Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:58

Мамбеталиев: Бавария качкындарды жерибейт


Киль шаарынын эли 500дөй качкын түшкөн автобустарды бозгундар үчүн ылайыкташылган конушта тосуп алышууда. Германиянын Шлезвиг-Гольштейн жери, 2-сентябрь 2015
Киль шаарынын эли 500дөй качкын түшкөн автобустарды бозгундар үчүн ылайыкташылган конушта тосуп алышууда. Германиянын Шлезвиг-Гольштейн жери, 2-сентябрь 2015

Улуттар уюмунун маалыматы боюнча, быйыл Европанын байгер өлкөлөрүнө жетебиз деген 265 миңдей адам Жер Ортолук деңизинен өтүштү.

Бозгундардын жылдагыдан көп келүүсү Евробиримдиктин байдөөлөт мамлекеттерин коогага салууда. Германия, Франция жана Италия мигранттарды калыс бөлүштүрүү боюнча Евробиримдиктин 25 жыл мурда бекитилген эрежесин өзгөртүүгө чакырышты. Качкындар маселесин Евробиримдикке мүчө 28 мамлекеттин Тышкы иштер министрлери 4-5-сентябрда Люксембургда талкуулашат. Качкындарды кабыл алуу боюнча Германияда кандай иштер жүрүүдө? Бозгун-мигранттарды кабыл алууга бардык эле германиялыктар макулбу? Бул жөнүндө Германиянын Бавария жериндеги автомобиль жасоочу айтылуу “Ауди” компаниясынын инженери Айбек Мамбеталиев менен маектештик.

please wait

No media source currently available

0:00 0:05:37 0:00

XS
SM
MD
LG