлгөн өкмөт Евробиримдик менен тышкы карыз боюнча келишимди кайра карап чыгууну талап кылууда. Буга чейин негизги донорлорго грек жаңы өкмөтүнүн карыздан кутулуу планы жакпай калган.

Грецияда бийликке жаңы келген грек өкмөтү тышкы карыз боюнча сүйлөшүүгө аттанаар алдында биринчи эле аймактагы негизги оюнчу Германияны чымчып, Орусия менен мамилеси жакын экенин көрсөттү.

Солчул өкмөттүн жаңы кадамдары

Грецияда шайлоодо жеңип чыккан солчул СИРАЗА партиясынан түптөлгөн жаңы өкмөт 300 миллиард доллардан ашуун тышкы карызы боюнча жаңы келишим түзүү аракетинде.

Грек өкмөтү “Үчилтик” (Еврокомиссия, Европанын Борбордук банк жана Эл аралык валюта кору) менен келишимди жана анын шарттарын жокко чыгарып, Евробиримдиктеги донор өлкөлөр менен “үчилтиксиз” түз сүйлөшүп, тышкы карыз боюнча бир топ жеңилдиктерди алууну көздөөдө. Грек бийлигинин айтуусунда, “үчилтик” карыз акча бергени менен өлкөнүн өнүгүүсүнө туура келбеген шарттарды таңуулаган. Мунун натыйжасында өлкөдө айлык акы азайып, жумушсуздук күчөгөн.

Грек каржы министри Янис Варуфакис 1-февралда Парижде француз кесиптеши менен жолугушуунун соңунда буларды айтты:

Грек каржы министри Янис Варуфакис
Грек каржы министри Янис Варуфакис

- Буга чейинки өлкөбүзгө көрсөтүлгөн жардам саясаты бизге гана эмес, бүтүндөй Европага оор жүк болууда. Биз бул жүктү азайтуу үчүн шериктерге бизге өнүгүү, реформа жасоо жагынан жардам берсеңер, биз карыздан өзүбүз кутулганга кудуретибиз жетмек деп сунуштап жатабыз. Буга чейинки беш жылда биздин өкмөт баңги сыяктуу жыл сайын акчалай транш алып келген. Ал жардамдын болгону өнүгүүгө бут тоскон шарттары гана калды. Биздин өкмөт болгону ошол кезектеги траншты күткөн саясатты токтотолу деп жатабыз.

Жаңы бийлик биринчи эле иш жумасында шайлоо алдында берген убадаларын ишке ашыра баштаган. Грек өкмөтү айлык акыларды жогорулатуу, менчиктештирүүнү токтотуу, кыскартылган мамлекеттик кызматкерлерди кайра жумушка алуу жана медициналык төлөмдөрдү кыскартуу сыяктуу бир канча чечимдерин жарыялаган.

Тышкы саясаттагы символикалуу кадамдар

Грек бийлиги экономикалык чечимдер менен чектелбестен, тышкы саясатта да символикалуу кадамдарды жасады. Жаңы премьер-министр Алексис Ципрас биринчи эле жумуш күнү нацисттик Германиядан жабыркаган гректердин эстелигине гүл койду жана анын алгачкы эл аралык расмий жолугушуусу Орусиянын элчиси менен болду. Ага кошумча коргоо министрине Орусия менен жакын болгусу келген “Көз карандысыз Греция” улутчул партиясынын лидерин дайындады.

Афиныдагы көчөлөрдүн бири
Афиныдагы көчөлөрдүн бири

Бийликтеги партиянын бир канча мүчөлөрү Экинчи дүйнөлүк согуштагы баскынчылыгы үчүн Германия компенсация төлөөсүн талап кылганын айтып, бул тууралуу конференция уюштуруу зарылдыгын билдирди. Андан сырткары партия өкүлдөрү Германиянын Евробиримдикти башкаруу ыкмаларын да сынга алды.

Мындай маанайдагы билдирүүлөр Грецияны кризистен сактап калуу үчүн эң көп акча бөлгөн немистердин кыжырына тийди. Бир канча немис маалымат каражаттары жаңы грек өкмөтүнүн кадамдарын сындап чыгышты.

Эмки жумада грек премьери бир катар Европа өлкөлөрүнө иш сапары менен барат. Кызыгы ал өлкөлөрдүн арасында Германия жок.

Эксперттердин айтуусунда, грек өкмөтү үчүн тышкы карызын жеңилдетүү боюнча эң оор сүйлөшүү Германия менен болот. Ошондуктан жаңы өкмөт башчынын символикалуу кадамдары Грециянын Германия менен сүйлөшүүгө чейин өзүнө упай топтоосу катары бааланууда.

Ангела Меркел.
Ангела Меркел.

​Деген менен Венгрияда иш сапары менен жүргөн немис канцлери Ангела Меркел грек өкмөтү мурдагы келишимди аткаруу керектигин жана өлкөнүн тышкы карызы жеңилдетилбей тургандыгын билдирди:

- Мен Грециянын карызын жеңилдетүү жолун көрбөй турам, буга чейин эчак жеке менчик кредиторлор жана банктар тарабынан бир канча жеңилдиктер берилген.

Кезектеги Евробиримдиктин саммити Меркел менен грек премьери Алексис Ципрастын эки тараптуу сүйлөшүп, бир чечимге келүүсүнө жол ачышы мүмкүн.

Орусия менен жакындашуу жараяны

Ал арада СИРАЗА партиясынын жетекчилигинин Орусиянын геосаясий долбоору болгон Евразия экономикалык биримдигинин таасирдүү идеологу Александр Дугин жана Украинанын чыгышындагы сепаратисттердин финансылык колдоочусу деп айтылып жүргөн олигарх Константин Малафеев менен тыгыз байланышын тастыктаган электрондук каттардын жарыяланып кеткени ачыкка чыкты.

Мен Грециянын карызын жеңилдетүү жолун көрбөй турам.
Ангела Меркел

Өздөрүн “Шалтай-балтай” деп атаган хакердик топ Дугиндин жакын досу, Грецияда беш жыл жашаган Георгий Гавриш менен Грецияда бийликке келген партиянын бир канча активисттеринин электрондук каттарын жарыялап салды.

Ал каттардын мазмунунан Дугиндин Европа аймагында Орусияга жакын көз караштагы саясатчылар менен байланышты күчөткүсү келгени байкалат.

Орусиялык медиа изилдөөчү Кристоф Грозев “Азаттыктын” орус кызматына, ал каттардан улам СИРАЗА партиясынын мүчөлөрү Дугинге пиар жана партиянын стратегиясы тууралуу кеп-кеңеш сурап турганын байкаса болорун айтты:

- Гавриш Грецияда жашап жүргөндө эле Дугин менен грек саясатчыларынын ортосунда ортомчу катары кызмат кылган жана Дугиндин Евразиялык биримдик куруу идеясын Грецияда жайылткан.

Электрондук каттардын дагы биринде жаңы дайындалган коргоо министри Панос Камменостун жеке иштери менен Орусияга сапары жана анын Дугин менен жакын мамиледе экени айтылат.

XS
SM
MD
LG