Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:28

Шинжаңда акысыз окуунун артыкчылыгы


Кытай студенттерине космостогу учкуч жандуу лекция окуп жатат.
Кытай студенттерине космостогу учкуч жандуу лекция окуп жатат.

Кытайдын Шинжаң уйгур автономиялуу облусу жакын жашаган өлкөлөрдүн атуулдары үчүн жогорку окуу жайларда акысыз билим алуу программасын жарыялады.

Бул программа бир нече университеттерди камтыйт жана ага өткөн студенттерди Шинжаң бийлиги бекер окутат.

Аталган программа үч баскычтуу. Биринчиси - төрт же беш жылдык бакалавриат, экинчиси - үч жылдык магистратура, үчүнчүсү - бир жылдык академиялык изилдөө иши. Ага Кытай мамлекетинин жараны болбогон бардык чет элдиктер катышып, документтерин 2015-жылдын август айына чейин тапшыра алат. Кытай бийлиги программага өткөн чет элдиктердин бардык жол киресин, жатакана акысын, окуу төлөмдөрү менен китеп, дептер, тамак-ашын толугу менен камсыздап берет.

Программа өз ичине төмөнкү жогорку окуу жайларды камтыйт: Шинжаң университети, Шинжаң медициналык университети, Шинжаң айыл чарба университети, Шинжаң экономика жана финансы университети, Шинжаң көркөм өнөр университети жана Чангцзи университети.

Тапшыруу шарттары

Абитуриент чет мамлекеттин атуулу болушу керек жана саламаттыгы жакшы экенин тастыктаган маалымдама талап кылынат. Ошондой эле Кытайда акысыз окугусу келген докторанттардын жашы кырктан өтпөшү керек. Магистратурада жаш өлчөм 35, бакалавриатка 25тен улуулар тапшыра алышпайт. Кытай тилин мурда өздөштүрүп, Шинжаңдан магистратурасын же докторантурасын уланткысы келгендер да жашы 35тен ашпоого тийиш.

Шинжаң мамлекеттик грантын жеңип алып, окууга баргандар бир жыл тилдик жана маданий даярдык курстарынан өтүшөт. Негизинен окуу эки тилде - англисче жана кытайча болот. Андыктан Кытайда окусу келгендер англис тилин мыкты билиши керек, ошондой эле кытай тилин билгени тууралуу Кытай билим берүү министрлиги талап кылган HSK сертификаты болушу керек.

Азыр Бишкекте Конфуций институту тарабынан жылына ондогон студенттер Кытайга акысыз билим алууга жиберилип жатат.

Кытайда билимге умтулгандар көп

Үрүмчүдөгү Шинжаң педагогикалык университетинен ушундай акысыз грант менен төрт жыл билим алган Барча Бектурганованын айтымында, Кытайда окуган студенттер үчүн жакшы шарттар түзүлгөн:

- Кытайда билим алуу үчүн жакшы шарттар түзүлгөн. Мен Конфуций институту тарабынан барып, төрт жыл окуп келдим. Эгерде англис тилин мыкты билип, HSK сынак жыйынтыгы жакшы болсо дароо жакшы факультеттерге өтө алышат. Стипендиясы да жашоого жетишерлик. Студенттер эртеден кечке окуу менен гана алек болгондуктан, башка иштеп акча тапканга убактысы жок болот. Анан ошого жараша студенттерди мамлекет да жакшы каржылайт. Ошондуктан алардын иштөөгө зарылчылыгы деле жок. Бизде иштеп акча табайын деген студенттер көп го. Кытайда болсо баары окууга гана берилип, билимдин артынан түшкөн.

Талап кылынган документтер

Кытай бийлиги тарабынан докторантурада окугандар үчүн айлык 1500 юань, магистратурадагыларга 1200 юань жана бакалавр даражасы боюнча билим алгандарга миң юандан стипендия берилет. Бул болжол менен 250-200 АКШ долларынын тегерегиндеги акча.

Эми талап кылынган документтерге токтолсок:

1. Шинжаң уйгур автономиялуу облусунун мамлекеттик программасына тапшыруу үчүн атайын толтурулган форманын түп нускасы же көчүрмөсү, бул JW202-форма деп аталат. Аны элчиликтен же Бишкектеги Конфуций институтунан алса болот. Ал орус, англис, кытай тилинде толтурулат.

2. Жогорку, орто окуу жайын бүтүргөндүгү тууралуу күбөлүк. Баалары менен англис, кытай же орус тилиндеги нотариус тарабынан күбөлөндүргөн котормосу.

3. HSK деп аталган чет элдиктер үчүн кытай тилин билүү даражасын көрсөткөн сертификат.

4. Кытайда окуу планын, максатын билдирген негиздеме кат (300 сөздөн ашпоого тийиш)

5. Кытай же англис тилиндеги эки сунуштоочу кат (муну мектеп директору же университеттеги мугалимдерден алса болот).

6. Музыка, көркөм өнөр тармагына тапшыргандар СДге жазылган бир чыгармасын же сүрөт тармагындагылар эки эмгегин жибериши керек.

7. Чет элдиктер үчүн саламаттыгын текшерген атайын форма, муну Кытайдын Карантин департаментинен алты айлык мөөнөткө ала алышат.

Быйыл Кытайга акысыз билим алуу үчүн ушул документтерди август чейин тапшыруу мүмкүнчүлүгү бар.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG