Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:29

Керри: Эркиндикке Европада да коркунуч бар


АКШ Мамкатчысы Жон Керри жана Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вольтер Штайнмайер.
АКШ Мамкатчысы Жон Керри жана Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вольтер Штайнмайер.

АКШ Мамкатчысы Жон Керри дүйнөнүн көп бөлүгүндө, атүгүл Европада да эркиндикке коркунуч бар деп белгиледи.

Американын башкы дипломаты мындай билдирүүнү Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вольтер Штайнмайер менен 22-октябрда Берлинде чогуу өткөргөн маалымат жыйында жасады.

Германияда келерки айда белгилене турган Берлин дубалынын кыйрашынын 25 жылдык мааракесинин алдында сүйлөп жатып, Керри менен Штайнмайер Украинанын чыгышындагы жаңжалдан улам Европадагы чыгыш-батыш ажырымы кайра кайталанбашы керектигин эскертишти.

Немис-америкалык тарап бирге өткөргөн маалымат жыйында Жон Керри:

- Германия менен Кошмо Штаттарда жашаган адамдар эркиндик деген эмне экенин билишет. Алар өз лидерлерин тандай алат, каршы пикирин билдире алат, сындай алат, эмне каалай турганын айта алат. Бирок мындай эркиндикке дүйнөнүн көп жерлеринде, атүгүл Европада коркунуч бар. Орусиянын Украинадагы агрессиясы токтошу керек, - деп билдирди АКШнын Мамлекеттик катчысы.

«Биз Европанын кайрадан бөлүнүп жарылуусунун алдын алышыбыз керек» - деген Германиянын тышкы иштер министри Штайнмайер Украинадагы жаңжалды «өтө опурталдуу» деп баалап, ушул тапта Европадагы бейпил жашоого коркунуч туудурууда деген пикирин айтты.

Германия Москвага экономикалык санкциялар аркылуу басым жасоо менен Украинадагы кризисти дипломатиялык жол менен чечүүнү максат кылган топтун алдында турат.

22-октябрда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров «бир нече өлкөлөрдүн башы бириккен топ өз чечимдери аркылуу башка өлкөлөрдү башкарууда” деп сынга алды.

Орусиянын Жаштар коомдук палатасынын мүчөлөрү менен жолугуп жатып Лавров “Украинадагы кризис биздин Батыштагы кесиптештерибиздин евроатлантикалык мейкиндикти бөлүштүрүү тилкелерин чыгышты көздөй жылдыруу жана сактап калуу аракетинин түздөн-түз жыйынтыгы”,- деп билдирди.

Министр Лавров Орусия кандай болбосун өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын коргой турганын кошумчаласа, анын америкалык коллегасы Жон Керри:

- Биз, албетте, Орусия менен урушууну каалабайбыз. Тескерисинче, биз, Орусия менен глобалдык маселелерди бирге чечүүнү көздөйбүз жана Орусия муну түшүнөт деп үмүттөнөбүз.

22-октябрда Штайнмайер менен Керри немис орто окуу жайларынын студенттери менен жолугушуп, Берлин дубалы 1990-жылы кыйрагандан кийин мемориал болуп калган комплекске гүл чамбар коюшту.

Ошол эле күнү Керри немис канцлери Ангела Меркел менен жолукту. Вашингтон-Берлин алакасы 2013-жылы америкалык атайын кызматтардын немис жергесинде жүргүзгөн тыңчылык аракеттери, анын ичинде Меркелдин телефону тыңшалгандан кийин салкындай түшкөн.

Германия 9-ноябрда Чыгыш менен Батыш Берлинди бөлүп турган 155 чакырымдык Берлин дубалынын ураганынын чейрек кылымдык мааракесин белгилейт.

XS
SM
MD
LG