Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:52

Жалгыздыктан арылуу дарысын тапкан көсөм


Габриэл Гарсиа Маркес 87 жашка толгон күнү, Мехико шаары, 06.03.2014
Габриэл Гарсиа Маркес 87 жашка толгон күнү, Мехико шаары, 06.03.2014

Cаясат таануучу, тарыхчы жана публицист, илимдин доктору, профессор, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун мурдагы ректору жана ЕККУ Академиясынын мурдагы проректору Аалыбек Акунов чыгаан жазуучу, маркум Габриэл Гарсиа Маркес тууралуу эскерет.

Атамдан, айыл аксакалдарынан мектепке чейинки курагымда, боз бала кезимде уккандарымдын ичинен бүгүнкү күндө эсте калганы, өзгөчө орозо айт, курман айт белгиленген майрам күндөрү айт намаз бүткөндөн баштап үйгө келгендердин аягы кечке чейин үзүлбөй, улам-улам колго суу куюлуп, анан алардын берген – “өмүрлүү бол, көп жаша, аман бол, адам бол!” - деген сыяктуу баталары болду.

Адам бол” деген тилек бөтөнчө көбүрөөк айтылаар эле.

Мектеп бизге арип таанытып, тарбия-таалим, билим берди. Көбүрөөк эсте калганы октябряттык менен кызыл жагоо тагынып пионерликкке өткөнүбүз. Коммунизмди куруучунун моралдык кодексин жатка билип, салтанаттуу түрдө комсомолдун катарына кабыл алынганыбыз баарыбыздын эле эсибиздедир.

Кийинки мезгилдерде райком, обкомдун катчыларынын кылык-жоруктарын өз көзүбүз менен көрүп, аларга карата карапайым эмгекчилердин жаман көрүү сезимдерин туюп-билип турсак дагы, мамлекеттик бийликтин бардык ресурстары социализм менен коммуниздин артыкчылыктуу экендигин мүнөт сайын мээбизге кыт куйгандай куюп турган.

Унуткус болуп эсте калганы биздин сөзгө чебер сүйүктүү делген жазуучуларыбыздын чыныгы коммунист кандай болуш керектигин көркөмдөп жазган чыгармалары болгон. Жада калса турмуш-тиричилик, сүйүү жөнүндөгү чыгармаларды окусаң деле алар да Ленин менен башталып Брежнев менен аяктачу. Аларды эми эч ким деле окубай калды, авторлору деле окугусу келбейт болушу керек.

Жөнөкөй адамдардын жөнөкөй, ошол эле учурда чиеленишкен реалдуу жашоосу, аталарыбыз айткандай ой-тилектери, алардын турмушта дайыма эле аткарыла бербестиги, "атадан алтоо болсоң дагы, ар жалгыздык башта бар" дегендин турмуштагы көрүнүшүн, ж.б. көптөгөн реалдуу жашоонун ар түркүн жагдайларын Габриэл Гарсиа Маркестин (Gabriel José de la Concordia «Gabo» García Márquez) (1928-жылдын 6-марты, Аракатака — 2014-жылдын 17-апрели, Мехико) чыгармаларын окуганда түшүнүп, көзүбүз ачылып дегендей, колдон колго өткөрүп анын китептерин суусап окуганыбызды, кызуу талкуулаганыбызды дайыма эстейбиз, кийин да анын түзгөн образдарын мисал катары айтып жүрдүк да.

“Өзүңдөн башканы сүйбөсөң, тамактын таттуусун катып жесең, сүйгөнүң үчүн керек болсо жаныңды садага чапкандын ордуна өзүңдүн жеке пайдаңды биринчи орунга койсоң, тууганчылык, досчулук, жолдошчулук, адамкерчилик кийинки орундарга жылдырылып, эгоизм, караөзгөйлүк, ачкөздүк туу көтөрүлсө, анда сени дайыма жандап жүргөн, артыңан калбай ээрчип жүргөн, жаныңдай көргөн жан жолдошуң жалгыздык болот”, - дейт Г. Маркес өз чыгармаларында.

Эгер сен ошондой болсоң, анда жалгызсың. Кытайда, Индияда же бир чоң шаарда жашасаң деле жалгызсың. Бир туугандарың көп болсо деле жалгызсың. Аялың же күйөөң болсо деле жалгызсың, балдарың болсо да жалгызсың. Лениндик сыйлыктын лауреаты болсоң да, Эл акыны наамын алсаң да, академик болсоң да жалгыздыктан кутула албайсың. "Мыктылар үчүн деген ооруканага" ("Спецбольница") жатсаң да, Барвихага же Фороско барып эс алсаң да, профессор Мамакеев өзү операция кылса да, жалгыздык оорусунан айыга албайсың.

Мындан бир нече жыл мурун гезит беттерине Гарсиа Маркестин өзү сүйгөн, өзүн сүйгөн бүткүл дүйнөдөгү окуучуларына өлөр алдындагы акыркы каты жарыя кылынган. Сыягы, улуу жазуучу ошондо катуу ооруса керек, “үлгүрбөй каламбы” деп шашса керек, өмүрүндөгү тапкан негизги акылды, чыныгы тилекти, жалгыздыктан кутулуунун дарысын, сыйкырлуу сырын адамзатка айтып калайын десе керек.

Алакандай каттын биринчи сөзүнөн акыркысына чейин, анын өзөгүн түзгөн сыйкырлуу сөз - сүйүү сөзү.

“Сүйө билгиле, тартынбай сүйгүлө, берилип сүйгүлө, тынбай сүйгүлө, карысаңар да сүйгүлө... ошондо жалгыздыкты жеңесиңер, ошондо эч качан жалгыз калбайсыңар. Сүйгөн адам тоо башында же бир кокту-колотто жүрсө да жалгыз эмес. Сүйгөн адам жалгыз жүрсө да жалгыз эмес...”

Бизге сүйүүнү үйрөткөн, жашоону, адамкерчиликти үйрөткөн, улуу адам деле жөнөкөй болоорун өз жашоосу менен көрсөткөн, чыгармаларын биз сүйүп окуган, жердин аркы бетинде жашаган Гарсиа Маркес 2014-жылы 17-апрелде (Бишкек убактысы менен – 18-апрелде) 87 жаш курагында дүйнө салды.

Ал сүрөттөгөндөй, ал тилек кылгандай, ал өз катында жазгандай чыныгы, таза, назик сүйүүгө сугарыла өмүр сүрүп жаткан замандаштарыбыз бар.

Улуу жазуучунун чакырыгы жерде калбайт, баарыбыздын жашагыбыз келет, ал бизге жашоонун реалдуу, сыйкырлуу формуласын түзүп берген...

Атамдын, айыл аксакалдарынын бизге, балдарына, неберелерине дайыма айтып келген “аман болгула, адам болгула” деген тилектерин, алардын бардык адамдар сыяктуу эле чыныгы жашоосун реалдуу түрдө өз чыгармаларында жазып, дүйнөгө даңазалаган Маркести биз унутпайбыз, дайыма эстеп жүрөбүз.

Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун, биздин Габриэл Гарсиа Маркес!






Аалыбек Акунов.
Бишкек шаары, Кыргызстан.
XS
SM
MD
LG