Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:44

Германияда Кундуздун өлүмү иликтенүүдө


Германия элчилигинин алдында пикет болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:15 0:00

2010-жылдын май айында каза болгон Кундуз Турсунованын жакындары 16-майда Бишкектеги немис элчилигинин алдына пикетке чыкты.

2010-жылдын 15-майында кыргызстандык Кундуз Турсунова Дүсселдорф шаарында күтүүсүз кайтыш болгон.

Германиянын прокуратурасы 26 жаштагы кыз “өз жанын өзү кыйып өлдү” деген бүтүм чыгарды. 16-майда Кундуздун туугандары Бишкектеги Германия элчилигинин алдына нааразылыкка чыгып, иликтөө-тергөө иштерин так жүргүзүү талабын немис өкүлчүлүгүнө билдиришти.

Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин 1-катчысы Данияр Төлөгөнов “Азаттыкка” курган маегинде Кундуз Турсунованын өлүмүнө байланыштуу иликтөөлөргө токтолду:

- 2011-жылдын 6-апрелине чейин эки кылмыш иши козголгон. Биринчи өлтүрүү фактысы, экинчи сабоо боюнча. Анткени Кундуз Турсунова өлөөрдөн 1 күн мурун “мени Патрик Готвалт сабады” деп ооруканадан тастыктоо алып полицияга кайрылган. Патрик Готвалт Кундуздун чогуу жашап жүргөн мурунку досу.

Ушул жылдын 9-апрелинде Кыргыз элчилигине прокуратурадан бүтүм келди. Анда “кимдир бирөө тарабынан өлтүрүү болгон эмес, эч кандай далил жок”, деп жазылган. Аны биз Бишкекке жибердик.

3-майда ишти жүргүзүп жаткан Мүлхаузен (Mulhausen) деген шаардагы прокуратурага элчи болуп барып прокурорлор менен сүйлөштүк. Биз жактан дагы ардактуу консул Доктор Хаус болду. Ал Германиядагы белгилүү юристтердин бири жана акысыз Кундуз Турсунованын энеси Алмабүбү Жылкыбаеванын кызыкчылыктарын коргоп жатат.

Ал жолугушууда прокурорлор “Кундуз Турсунованын энеси бизге электрондук почта менен соттун чечимине каршы катын жиберди. Эми ошол катты карайбыз”, деп айтышты. Андан 2-3 күндөн кийин Бишкектен Тышкы иштер министрлигинен расмий каршылык каты келди. Аны дагы биз прокуратурага жибердик.

Азыр прокуратура ошол катты карап жатат. Эми кайра башынан иликтөө дагы бир жолу жүргүзүлөт. Ошол эле учурда Патрик Готвалтка каршы дагы бир иш жүрүп жатат.

- Кундуз Турсунованы чогуу жашаган Патрик Готвалт сабадыбы же жокпу деген негиз иликтенип жатабы?


- Мен жана айткандай эки иш жүрүп жатат: 1) Патрик Готвалт Кундуз Турсунованы сабадыбы же жокпу? 2) Патрик Готвалт өлтүрдүбү же өлтүргөн эмеспи? 6-апрелде прокуратура “Патрик Готвалт Кундуз Турсунованы өлтүргөн эмес деген чечим кабыл алдык. Анткени далил жок. Ушул чечимге каршы Кундуздун апасы Алмабүбү Жылкыбаева каршылык катын жиберди. Азыр катты карап жатабыз”, деген маалыматты бизге жиберди.

- Кундуз эмне болуп көз жумган?

- Ал суицидге барган, өзү муунуп өлгөн деген маалымат бизге келди. Кундуз өлөөрдүн алдында 7 коштошуу катын жиберген.

- Ал каттарды кимге Кыргызстандагы жакындарына жазганбы?

- Үй-бүлөсүнө эмес, Германиядагы немис досторуна немисче жазыптыр. Ал каттардын котормосун биздин консулдук департаментке жибердик. Бүт маалымат бар.

- Кундуз Германияга келгенден канча убакыт өткөндөн кийин каргашалуу иш болгон?

- 3-4 жылдан кийин.

- Патрик Готвалт камалган эмес, кылмыш иши ачылган турбайбы?

- Ал камалган эмес, кылмыш иши эле ачылган.

- Кундуз Германияга кантип келген?

- “Au Pair” деген программа аркылуу үй кызматкери болуп иштөөгө келген.

- Германияда “Au Pair” программасы аркылуу келген канча кыздар бар?

- Канча кыз келгени тууралуу так сан бизде жок. Ошону азыр биз тактап жатабыз. Анткени алар Германияга келгени тууралуу бизге айтышпайт. Алар өздөрү бул жактагы үй-бүлө менен түздөн-түз байланышып келишет. Кыздар эле эмес, балдар дагы келишет.

Алар немистердин бала-акасын карап, 1-2 жыл жүрүшөт. Ошол маалда алардын немис тил курстарына катышууга укугу бар. Эгерде Кыргызстанда жетиштүү билими болсо тил үйрөнгөндөн кийин бул жактагы университеттерге тапшырууга акысы бар. Окууга өткөндөрү студент катары калып калышат.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG