Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:08

Ачууланган Анкара Париждеги элчисин чакыртып алды


Француз парламентинин алдына чогулган түрктөрдүн нааразылык акциясы. Париж, 22-декабрь, 2011.
Француз парламентинин алдына чогулган түрктөрдүн нааразылык акциясы. Париж, 22-декабрь, 2011.

Франция парламентинин төмөнкү палатасы Осмон түрктөрү тушундагы армяндар кыргынын геноцид деп тааныбагандарды кылмыш жообуна тартуу тууралуу мыйзам долбоорду жактырды. Ушул эле күнү Түркия Париждеги элчисин чакыртып алды.

Бейшембиде Парижде француз парламентинин имараты алдында чогулган миңдеген түрктөр бул мыйзам долбоордун кабыл алынышын ызы-чуу салып, терең нааразылык менен тосуп алышты. Мыйзамдын демилгечиси, француз парламентинин мүчөсү Валери Бойе документтин маанисине токтолуп: “Франциянын мыйзамдары тарабынан 1915-жылкы армяндар кыргыны геноцид катары таанылган. Ал кылмыштарды четке каккандар, же мазактагандар сөзсүз жоопко тартылышы керек”, - деп басым жасады.

Жаңы мыйзам күчүнө кириш үчүн ал эми француз парламентинин жогорку палатасы – Сенатта кабыл алынып, президент Николя Саркози кол коюшу керек. Байкоочулар мыйзамды Сенатта өткөрүү анча кыйын болбоорун айтышат. Күчүнө кирип калса, Франция тарабынан расмий түрдө геноцид деп таанылган кылмыштарды танган тарап бир жылга чейин түрмөгө кесилип, же 58 миң долларлык айыпка тартылат. Мындан он жыл мурда эле Франция биринчи дүйнөлүк согуш маалында осмон түрктөрү миллиондон ашуун армянды кырган деп, аны геноцид, же “тукум курут саясаты” деп атаган. Француздар андан башка Руандада 1994-жылы жергиликтүү тутси жана хуту урууларынын кыргынын, экинчи дүйнөлүк согуш маалында жөөттөр менен сыгандардын массалык жок кылынганын да геноцид катары тааныган.

Эмнеси болсо да, Түркия бул мыйзамга терең каршылыгын билдирип, ушул эле күнү Париждеги элчисин кайтарып алды. Анкара эгерде мындай мыйзам кабыл алынса, Францияга каршы дипломатиялык жана экономикалык санкциялар кабыл алаарын эскерткен эле. Стамбулдук белгилүү журналист Семих Идиз Түркиядагы атомдук станцияларга, темир жол жана башка байланыш тармагына стратегиялык инвестиция салган чоң француз компаниялары зыян тартып калышы мүмкүн экенин айтат.

Анкаранын мурдагы элчиси Мурат Билхан эки өлкө ортосундагы бир топ байланыштар токтоп калаарын белгилеп: “Түркия менен Франция ортосундагы маанилүү сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учурайт. Ушу тапта опурталдуу жагдай түзүлгөн Сирия, же Жакынкы Чыгыштагы башка маселелер боюнча Түркия мындан ары Франция менен кызматташпайт”, - деп чечмелейт.

Батыштык тарыхчылардын көбү биринчи дүйнөлүк согуш маалында Осмон түрктөрүнүн жетекчилери бир жарым миллиондой армянды жок кылууга жол берген деп эсептешет. Түркия мындай маалыматты четке кагып, андагы кырчылдашкан касташуудан миңдеген түрк мусулмандары да өлгөнүн жүйөө келтирет. Анкара бул маселени саясатчылар эмес, тарыхчылар такташы керектигине басым жасайт. Бейшембиде Түркиянын премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган адегенде Франция менен аскердик кызматташтык токтотулуп, андан кийин француз учактары менен кемелеринин Түркия аймагында токтошуна тыюу салынаарын жарыялады.

Түркиялык армяндардын өкүлдөрү жаңы мыйзам аларга да көлөкөсүн тийгизээрин эскертип, түрк өкмөтүн документке өтө катаал мамиле жасабоого үндөштү. Анткен менен, бул мыйзам долбооруна чейин эле Франциянын президенти Николя Саркози Түркиянын Евробиримдикке кошулуу аракетине каршы чыгып, эки өлкө ортосундагы мамилелерди кыйла салкындаткан.

Андан улам Анкарада айтылган ачуу сын пикирдин көбү дал Саркозинин өзүнө багытталды. Маселен, Түркиянын өкмөт башчысы “Саркози жаңы мыйзам долбоору күчүнө кирсе, эмдиги жылкы президенттик шайлоодо ага жардам берет деп жандалбастап жатканын” айыптады. Францияда 500 миңдей армян калкы жашайт, алардын добушу чынында президенттик шайлоодо огожо болуп бериши ажеп эмес.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG