Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:40

Мансапка мас Саакашвили, капчыгы калың Иванишвили


Президент Саакашвили менен "Грузия кыялынын" лидери Бидзина Иванишвили. Тбилиси, 9-октябрь, 2012.
Президент Саакашвили менен "Грузия кыялынын" лидери Бидзина Иванишвили. Тбилиси, 9-октябрь, 2012.

1-октябрда Грузияда өткөн парламенттик шайлоодо миллиардер Бидзина Иванишвили жетектеген “Грузия кыялы” бирикмеси жеңишке жетти.

Ирма айым 2003-жылдын 2-ноябрындагы шайлоодо 35 жаштагы Михаил Саакашвили баштаган Бирдиктүү улуттук кыймыл үчүн добуш берген болчу. Грузиянын эл артисти, эки кызы жана эки небереси бар Ирма Сохадзе эмне үчүн Саакашвилини мурдагыдай колдогон жок?

- 9 жыл мурда мен Бирдиктүү улуттук кыймыл үчүн добуш бергем. Себеби бул жаш муун, жаңы күч болгондуктан чыныгы демократиялуу өлкөнү курат деп ишенгенбиз. Бирок андай болгон жок. Биз, айрыкча пенсия курагына жетейин деп калган мен курактуу адамдардын көңүлү өкмөттөн калды. Анткени пенсия 70 долларга жетип-жетпейт. Бул акчага жашоо мүмкүн эмес. Бардык профессионал, кесипкөй адамдар жумушсуз көчөдө жүрүшөт. Аларга эч кандай көмөк жок.

Ырас, бийликтин төмөнкү эшелонунда жемкорлук, коррупция жоголду. Бирок бийликтеги элита арасында коррупция жоголгон жок. Элге түшүнүксүз мыйзам бузуулар көп болот. Өкмөт непотизм бизде жок дегени менен бийликтегилердин туугун-уруктарын, жакындарын кызматка дайындоосу кадам сайын кездешет. 2008-жылкы шайлоодо күчтүү оппозиция жок болчу. Ошондуктан Улуттук кыймылга атаандаш кайсы бир партияга добуш бергем. Төрт жылда бийлик добуштарды бурмалады деп шектенгенибиз менен эч нерсе кыла алган эмеспиз. Анткени анда парламенттик шайлоого чет өлкөлөр, айрыкча Батыш тарабынан азыркыдай көңүл бурулган эмес. Бул жолу шайлоого көз салган бардык меймандарга ыраазычылык билдирем. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына баарыбыз макулбуз. “Грузия кыялы” көп добуш алды. Андан да маанилүүсү - алар парламентте көпчүлүк мандатты алышты. Менимче, өлкө ырааттуу бир нукка түшөт жана бир партиялуу башкаруу болбойт", - деди азыр менчик ПИК телеканалында маданий программаларды даярдаган акын, композитор жана ырчы Ирма Сохадзе. Ирма айым жаш кезинде грузиндердин СССРге белгилүү "Орэра" вокалдык-инструменталдык ансамблинин солисти болгон.

please wait

No media source currently available

0:00 0:10:12 0:00
Түз линк

“Токочтуу бала сүймөнчүк”

Эсептөөлөр боюнча Иванишвили баштаган коалиция парламенттеги 150 орундун кеминде 82сине ээ болот, ал эми президент Саакашвили жетектеген Бирдиктүү улуттук кыймылга 68 мандат тийет. Буга чейин саакашвиличилерге 119 орун таандык эле.

"Грузия кыялынын" көсөмү Бидзина Иванишвили. Тбилиси, 2-октябрь 2012
"Грузия кыялынын" көсөмү Бидзина Иванишвили. Тбилиси, 2-октябрь 2012
Бидзина Иванишвили "Forbes" журналынын тизмесинде дүйнөдөгү 153-бай адам. Анын байлыгы Грузиянын ички дүң жыйымынын теңинен көбүрөөк же 6,4 миллиард АКШ доллары деп ченелет.

Кээ бир серепчилердин айтымында, көпчүлүк шайлоочулардын Иванишвили үчүн добуш берүүсүнө анын Грузиянын чириген байы экени да чоң таасир этти. Тбилисидеги Илья Чавчавадзе атындагы мамлекеттик университетинин профессору Гиви Нодия оппозиция саясатка эми гана аралашкан капчыктуу адамдын тарабына чогулду деген пикирде:

- Коомчулуктун нааразылыгын мобилизациялоо бир адамдын акчасы болгону үчүн гана мүмкүн болду. Анын саясий дарамети жана бийликке умтулуу ыкласы күмөн туудурат.

Иванишвили 2-октябрда журналисттерге шайлоо өнөктүгүнө бери дегенде 3 млн. доллар садага чапканын билдирди. Июнь айында берген интервьюсунда 10 млн. доллар сарптап койгонун айткан.

Түрмө чырынын кесепети

Америкалык журналист Жэймс Кирчик шайлоо маалында Грузияда жүрдү. Ал Саакашвилинин көпчүлүк элдин назарынан калуусун жумушсуздук жана түрмө кызматкерлеринин зобун-зордуктарын кашкайтып көрсөткөн видеотасманын сентябрда жарыяланып кетиши менен байланыштырат.

- Менин оюмча көпчүлүк шайлоочулардын “Грузия кыялы” коалициясын колдоосунун эки себеби бар. Биринчиден, анча маанилүү эмес жүйө - Грузияда дале жардылар көп жана жумушсуздук бийик деңгээлде калууда. Михаил Саакашвилинин өкмөтү мактана алчу бардык ийгиликтерге карабастан, алар жумуш рыногундагы абалды жакшырта алышкан жок. Бирок башкаруучу партиянын жеңилүүсүнүн мындан да олуттуу жүйөсү - абак жайлардагы адамдарды кыйнап-зордуктоону ашкерлеген видеотасмалардын коомчулукка жарыяланып кетиши болду. Бул видеотасмалар жарыяланганга чейин бийликтеги партия оппозициядан алда канча алдыда эле. Анан эле акыркы эки аптада башкаруучу партиянын позициясы 25 пунктка төмөндөп, оппозиция менен орун алмашып калды. Ошон үчүн шайлоочулардын Иванишвилинин блогун колдоосунун эң негизги себеби- мына ушу видеотасманын ачыкка чыгып кетиши болду деп айтат элем.

Грузия өкмөтүнүн маалымдашынча, быйыл августта өлкөдөгү эмгекке жарамдуу калктын 15 проценттен көбүрөөгү же 763 миң киши жумушсуз жүргөн.

Бейөкмөттүк ПИК телеканалынын билдиришинче, Грузиянын ар бир экинчи жараны жумушсуздукту өлкөдөгү эң чоң көйгөй деп санайт.

Ирма Сохадзе: Реформанын баасы кунуна татыбайт

Даркан саясатчылардын кемчилиги жана күчтүү жактары жөнүндө алар менен үзөңгү талашып жүргөн атандаштарынан жакшы эч ким билбейт.

Нино Буржанадзе 2001-2008-жылдары грузин парламентинин төрайымы. Нино айым 2003-жылкы "Роза ыңкылабы" Эдуард Шеварнадзени президенттиктен көңтөрүп түшүп, 2007-жылы Михаил Саакашвили президенттик шайлоого катышуу үчүн кызматтан кеткенде мамлекетти жетектеп турган. Дасыккан саясатчынын ыңкылап маалындагы санаалашы Саакашвилинин кемчилиги жана чоң жаңылыштыгы деп анын акырындап авторитардык башкарууга ооп кеткенин айтат:

Композитор, ырчы, журналист, Грузиянын Эл артисти Ирма Сохадзе
Композитор, ырчы, журналист, Грузиянын Эл артисти Ирма Сохадзе
- Билесизби, 2004-жылдан бери өлкөдө көптөгөн өзгөрүүлөр болду. Бул өзгөрүүлөр тышкы фасаддан башка да өлкө ичинде да болду. Айрым бир реформалар жүрдү, саясый жагдай өзгөрдү. Бирок өкүнүчкө карай, биз 2003-жылкы ноябрь ынкылабынан кийин элге Грузияны демократиялуу, өнүккөн жана мыйзамды бекем туткан мамлекетке айлантабыз деген эң негизги убадабыз ишке ашкан жок. Мен Грузиянын территориялык бүтүндүгүн калбына келтирүү жөнүндө айтпай эле турайын. Ырас, өкмөт айрым реформаларды жүргүздү. Ырас, инфраструктураны кура баштадык. Ырас, Шеварднадзе президент кезде айлап берилбеген пенсия менен эмгек акыларды өз маалында бере баштадык. Ырас, коррупция бийликтин ылдыйкы тепкичтеринде жок кылынды. Бирок анын ордуна элиталык коррупция же жогорку деңгээлдеги жемкорлук кеңири кулач жайды. Ошон үчүн бийликтин жасаган иштерин тизмектеп айтканда, алар кандай баа менен бүткөрүлдү деген суроо туулат. Не жолдор, не инфраструктура, а түгүл төмөнкү деңгээлдеги коррупциянын тамырын кыркып жок кылуу - мунун баарынын баасы Грузияда адам укуктары үзбөй бузулганына, жарандын жөнөкөй укуктары тепселгенине жана өлкөдө иш жүзүндө авторитардык режимдин орногонуна арзыбайт.

Көпчүлүк серепчилердин баамында, Грузиядагы парламенттик шайлоодо саясый майданда бир жыл мурда гана белгисиз жүргөн, саясый күрөшкө чыкканга чейин маалымат каражаттарына сейрек интервью берген миллиардер башындагы ар кошкон партиялардан куралган блоктун жеңгенине тогуз жыл чукул мамлекет башында отурган Михаил Саакашвилинин башкаруу ыкмасы, жеке мүнөзүндөгү өзгөчөлүктөр, ашыкча өзүм билемдиги, демократияны авторитардык механизмдер менен коргоосу да шыкак болгон.

Улуу муундун көкүрөгүндө кайрыктары дале жаңырган “Оранжевое небо” деген ыры менен таанылып, СССРдин чар тарабын кыдырган ырчы, азыр көрүнүктүү журналист, 54 жаштагы Ирма Сохадзенин кеби:

- Билесизби, мен биздин президентибизди эбактан бери билем. Михаил Саакашвили күч-кубаты ашып ташкан, абдан илбериңки, өтө талантуу, чын дилинен өлкөнү реформалоону каалаган инсан экенин баарыбыз билчүбүз. Кайсы бир даанышмандын "бийлик адамды бузат" деген кеби талашкыс чындык экенине ишендим. Ал адеп бийликке келгенде баары жайында эле. Анан эле конституцияны өзгөртүп, чиновниктерди кабыргандан капшыра кармап, баарын өзү бийлеп калды. Президентке ыңгайсыз же бул жери жакпайт деген шылтоо менен конституцияны жана мыйзамдарды кайра-кайра түзөп-оңдогон жарабайт. Бул акылга сыйбаган иш. Албетте, чоң шаарларда айрыкча, мен жашаган Тбилисиде жолдордун жакшырганы, кылмышкерлердин азайганы, көчөдө күндүзбү же түндөбү камырабай жүрүп калганыбыз - мунун баары Саакашвилинин эмгеги. Бирок криминалдык жагдайды оңдоого түрмөгө рецидивисттерге катар эсепсиз адамдарды, анын ичинде карды ачкалыктан улам дүкөндөн токоч же бир шише лимонад уурдаган тестиер балдарды түрмөгө отургузуп жетишти. Андай майда-барат кылмышка баргандар сегиз, он, он эки жылга соттолгону таң калтырат жана түшүнүксүз. Саакашивли жасаган жакшы иштердин баасы өтө кымбатка турду. Мунун бизге кереги жок. Бардык жакшылыктын баасы болот. Туурабы?


Нина Буржанадзе: Саакашвили күчтүү саясатчы, бирок...

