Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:43

Грузияда министр видеонун айынан иштен кетти


Грузиянын Жаза аткаруу, Көзөмөл жана Юридикалык жардам министри Хатуна Калмакхелидзе
Грузиянын Жаза аткаруу, Көзөмөл жана Юридикалык жардам министри Хатуна Калмакхелидзе

Грузияда түрмөлөр боюнча министр Хатуна Калмакхелидзе 19-сентябрда кызматтан кетти. Анын иштен кетишине президент Михаил Саакашвилиге оппозицияда турган телеканал Тбилисидеги түрмөлөрдүн биринде адамдар кыйноого алынганы тартылган видеону көрсөткөнү себеп болду.

Шейшембидеги митингде Liberali деп аталган журналдын башкы редактору Шорена Шавердашвили бул өңдүү кыйноолор Грузиянын түрмөлөрүндө кеңири жайылганын айтты.

"Бул түрмөлөрдө катталган алгачкы факты эмес. Акыйкатчынын отчетторунда жыл сайын түрмөлөрдөгү кыйноолор документтештирилген окуялар жөнүндө айтылат, - дейт ал. - Былтыркы баяндамада эле түрмөлөрдөгү андай 140 окуя сүрөттөлгөн. Ошон үчүн акыркы окуяны ошол адам чыдагыс тенденциянын уландысы десек болот".

Шавердашвили өлкөнүн ички иштер жана юстиция министрлерин кызматтан кетүүгө чакырды.

Миллиардер Бидзина Иванишвилинин оппозициялык “Грузия кыялы” кыймылынын активисти Теа Тсулукиани “Рейтер” маалымат агенттигине сүйлөп жатып, түрмөдөгү кыйноолорго президент Саакашвилинин өкмөтү күнөөлүү деди.

"Бүгүн грузин коому биздин түрмөлөрдөгү адамдар кыйноолорго кабылып жатканын, адамгерчиликке жатпаган таш боор мамиленин курмандыгы болуп жатышканын көрдү, - дейт активист. - Европа конвенциясына ылайык, биз мунун баарын ачык эле кыйноо деп атайбыз. Ушул тозоктун баарын түрмөдөгүлөргө президент Михаил Саакашвилинин өкмөтү көрсөтүп жатат".

Элге көрсөтүлгөн видеонун баары качан тартылганы белгисиз, бирок клиптердин биринде 24-августта тартылганы жазылыптыр. Тасмада түрмөнү караган ондогон аскерлер адамдарды уруп-сабаганы же ургандарды колдоп турганы көрсөтүлгөн.

Ал видеолордун арасында өзгөчө таш боор мамилени көрсөткөн кадрлар бар, маселен адамдардын бирине офицерлер таяк менен сексуалдык зордук кылып жатканы, ал киши үнү жеткенче өкүрүп жатканы бар.

Грузиянын ички иштер министрлиги заматта ошол №8-түрмөнүн үч жетекчисин камады.

Оппозицияга айып

Анткен менен өкмөт ал окуянын баарын түрмөнүн айрым жетекчилери ошол жерде камалган Тамаз Тамазашвилинин суранычы менен уюштурушканын, ошол кишинин көрсөтмөсү менен видеого тартышканын да билдирди.

Тамазашвилини өкмөт оппозициялык “Грузия кыялы” кыймылы менен байланыштагы киши деп билет. Анткени анын уулу дал ошол оппозициялык кыймылдын атынан парламентке аттанып жаткан талапкерлердин бири. Ал эле эмес, Тамазашвили миллиардер-оппозиционер Иванишвилинин жакын санаалашы Иракли Гарибашвилинин кайын атасы да экен.

Полиция болсо камалган түрмө жетекчилеринин биринин иш ордунан 17 миң доллар жана видео камералар табылганын жарыялады.

Иванишвили былтыр октябрда саясатка киргенин жарыялаганда Тамазашвилини курал-жарак боюнча айыптарды тагып, түрмөгө отургузушкан. Ошондо Иванишвили аны “саясий туткун” деп атаганы бар.

Тамазашвили 2003-жылкы “роза ыңкылабынын” алдынан ички иштер министрлигинде иштеген эле. Аны президент Саакашвилинин “Улуттук кыймыл” партиясы телеканалдардан Иванишвилиге каршы чабуулдагы видеотасмаларда да колдонгон.

Ушул окуялардын баары парламенттик шайлоонун алдынан болуп жатат. Өлкөдө 1-октябрда парламентке шайлоо өтөт.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG