Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:22

Кайсы өлкөнүн жолу жакшы?


Франция. Парижге кетчү А10 кан жолунун боюндагы "Жол кылдат тазаланып жатат" деген жазуу. 20-декабрь 2010
Франция. Парижге кетчү А10 кан жолунун боюндагы "Жол кылдат тазаланып жатат" деген жазуу. 20-декабрь 2010

"Гэллап" институту өткөргөн изилдөөгө караганда, кыргызстандыктардын 36 проценти гана өлкөнүн жолдору канааттандырарлык абалда деп эсептешет.

АКШнын кадыр бактуу "Гэллап" институту 21-августта жарыялаган изилдөөгө караганда, мурдагы Советтер союзунда жашаган адамдардын 36 проценти жолдордун абалын канааттандырарлык деп эсептешет. Жолдордун абалын начар деп санагандар 61 процентти түзөт. Бул жалпы дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн эки эседен да төмөн.

"Гэллап" сурамжылоону 2011-жылы 144 өлкөдө жана аймакта 15 жаштан өйдө курактагы адамдар арасында өткөргөн. Бул сурамжылоо боюнча, азиялыктардын 66 проценти, европалыктардын 61 проценти өлкө ичиндеги жолдордун абалына канааттанышат.

Москванын көчөлөрүнүн биринде эмгектенип жүргөн кыргызстандык мигранттар. Август, 2011
Москванын көчөлөрүнүн биринде эмгектенип жүргөн кыргызстандык мигранттар. Август, 2011
Германия Европанын эң чоң өлкөсү. Өлкөнүн кан жолдору же автобандары Франция, Италия, Испания жана башка Европа мамлекеттеринен айырмаланып бекер. Ага карабай, германиялыктар береги өлкөлөрдүн калкына караганда өз жолдоруна жогору баа беришкен же немистердин 77 проценти жолдор жакшы абалда деген ишенимде.

Михаэл Термер - Лейпциг шаарындагы Prima Trans Gmbh компаниясын жетектейт жана кызматына байланыштуу автомобиль менен көп жүрөт. Термер мырза Германиянын жолдору жакшы абалда экенин айтат:

- Жолдордун абалы мени канааттандырат. Эмне үчүн? Себеби чоң автобандардын жана шаарлар ортолук жолдордун абалы өтө жакшы. Менимче, жолдордун абалына статусуна жараша улуттук өкмөт жана жергиликтүү бийликтер көз салып турса керек. Бир гана проблема болушу мүмкүн. Автобандарда ремонт иштери токтобой эле жүрүп турат. Эч качан токтобойт. Бул автобандардын өзгөчөлүгү.

Михаэл Термердин айтымында, кан жолдор жыл он эки ай оңдолуп жатканына карабай, анын ошол ремонттолуп жаткан бөлүгүнөн автомобилдер эч кандай тоскоолсуз өтө беришет.

- Ремонт иштери эч качан токтобойт. Ошентсе дагы автоунаалар жолдун оңдолуп жатканын бөлүгү аркылуу токтобой каттай берет. Себеби жол багытты көрсөтчү жана башка түрдүү белгилер менен жакшы камсыздалган. Эгер жол жабык болсо, айланып өтчү жолду көрсөткөн белгилер да жетерлик коюлган. Мен мындан эч кандай проблема көрбөйм. Бирок көпчүлүк адамдар ремонт иштери жол жүргөнгө тескери таасир этет дешет.

Термер мырза Германиянын кээ бир шаарларында жана кичинекей кыштактарында жолдордун абалы начар экенин, деген менен жалпы жолдордун абалы аны канааттандырганын белгилей кетти.

А
Бишкектеги кышкы көчө, 19-март 2012
Бишкектеги кышкы көчө, 19-март 2012
​КШнын "Гэллап" институтунун сурамжылоосуна караганда, кыргызстандыктардын 35 проценти же ар бир үчүнчүсү өлкөдөгү кан жолдор менен жергиликтүү жолдордун абалына канааттанганын айтышкан. Ошол эле учурда сурамжылангандардын 65 проценти жолдорду начар, талапка жооп бербейт деп эсептешет. Анын себеби эмнеде?

Бишкек мамлекеттик автоинспекция башкармалыгынын мурдакы зардалы Касымбек Райымкуловдун пикиринче:

- Жолдордун абалынын начардыгы аларга көз салынбагандан, ремонт, оңдоп-түзөөгө, ремонт кылууга мамлекет тараптан өтө начар кам көрүлгөндөн улам болууда. Анткени автоунаа ээлери да жол үчүн салык төлөйбүз, бирок эмне себептен жолдорубуз начар бойдон калууда деп даттанып кайрылышууда. Жолду кармаганга бюджеттен каражат аз бөлүнүүдө деп айтаар элем.

Белгилей кетели, өзбекстандыктардын 35 проценти, түркмөнстандыктардын 41, тажикстандыктардын 49, казакстандыктардын 54 проценти өлкө жолдорун талаптан төмөн абалда деп баалашкан. Экс-советтик республикалардын ичинен эң мыкты жол өлкө калкынын баасы боюнча Грузияда. Грузиялыктардын 69 проценти жолдордун абалы канааттандырарлык деп эсептешсе, 29 проценти тескери пикирде.

Жолдор бекеринен дүйнөнүн кан тамыры деп аталбаса керек. Улуттар Уюму менен Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жүргүзгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, жыл сайын жолдордогу аң-дөңдөрдөн, автоавариянын жана айдоочунун бейкамсыздыгынын кесепетинен миллиондогон адамдар зыян тартат.

XS
SM
MD
LG