Грузия парламентинин мурдакы төрайымы Нино Буржанадзе "Роза ыңкыбалы" кездеги максатташы Михаил Саакашвилинин мамлекеттик иштерди олдоксон чечкен кемчилиги бар болсо дагы аны күчтүү саясатчы деп эсептейт:

Президент Саакашвили парламенттик шайлоодо добуш бергенден кийин. Тбилиси, 1-октябрь 2012
Президент Саакашвили парламенттик шайлоодо добуш бергенден кийин. Тбилиси, 1-октябрь 2012
-Мен Саакашвилиге абдан эле сын көз менен карасам дагы, аны күчтүү, бирок жасаган иштеринин негизинде, опсолоң саясатчы деп айта алам. Анын күчтүү саясатчы экенинде сөз жок. Тилекке каршы, ал ташкындаган саясый кайратын позитивдүү иштерге караганда, негитивдүү иштерге көбүрөөк жумшады. Саакашвилинин позитивдүү жактарына токтосок, реформа бир кыйла ыкчам жана чоң дем менен башталды. Адегенде, чынында эле жүзөгө ашырылчу жакшы реформалар пландалган болчу. Бул анын Грузияда телчиккен демократияны орнотуунун ордуна авторитардык режимидин курулушуна алып барган жана реформанын маңызын бузган эң үлкөн жаңылыштыгы. Михаил Саакашвили өзүн баарын билген чилистен, эмне жасабайын баары туура, элдин баары үчүн, Грузия үчүн "менин айтканым айткан, дегеним деген" деп өзүнө ишенип алганы, имараттын өңүнөн тарта жаңы театр кандай архитектуралык стилде курулушун, же “Евровидение” сынагына барчу Грузиянын өкүлү кандай кийим кийиши керектигин жана коом кандай өнүгүүсүн "мен чечишим керек" деп калганы болду. Ал демократиянын элементардык нормаларын аттап, жарандардын менчикке ээ болуу укугун, инсандын купуя жашоо укугун жана юридикалык эрежелерди көзүнө илбей, кыймыл эткендин баарын тыңшачу системаны түптөдү. Мамлекет башчысы жөнөкөй укуктук нормаларды буза баштаганда, Саакашвили сыяктуу элдин 80 проценти чанган кырдаалга туш келүү коркунучуна кептелет.

Эл аралык коомчулук Грузиядагы шайлоону демократиялуу, калыс жана коркутуп-үркүтүүсүз өткөнүн Михаил Саакашвилинин эмгеги катары баалашат. Мисалы, Transparency International уюмунун Грузиядагы өкүлчүлүгүгүн башчысы Марк Мюллен 2-октябрда Ройтерс агенттигине берген интервьюда “Саакашвили узак убактан бери Грузия демократиялуу өлкө деп айтып келген. Мына анын сөзү тастыкталды деп ойлоймун”, -деген пикирин ортого салды.

Кошмо Штаттардын билдиришинче, грузиялыктар шайлоону курч аттаандаштыкта, эркин жагдайда өткөрүп, бийликти тынч алмаштырууга эрки жетерин көрсөтүп, регион жана дүйнө үчүн өрнөк болду. Ушундай эле пикирлерин Европарламент жана НАТО да билдирди.

please wait

No media source currently available

0:00 0:12:34 0:00
Түз линк

Грузия президенти - оппозиционер

Саакашвили 2-октябрда добуштардын төрттөн бири саналгандан кийин жасаган телекайрылуусунда жеңилгенин мойнуна алды жана Иванишвилинин айланасына топтолгон алты партия түзгөн блоктун алдында өз ара мунаса таап, жаңы өкмөттү түзүү милдети турганын белгиледи. Ошондой эле “Грузия кыялы” коалициясынын идеологиялык платформасына өзү жетектеген Бирдиктүү улуттук кыймыл такыр кошула албасын, эми алар оппозицияга өтшкөнүн эскертти.

М. Саакашвили Баграти чиркөөсүнүн крестин кармап турат. Кутаиси шаары.
М. Саакашвили Баграти чиркөөсүнүн крестин кармап турат. Кутаиси шаары.
45 жаштагы Саакашвили эмки жылы октябрда өтчү президенттик шайлоодон соң бийликтен кетет. Ал жаңы парламент жана өкмөт менен кандай кызматташат? Анын тынчын алган кандай маселелер бар? Америкалык саясий журналист Жэймс Кирчиктин боолгошунча:

- Азыр президент Саакашвили калтырчу саясый мурасы тууралуу аябай кыжалат болуп жүрөт. Ал элдин эсинде Грузияга демократияны алып келген адам катары калууну көксөйт. Демократия анын тушунда калыптанды. Грузияда шайлоонун натыйжасында бийлик тынч алмашты. Бул жеке Грузия эмес, бүтүн регион, атүгүл Евразиядагы биринчи окуя. Бул жалгыз Саакашвили үчүн эмес, жалпы Грузия эли үчүн өтө зор ийгилик демекчимин. Ошентип, Саакашвили калган бир жылда президенттиктен тынч кеткенге чамданууда. Бирок анын эмне жасап жатканы мага белгисиз. Анын эмне ойлоп жатканын да эч ким билбейт го... Бирок Михаил Саакашвили өз өлкөсү үчүн абдан маанилүү мурас - дөөлөт калтырды деп ойлойм.

