Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:41

Хамас 24 сааттык элдешүүгө макул болду


Газа -- Израил танктары Газа тилкесин курчап турат, 24-июль.
Газа -- Израил танктары Газа тилкесин курчап турат, 24-июль.

Исламчыл согушкерлер БУУнун кийлигишүүсү менен катар, орозо айтка байланыштуу атышууну убактылуу токтотуп жаткандыгын жарыялашты.

Исламчыл Хамас уюму Газа тилкесиндеги Израил менен согушта ок атышууну 24 саатка токтотууга макул болду. «БУУнун кийлигишүүсүнөн кийин жана биздин элдин абалын эске алуу менен, ошондой эле орозо айтка байланыштуу каршылык көрсөтүү фракциялары жекшемби күнү түштөн кийин саат экиден баштап, 24 сааттык гуманитардык элдешүүгө макулдашышты» деп билдирди уюмдун маалымат катчысы Сами Абу Зухри.

Бул күнү Израил өзүнүн бир тараптуу 24 сааттык элдешүүсүнөн баш тарткан эле. Анын алдында Хамас Израилдин түштүк жана борбордук аймактарын ракетадан аткылаган.

Израил 24 сааттык элдешүүнү Хамаска ишемби күнү сунуш эткен, бирок Газа тилкесин башкарган Хамас аны четке каккан. Натыйжада Израил Газадагы согуштук операциясын кайра уланткан.

Элдешүү үчүн Хамас Израил аскерлерин Газадан алып кетүүсүн, жарандарга үйлөрүнө кайтууга жол берилишин жана жараат алгандардын коопсуз эвакуацияланышын талап кылган.

Израил элдешүүнүн мезгилинде да Хамастын жер алдындагы өткөөлдөрүн жок кылууну улантаарын айткан эле. Мунун алдында Хамас баштапкы 12 сааттык элдешүүнү дагы төрт саатка узартууга каршы болгон.

20 күнгө аяк басып калган согуш аракеттеринде Газада миңден ашык киши набыт кетти. Бириккен улуттардын ЮНИСЕФ агенттиги жаңжалда набыт болгондордун 192си жаш балдар экендигин билдирүүдө.

Укук коргоочулардын айтымында, курмандыктардын 80 пайызы карапайым тургундар болду. Израил тараптан 43 аскер, үч жайкын тургундун өмүрү кыйылды.

Израилдин коопсуздук агенттиктери 26-июнда жолугуп, АКШнын мамкатчысы Жонн Кэрри баштаган эл аралык тынчтык демилгесин сөз кылды. Кэрри анын алдында Парижде европалык жана Жакынкы Чыгыштын тышкы иштер министрлери менен көздөшүп, эки тарапты элдештирүүнүн жолдорун талкуулаган.

Франциянын башкы дипломаты Лорен Фабиус тараптарды гуманитардык элдешүүнүн мөөнөтүн узартууга чакырды:

- Жолугушуу оңдуу болду. Ал бизге Газадагы ок атышууну токтотууга багышталган эл аралык чаралар боюнча орток көз караштарды талкуулоого мүмкүндүк берди. Биз бардык тараптарды гуманитардык элдешүүнү узартууга үндөйбүз, - деди Фабиус Кэрри Британия, Германия, Италия, Катар, Түркиянын тышкы иштер министрлери жана Европа Биримдигинин өкүлдөрү менен жолугушуудан кийин.

Фабиус ошондой эле мүмкүн болушунча тез арада сүйлөшүү жолу менен, Израилдин коопсуздугун, палестиндердин социалдык-экономикалык суроо-талаптарын эске алуу менен узак мезгилдүү элдешүүгө жетишүү керектигин белгиледи.

Франциянын тышкы иштер министри мындан тышкары салгылаштарда карапайым тургундар набыт болуп жатканына терең өкүнүчүн билдирип, элдешүү аракеттерине Батыш жээкти башкарган палестин жетекчилигин да аралаштыруунун зарылдыгын белгиледи.

БУУнун жетекчиси Пан Ги Мундун маалымат катчысы Бан бардык тараптарды жети күндүк элдешүүгө чукул чакыраарын билдирди.

Ал арада ишемби күнү Тел-Авивде миңдеген израил жарандары Израилдин Газа тилкесине каршы өнөктүгүн токтотууну талап кылып, көчөгө чыгышты. Израил бул операциянын максаты - хамасчылардын ракетадан чабуулдарын токтотуп, Хамастын жер алдындагы өткөөлдөрүн жок кылуу экендигин айтууда.

XS
SM
MD
LG