Катардагы шайлоочулар миллиардер Б. Иванашвилинин командасындагы саясатчы-менежерлерден эмнени күтүшөт? Тележурналист Ирма Сохадзенин сөзүнө караганда, көпчүлүк жаңы бийлик элди кайда айдаса кете берчү мал эмес, ошон үчүн ар бир жаран өкмөттүн өз букарларына тең укуктуу өнөктөш жана эл жалдаган кызматчы катары мамиле жасоосун каалайт:

-Биринчиден, биз бийликтин элге болгон мамилеси ар тараптан жакшырат деген үмүттөбүз. Анткени, эч ким өз элин “мал”, “дөдөй” деп, ар күнү кемсинтпеш керек. Демократ жана өз заманынан озуп жүргөн кырчындай жаш лидерибиз бизди күн сайын кандай эпитеттер, көркөм сөздөр менен сыпаттаганын кайталап айткым да келбейт. Экинчиден, ар бирибиз жаңы өкмөттөн татыктуу жана сый мамилени күтөбүз. Биз эртең эле бардык адамдар жумуш орундары менен камсыз болот, баарыбыз жакшы айлык алып, жамы журт Иванишвилидей миллионер болуп калат деп ойлобойбуз. Бирок профессионалдуу, кесиби бар адамдар көчөдө ачкадан өлбөйт, эртең балдарыбызды кантип багабыз деп коркпой калат деп тилек кылабыз.

Москвадан куттуктоо күткөн миллиардер

Президент Саакашвили тушунда Грузия жетекчилиги Европа Биримдигине жана НАТОго кошулуу максатын расмий түрдө шарданалап, Тблиси-Москва мамилеси катуу солгундап кеткен. Москва 2008-жылкы Грузия-Орусия менен болгон бир апталык согуштан көп өтпөй, Тбилисинин амирин тааныбай келаткан жикчил Түштүк Осетия жана Абхазияны төбөлсүз мамлекет деп тааныган.
Оппозиция лидери Нино Буржанадзе Тбилисидеги демонстрацияда. 25-март 2011
Оппозиция лидери Нино Буржанадзе Тбилисидеги демонстрацияда. 25-март 2011
Орусия менен алаканы жакшыртуу премьер-министр болуу дымагын жашырбаган Бидзина Иванишвилинин милдети экенин, ал да насилинде Саакашвили сыяктуу эле батышчыл экенине Нино Буржанадзе токтолот:

- Биринчиден, Иванишвили дагы Европа менен НАТОго Орусияга караганда көбүрөөк ыктаганын айтууда. Саакашвили болсо Иванишвилинин сөздөрүн бурмалап, аны орусиячыл кылып көрсөтүү үчүн жан алы калбай аракеттенүүдө. Иванишвили нагыз грузин катары нукура грузиячыл саясатчы болот, эч тарапка ыктабайт деген үмүттөмүн. Себеби Батыштын баалуулуктары өтө маанилүү болсо да, аларды Грузиянын улуттук кызыкчылыктарын эске тутуу менен ишке ашыруу зарыл. Орусияга байланыштуу кызыкчылыктарга кайрылсак, мамлекет башына келчү бир да саясатчы түз эле орусиячыл саясат жүргүзө албайт. Анткени, ал баарынан мурда грузиячыл саясат жүргүзүшү абзел. Эгер кайсы бир маселелерде эки тараптын кызыкчылыктары дал келсе, сонун деңизчи. Ал эми дал келбесе, кайсы гана жооптуу саясатчы болбосун, ал биринчи кезекте өз өлкөсү жөнүндө ойлонуш керек. Арийне, Москва менен мамиле бир көз ирмемде же шыр эле жакшы болуп калбайт. Ал үчүн убакыт керек. Иванишвили Орусия менен мамилени оңдогонго ынтыларынан кымындай да күмөн санабайм. Ошол эле мезгилде Орусия тараптан да позитивдүү кадамдар жасалышын тилейт элем. Себеби өз ара алаканын жакшыруусу үчүн эки жактын тең ыкласы болушу лаазим. Мен Москвада Орусиянын жогорку жетекчилери жана мурдакы жетекчилигинин өкүлдөрү менен жолугушканда, алардын чындап эле Грузия менен карым-катнашты оңдоого ниети бар экенин жана кадыресе мамиле күтүүнү каалашканын көрдүм. Ырас, сиз баамдагандай, Саакашвили бийликте турганда жана Саакашвили президент кезде Орусия менен мамиледе реалдуу өзгөрүүлөргө жетишүү абдан татаал.

Нино Буржанадзе айткандай эле Иванашвили шаршемби күнү биринчи расмий сапарын Грузиянын “негизги өнөктөшү жана досу” АКШдан баштаарын кулак какты кылып, Орусия лидерлеринен салттуу куттуктоо албаганын кабарчылардан жашырбады:

- Биз Орусиядан эч кандай куттуктоо албадык. Бизде Орусия менен эч кандай байланышыбыз жок.

2008-жылдагы орус-грузин согушунун 4 жылдыгын Мухатгверди көрүстөнүндө эскерүү иш-чарасы. 08.08.2012
2008-жылдагы орус-грузин согушунун 4 жылдыгын Мухатгверди көрүстөнүндө эскерүү иш-чарасы. 08.08.2012
Орусия премьер-министри Дмитрий Медведев грузин оппозициясынын жеңиши парламентке “бир кыйла конструктивдүү жана жоопкерчиликтүү күчтөрдүн келишине эшик ачат” деп чектелди. Лекин, Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Александр Лукашевич да ушул мааниде билдирүү жасап, Кремль алгачкы кадамды Тбилиси жасашы керек экенине ишаара кылды.

Жэймс Кирчиктин байкашынча, Грузиянын болочок лидери болчу Иванишвили тушунда орус-грузин мамилеси оңолушу мүмкүн. Ошол эле мезгилде Грузия Батыш менен да жакындаша берет:

-Иванишвили бийликке келгенден кийин Орусия менен мамилени кандай жүргүзөрү жөнүндө шайлоо өнөктүгү кезде көп сүйлөгөн жок. Бирок Грузиянын Орусия менен карым-катнашы бара-бара жакшыра баштайт деп ойлойм. Себеби, Иванишвили мырза бизнестеги биринчи ийгилигин Орусияда жасаган жана ал жактагы мүлк-дүйнөсүнүн көбүн акыркы эки айда жакшы баада сатты. Владимир Путиндин ыкласы жок андай иштердин болоору күмөн эле. Ушундан келип, Иванишвилинин жетекчилиги астында Грузия-Орусия алакасы жакшырат деп боолгойм жана Грузиянын НАТО менен Европа Биримдигине кошулуу мүдөөсү да оң чечилип калышы этимал.

Тележурналист Ирма Сохадзе айтышынча, анын мекендештери 56 жаштагы Иванишвилини колунан баары келген "олуя" деп санашпайт. Бирок бардык менежердик тажрыйбасын Ата журту үчүн мурдагыдан да жигердүү иштеп, "кемтикти толуктап, сыныкты түзөйт" деп ишенишет:

-Азыркы президентибиз Саакашвили чиркөө курганын, жаңы жолдорду салганын, полиция жакшы жабдылганын жана башка жасаган иштерин күн сайын элдин эсине салып, айтып жүрөт. Бул иштердин 90 процентин жасаганга Иванишвили ага жардамдашкан. Иванишвили мырза бул иштерди бүткөргөнгө милдеттүү болбосо да жасаган. Эми өкмөткө келип, премьер-министр болсо, жанагы иштерди мурдагыдан да жигердүү жасайт деген аруу тилек менен аны колдодук. Жеке менин эле эмес, жалпы элдин үмүтү акталат деп ишенем.
XS
SM
MD
LG